Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Сирияда уруш кайра тутанды


Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Акыркы күндөрү Сирияда кагылышуулар кайра жанданды. Өзгөчө акыркы суткада курман болгондордун саны кескин өстү. БУУ элдешүүнүн элдир-селдир эле күчү калганын айтып, Орусия менен АКШны чара көрүүгө чакырды.

Өткөн түнү Алепподогу ооруканага абадан сокку урулуп, кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Анын 14ү бейтап болсо үчөө бала, калганы медицина кызматкерлери экенин "Чек арасыз дарыгерлер" уюму кабарлады. Сокку урулган чөлкөм козголоңчулардын көзөмөлүндө болчу.

22-апрелде Алепподо Сирия президенти Башар Асаддын Орусия колдогон күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда уруш кайра жанданган. Ошондон бери өлгөндөрдүн саны 133кө жеткени кабарланууда.

Бул арада Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистура акыркы эки суткада Сирияда ар бир 25 мүнөттө бир киши өлүп, ар 13 мүнөт сайын бирөө жаракат алып жатканын эсептеди. Ал элдир-селдир күчү калган элдешүү тагдыры коркунучта экенин, ошон үчүн кепке келишүү боюнча аракеттер көрүлөрүн айтты:

- Сүйлөшүүлөр дагы болот. Анткени биз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Бирок, ачык айталы, ок атышуу режими февраль, марттагыдай иштегенде гана сүйлөшүү акылга сыярлык. Ошондуктан Орусия менен АКШны жогорку деңгээлде чара көрүүгө чакырам.

Сириядагы ок атышууну токтотуу режими февралда АКШ-Орусия демилгеси менен ишке ашкан. Ошондон кийин Улуттар Уюму беш жылдан берки согуш эсесин тарткан элге гуманитардык жардам жеткирип, аны көбөйтө баштаган.

Акыркы эсептер боюнча Сириядагы кагылыштан кеминде чейрек миллиондой адам өлүп, миллиондогон адамдар кооптуу аймактардагы турагын таштап кетүүгө аргасыз болушту.

XS
SM
MD
LG