Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

АКШ Сирияга кошумча күч жиберет


Британия, АКШ, Франция, Германия, Италия жетекчилери.
Британия, АКШ, Франция, Германия, Италия жетекчилери.

АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү максатында кошумча күч катары Сирияга атайын даярдыктагы кошумча 250 аскерин жиберет. Бул тууралуу президент Барак Обама кечээ Германиядагы сапарынын соңунда билдирди.

АКШ президенти Барак Обама Германиянын Ганновер шаарындагы сөзүндө Европа өлкөлөрүн “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы коалицияга кошуп жаткан салымын дагы да күчөтүүгө чакырды.

- Учурда “Ислам мамлекети” террордук тобу биздин өлкөлөр үчүн актуалдуу коркунуч туудуруп жатканы белгилүү. Дал ушул себептен биз Сирия менен Ирактын аймактарын ээлеп алган бул топту жок кылуу үчүн бирге аракеттенүүдөбүз жана НАТОдогу шериктеш бардык 28 өлкө ага же аба операцияларын колдоо, же Ирактагы жергиликтүү күчтөрдү машыктыруу, же зарыл болгон гуманитардык жардам көрсөтүү аркылуу өз салымын кошууда. Биз жеңишке жетүү, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерин ээлеп алган аймактардан сүрүп чыгаруу үчүн бул аракетибизди уланта беребиз, - деген Обама күрөштө АКШ жалгыз өзү жеңе албасын, анда Европадагы союздаштарына таянарын, жалпы коопсуздукту камсыздоодо күчтүү Европа өз үлүшүн алышы керектигин белгиледи.

Президент Обама ошондой эле АКШ Сириядагы аскер контингентин кеңейтерин да жарыялады:

- “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөштө Ирак күчтөрүн колдоо үчүн кошумча күч жиберүүнү бекиткен соң мен аталган топко каршы күрөшүп жаткан Сирия аскерлерине жардам берген АКШ күчтөрүн да чыңдоону чечтим. Американын аз сандагы атайын даярдыктагы аскерлери буга чейин эле Сириядагы операцияларга катышып жаткан жана алардын тажрыйбасы жергиликтүү күчтөр террорчуларды негизги аймактардан сүрүп чыгарууда чечүүчү мааниге ээ болду. Ушул ийгиликти эске алуу менен Сирияга дагы 250дөй кошумча аскер жиберүү чечимин кабыл алдым. Алар жер үстүндөгү согушка түздөн түз катышпайт, бирок жергиликтүү күчтөрдү машыктырып, даярдоо менен колдоо көрсөтөт.

Учурда Сирияда АКШнын атайын даярдыктагы 50 чакты аскери бар. Эми дагы 250 аскер кошулса, алардын саны кыйла көбөйөт. Өткөн жумада Пентагон “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкө колдоо көрсөтүү үчүн Иракка кошумча 200дөй аскери менен Apache деп аталган бир канча тик учак жөнөтөрүн жарыялаган.

АКШ президенти Ганноверде Германия, Британия, Франция жана Италия лидерлери менен жолугуп, анда тараптар быйыл июлда Варшавада өтө турган НАТО саммитинин күн тартибиндеги маселелер тууралуу сүйлөштү. Өзүн “Ислам мамлекети” атаган террордук топко каршы күрөштөгү кызматташтыктын натыйжалуугун арттыруу жолдору да талкууланды.

АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөр Ирак менен Сирияда аталган топко каршы негизинен аба соккуларын урууда.

Германияга келер алдында Британияда иш сапары менен болгон Обама Би-Би-Сидеги маегинде: “Сирияга кургактагы аскерлерди жиберүү АКШ же Британия үчүн жаңылыштык болмок. Мындай жол менен Башар Асаддын бийлигин кулатуу туура эмес болуп калмак”, - деп айтты.

Өзүн “Ислам мамлекети” атаган радикал топ 2013-жылы Сириянын Ракка шаарында негизделип, халифат орнотууну жарыялаган. Көп өтпөй топтун согушкерлери Сирия менен Ирактын бир канча аймагын басып алган. Бирок өткөн жумада соңку бир жыл ичинде террордук топтун кирешеси 30 пайыздай азайып, ээлеп алган аймагынын 20 пайызынан кол жууганы, катары да улам суюулуп, күндөн-күнгө алсырап баратканы жарыяланган.

Бул топту дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да террордук уюм катары таанып, ишмердигине тыюу салган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG