Сириянын финансылык борбору Алеппо шаарында бүгүн да өкмөттүк аскерлер куралчан оппозицияга каршы кеңири чабуулун улантып жатат. Өкмөттөн билдиришкендей, алар азыр шаардын түштүк-батышындагы Салахеддин районун кайрадан ээлешти.
“Рейтер” маалымат агенттиги козголоңчулар дале шаардын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөп турушканын, ал арада президент Башар ал-Асаддын режими козголоңчуларга каршы абадан согуш тик учактарын колдонуп жатканын кабарлады.
"Табытка мык"
Жакынкы Чыгышка беш күндүк сапарын баштап жаткан жеринен АКШнын коргоо министри Леон Панетта Сириядагы кырдаал тууралуу: "Алеппо Асаддын режими өз элине каршы жасап жаткан сокур зомбулуктун трагедиялуу мисалы деп ойлойм, - деди. - Эгерде расмий Дамаск өз элин минтип кырганды токтотпосо, бул президент Асаддын табытына кагылчу мык болуп калат. Мунун өзү - Асаддын режиминин мөөнөтү бүтүп баратканынын айкын мисалы".
Туниске бараткан жеринен сүйлөп жатып, Панетта соңку күндөрдөгү окуялар бул режим кулайбы-жокпу деген суроо маанисин жоготконун, азыр ал качан кулай турганы жөнүндө гана маселе турганын көрсөтүп жатат деди.
Анткен менен Сириянын президенти Башар ал-Асаддын режими бул шаарга толук көзөмөл жакынкы аралыкта орнотулаарына ишенээрин билдирип жатат.
Жекшембиде Тегеранга алдын ала жарыяланбаган сапары учурунда Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем “козголоңчулар сөзсүз жеңилет” деп билдирди. “Дамаскиде бир аптага созулбаган урушта алар жеңилип калышты, эми Алепподо да алар сөзсүз утулат деп ишендире алам”, - деди министр.
Акыркы эки аптада Асаддын күчтөрү Дамаск менен Алеппо шаарларында оппозицияга каршы акыркы 16 айдан берки эң күчтүү соккуну урганга аракет кылып жатышат. Анткени соңку апталарда оппозиция да өкмөттүк аскерлерге каршы күрөшүн күчөткөн. Андан сырткары, 18-июлда президенттин чукул жыйынындагы жардырууда өкмөттүн коопсуздук боюнча жогорку даражадагы төрт жетекчиси курман болгон эле. Андан бери өкмөттүк аскерлер Дамаскиге кайрадан көзөмөлүн орнотушту.
Гуманитардык абал оор
БУУнун эсебинде, соңку күндөрү Алепподогу согуштан качкан 200 миңдей киши башка жактарга чыгып кеткен. Канчасы азыр атышуулардан кача албай үйлөлөрүндө жашырынып жатканы белгисиз. Улуттар уюмунун гуманитардык иштер боюнча жетекчиси Валерие Амос элге азыр суу менен нан жетпей жатканын айтты.
Алепполук тургундардын бири кечээ “Рейтер” агенттигине сүйлөп жатып: "Биз жети күндөн бери бир сындырым нансыз отурабыз. Керек болсо жаш балдарыбызга да жедире турган тамагыбыз жок", - деди.
Тургундардын дагы бири урушта жайкын элге да ок атылып жатканын айтты. "Алепподо абал азыр өтө оор. Алар бизге ачык эле туш тараптан ок чыгарып жатышат. Бизде коргоно турган эч нерсебиз жок", - деди атын атабаган тургун.
Алепполук активисттер журналисттерге сүйлөп жатып, өткөн түнү шаарда атылган октун үнү бир да тынбаганын, бул эң оор түндөрдөн болгонун айтышты.