Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Трамп: Сирияга сокку урулушу да, урулбашы да ыктымал


АКШ президенти Трамп.
АКШ президенти Трамп.

Президент Дональд Трамп Дума шаарындагы ыктымал химиялык чабуул боюнча АКШ Сирияга качан ракеталык сокку урарын аныктай элек.

Трамп бүгүн “Твиттердеги” баракчасына “Сирияга сокку качан урулаарын эч убакта айткан эмесмин, ал абдан жакын арада болушу мүмкүн же такыр эле жакында эмес”,- деп жазды Трамп.

АКШ президентинин бул сөздөрү Батыш лидерлери Сириянын козголоңчулар ээлеп турган шаарчасындагы химиялык чабуул деп болжолдонгон окуядан кийин аба соккуларына даярданып жаткандай көрүнгөн учурда айтылды.

Трамп буга чейин 24-48 саат ичинде 7-апрелде Сириянын Дума шаарындагы болжолдуу химиялык чабуулга каршы жооп иретинде чара көрөрүн айткан. Ошондон кийин "АКШ президентинин кадамдары кандай болот?" деп дүйнө өлкөлөрү көз салып жаткан.

Ага чейин Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Дональд Трамптын колунда аскердик эле эмес, башка да варианттар бар экенин жана акыркы чечим кабыл алына электигин билдирген:

- Президент мөөнөт койгон эмес. Анын үстөлүндө башка да варианттар бар. Биз алардын айрымдарын карап жатабыз жана акыркы чечим кабыл алына элек.

Сириядагы оппозициячыл активисттер менен куткаруучулардын айтымында, 7-апрелдеги химиялык чабуул катары сыпатталган окуядан кеминде 40 кишинин өмүрү кыйылган. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Сара Сандерс Сириянын Дума шаарында колдонулганы кеп болгон химиялык сокку үчүн Орусия да жоопкер экенин кошумчалады:

Сара Сандерс.
Сара Сандерс.

- Алар "Сирияда химиялык курал колдонулбайт" деп кепилдик берген. Мындан тышкары БУУнун алты резолюциясына вето коюп, Асадды коргогонго жардам кылышты. Ошондуктан алар бул жерде кайсы бир деңгээлде жоопкер жана жараяндын чабал катышуучусу болду.

Буга чейин Москва менен Дамаск Дума шаарында химиялык чабуул болгонун четке кагып, "Сириянын бийлигине каршы багытталган кандай гана ракеталык сокку болбосун, дал ошондой жооп кайтарылат" деп эскертишкен. Орусиянын Ливандагы элчиси америкалык ракеталарды атып түшүрүүгө жана алар учурулган жерди тыптыйпыл кылууга даярдыгын айткан.

Трамп да "Орусия, даярдан, ракеталар учуп баратат, алар жаңы жана акылдуу» - деп "Твиттерге" жазган эле. Ал "Адамдарды газ менен өлтүрүп, андан ырахат алган "айбандар" менен өнөктөш болууга мүмкүн эмес" деп Москванын Сирия бийлигин колдоп жатканын сындаган.

Думаны Асаддын күчтөрү ээледи

Ал арада Орусия менен Сирия "химиялык чабуул болду" деп кабарланган Дума шаарын өкмөттүк күчтөр толугу менен каратканын жарыялашты. Бул шаар бир канча жылдан бери оппозициянын колунда болчу жана анын акыркы таянычы катары эсептелчү.

Дума шаары.
Дума шаары.

Орусиянын Башкы штабынын өкүлү, генерал-лейтенант Виктор Познихир "Дума шаарында химиялык чабуул болгону далиденген жок" деп билдирди:

- "Ак каскачандардын" видеолорунда көрсөтүлгөн аймактарды, медициналык жайларды текшерип, оорукананын кызматкерлерин, бейтаптарды сураганда эч кандай ууландыруучу кооптуу заттар жана бул шаардын тургундарынын арасында курмандыктар табылган жок.

Сабырдуулукка үндөгөн чакырыктар

Ал эми Сириядагы жаңжалда куралдуу соккудан оолак болуу чакырыктары АКШнын өзүнөн да, эл аралык коомчулуктан да айтылды. БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн жана вето коюуга укугу бар өлкөлөрдүн – Улуу Британиянын, Кытайдын, Орусиянын, АКШнын жана Франциянын элчилери менен Сириянын тегерегиндеги кырдаалды талкуулады. Ал Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү "Сирияда химиялык курал колдонулду" деген маалымат боюнча орток пикир таба албаганына өкүнүп жатканын билдирген. Гутерреш ошондой эле “кырдаалдын колдон чыгып кетишине жол бербеш керек экенин” айткан.

Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйынга 12-апрелде да чогулат.
Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча жыйынга 12-апрелде да чогулат.

12-апрелде БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын тегерегиндеги кырдаалды дагы талкуулаганы жатат. Эки күн мурдагы жыйында алар кепке келе алган эмес.

АКШнын 1977-1981-жылдардагы президенти, 93 жаштагы Жимми Картер да Трампты Сирияга, Түндүк Кореяга жана Орусияга карата аскердик чара көрүүдөн баш тартууга чакырды. Ал кандай гана согуш болбосун “жаман иш” экенин айтып, өзөктүк куралы бар эки өлкө катышкан жаңжал бардык адамдар үчүн катастрофа болорун эскерткен.

​Мурдараак британ премьер-министри Тереза Мэй Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшүп, Сирияда газ чабуулу болгонун бышыктаган далилдер берилсе, Лондон сокку урууга катышарын билдирген.

"Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" уюму Сирияда өкмөттүк күчтөр өлкө боюнча негизги аэропортторду жана аскердик базаларды бошотуп жатканын кабарлаган. Ошондой эле “Рейтер” агенттиги Сириянын бийлиги болжолдуу ракеталык соккудан зыян тартпаш үчүн кээ бир аба базаларын жылдырып жатканын жазды.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү жана Ирандын Сакчылар корпусунун отряддары "АКШ ракета менен сокку урушу ыктымал" деп жогорку даярдыкта турушканы да айтылган.

11-апрелде Ирандын жогорку лидеринин башкы кеңешчиси Али Акбар Велаяти “Тегеран Сирияга каршы багытталган кандай гана агрессия болсун ага каршы турат" деп билдирди. Иран - Сирия президенти Башар Асаддан негизги өнөктөшү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG