Линктер

ишемби, 24-февраль, 2018 Бишкек убактысы 00:30

Терроризмге шектелген Акиловдун соту башталды


Стокгольмдогу терактка шектелген Рахмат Акилов (сүрөттү швед прокуратурасы берген)

Швециядан башпаанек сураган 39 жаштагы өзбекстандык жаран былтыр апрель айында Стокгольмдо террордук чабуул койгон деп айыпталууда. Анын соту шейшембиде башталды. Швециянын тарыхындагы эң кандуу кол салууда беш киши каза таап, 15тей адам жарадар болгон.

Былтыр 7-апрелде Рахмат Акилов жүк ташыган машинени уурдап айдай качып, Cтокгольмдун чоң көчөсүндө жүргөндөрдү тебелеткен. Бул Швециянын тарыхындагы эң кандуу чабуулда беш киши каза таап, 15тей адам жарадар болгон.

Өзбекстандан барган 39 жаштагы мыйзамсыз мигрантка “терроризм жана терроризм аракети” деген беренелер боюнча айып тагылды. Сот өкүмү июнь айында чыгат. Ага чейин швед бийликтери Акиловго карасантайлык менен бүлгүн салууга эмне түрткү бергенин териштирет.

20-февралда сотто айыпталуучуга сөз берилет.

10 айга чукул созулган иликтөө тогуз миң барактан турат. Анда Рахмат Акиловдун чабуулга чейин, анын маалында жана андан кийинки бардык кыймыл аракети майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлгөн.

Швециянын атайын кызматтарынын маалыматына караганда өзбекстандык жаран чабуулга жалгыз даярданган эмес. Тергөөнүн версиясы боюнча Акилов кандуу чабуулга тиешеси бар бир нече киши менен байланышта болгон. Алардын бирөө гана Швецияда, калганы чет өлкөлөрдө болгон. Бирок алардын аты-жөнү тергөөдө айтылбайт.

Рахмат Акилов Стокгольмдо кол салууга чейин, 7.04.2017
Рахмат Акилов Стокгольмдо кол салууга чейин, 7.04.2017

Швециянын Коопсуздук кызматынын башчысы Йохан Олссон алардын тек-жайын аныктоо кыйын экенин мойнуна алат. ​"Бирок биздин колдогу маалыматка таянып, алардын ким, кайда экенин тактай албай жатабыз” - дейт швед бийлигинин өкүлү.

Акилов такай кат-кабар алышып тургандар
Акилов такай кат-кабар алышып тургандар

Швед полициясы Акиловдун мобилдик телефонундагы Zello жана Telegкam тиркемелерин карап отуруп, анын “террордук чабуулга тиешеси” бар делген адамдар менен такай байланышта болгон деген тыянак чыгарган.

Акиловдун "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү деп шектелгендер менен жазышкан каты
Акиловдун "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү деп шектелгендер менен жазышкан каты

Акилов "Абу Умарга" теракттан кийин сүрөт жиберүүгө үлгүргөн. Тергөөчүлөр Абу Умар же Абу Умар Тагутшикан (Таджикский) деген ат менен жүргөн киши 26 жаштагы Фархад Хасанов болушу мүмкүн деп боолголошот. Акилов аны менен 2015-жылдан тарта байланышта болгон, алар тажик тилинде жазышкан.

“10 кишини өлтүрдүм, дагы бир нечеси жарадар. Кийим-кечем өрттөндү” – деп Акилов кол салуудан кийин дароо Zello аркылуу “жетекчисине” кат жиберген. Ал маалда полиция кол салуудан канча киши өлгөнүн так айта элек болчу.

Акиловдун "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү деп шектелгендер менен жазышкан каты
Акиловдун "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрү деп шектелгендер менен жазышкан каты

“Ислам мамлекети” террордук тобу 7-апрелдеги чабуулду мойнуна алган эмес.

Швецияда тергөө абагында отурган Акилов күнөөсү далилденсе өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн. Курулушта иштеген өзбек мигрант Стокгольмдогу чабуулдан бир нече саат өткөн соң кармалган. Кийинки күнү күнөөсүн мойнуна алганын швед полициясы билдирген.

Адвокат Йохан Эриксон Акилов “террордук чабуул койгонун мойнуна аларын” жана “жазага тартыларын”, өмүр бою эркинен ажыратылбаса, Швециядан чыгарыларын билерин айтты. Ошондой эле ал чабуулдан өзү аман калам деп ойлогон эмес экен.

Акилов Стокгольмдун чеке белиндеги жашыруун мечитке барып жүргөн. Аны тааныган мекендештеринин бири аты-жөнүн жашырып, үнүн өзгөртүп “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берүүгө макул болду.

"Мен ал күнү Стокгольмдун сыртында өзбекстандык жигиттер менен иштеп жаткам. Биз курулушта иштечүбүз. Шаардагы метро жана поезддер токтоп, адамдар жөө жөнөштү. Ага улай эле шаарда террордук чабуул болгонун билдик. Анан дароо эле менин көз алдыма эмнегедир Рахмат Акиловдун элеси тартылды. Мен анын радикалдык идеяларын билчүмүн, бир нече жолу талашып тартышканбыз. Алтургай мени азгырууга аракеттенген. Ал өзү кайда баратканын аңдачу эмес..."

Улуту тажик Акилов Швецияга 2014-жылы саясий башпаанек сурап барган. 2016-жылы швед бийлиги анын өтүнүчүн канааттандырган эмес. 2016-жылы 16-декабрда Швециянын миграция кызматы өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө ага төрт жума берген. Акилов кайда экенин билгизбей жашынгандан кийин миграция кызматы анын ишин полицияга өткөргөн.

"Азаттык" радиосунун тажик, өзбек кызматтары менен швед журналисттери жүргүзгөн иликтөөдө Рахмат Акилов “Ислам мамлекети” экстремисттик тобундагы тажик согушкерлери менен такай байланышта болгону аныкталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG