Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Сирия: Толкундоого тосмо барбы?


Башар ал -Ассад атасынын авторитардык саясатын улантып келүүдө.
Башар ал -Ассад атасынын авторитардык саясатын улантып келүүдө.

Сириялык активисттер Facebook, Twitter өңдүү сайттарда араб дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй “Кыжырдануу күнүн” бүгүн жана эртең өткөрүүгө чакырууда. Үстүртөдөн караганда, Сирия араб дүйнөсүн каптаган акыркы толкундоолордон обочодо калгандай сезилет. Мунун кандай себептери бар?

Батыштын таасиринен сыртта турган, АКШ менен алакасы жок, Израиль менен техникалык жактан азыр да согуш абалында деп эсептелген Сирияга деле коңшуларынын эн белгилери таандык: калкы салыштырмалуу жакыр, өкмөтү репрессиячыл, демократиянын карааны көрүнбөйт.

Азыркы президент Башар ал-Ассад бийликти 2000-жылы ага дейре отуз жыл бийликте отурган атасы Хафиз ал-Ассаддын көзү өткөндө мурастап калган. Тышкы саясатка келгенде Иран менен өнөктөштүгү, антиамерикалык багыты Сирияны элдик толкундоолорго кабылган Тунис, Египет, Иордания жана Йеменден айырмалап турат.

Каир, 3-февраль, 2011-жыл
Лондондогу экономикалык мектептин Жакынкы Чыгышка адистешкен профессору Фауаз Жергестин айтымында, Сириянын ички турмушка келгенде да араб дүйнөсүнүн эң калктуу өлкөсү ошол эле Египеттен да олуттуу айырмачылыгы бар:

- Сирия Египеттен айырмаланган өлкө. Эң биринчи кезекте калк саны кыйла аз. Жакырчылыктын да деңгээли төмөнүрөөк. Коом идеологиялык жана социалдык багытка караганда, диний багыт боюнча бөлүнгөн. Коому абдан репрессиячыл. Андыктан ушул күндөрү бир нерсе болушу мүмкүн деп эсептегенде деле, мен Сирия Тунис менен Египеттегидей социалдык толкундоого кабылат деп ойлобойм.

Иммунитет түбөлүктүү эмес

Президент Башар ал-Ассад апта башында америкалык Wall Street Journal басылмасында жарыялаган маегинде, анын өлкөсүн Египет менен Тунистин бийлиги туш болгондой тополоңдон сактоочу иммунитети бардыгын белгиледи. Муну бийлик элдин АКШ менен Израилге каршы маанайын чагылдырып тургандыгы менен түшүндүрдү.

“Сирия стабилдүү, эмне үчүн? Анткени элдин ишенимине жакын туруш керек. Бул түйүндүү маселе. Эгер сиз ажырап кетсеңиз көйгөй келип чыгат, бул боштук кыжырданууну жаратат”,-деди Ассад интервьюсунда.

Ливан
Анткен менен Сирия президентинин жогорудагыдай түшүндүрмөсүн Лондондогу Chatham House иликтөө уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын талдоочусу Надим Шехади олку-солку саясий кырдаалды эмне күтүп жатканына ишене албай турган лидердин тынчсыздануусу катары сыпаттайт:

- Президент Башар ал-Ассад мындан абдан тынчсызданып отурганы айдан ачык. Ал аймактагы акыркы окуяларды жээригендей түр көрсөтүп, Сирия антиамерикачыл жана антизраилчил болгондуктан ишке ашпайт деп айтууда. Ал Каир менен Тунистеги демонстрациялар Америкага жана Израилге каршы болду деп чечмелеп жатат. Бирок биз мунун белгилерин такыр эле көргөн жокпуз да. Адамдар авторитардык режимдердин доорун бүтүрүү, эркиндик жөнүндө көбүрөөк айтып жатышкандай.

Домино эрежеси

Аналитиктер Сирияны коңшуларынан айырмалаган дагы бир фактор катары анын коопсуздук аппараты коңшуларыныкына караганда кыйла репрессиялуу экендигин белгилешет. Ал эми ички чалгын кызматы Кансыз согуш доорундагы Чыгыш Германия менен Румынияныкындай иштейт.

Мунун натыйжасында “жарандык коом менен оппозициячыл басма сөз иш жүзүндө жок. Египетте Мубарак режиминин тыкыр көзөмөлүнө карабай алар өмүр сүрө алган”,-дейт Лондондогу экономикалык мектептин Жакынкы Чыгышка адистешкен профессору Фауаз Жергес:

Йемен, 3-февраль, 2011-жыл
- Сириялыктар сизге демократияда жашагыбыз келет деп айткан күндө деле бул жерде Египеттикине окшош оппозиция жок. Египеттики сыяктуу жарандык коом жок. Сирияда эркин басма сөздүн жашооосу да кыйын. Египеттегидей адвокаттардын, инженерлердин, дарыгерлердин уюмдары жок. Андыктан бул жерде Египеттегидей социалдык толкундоого каршы иштеген структуралык айырмачылыктар бар.

Лондондогу Chatham House иликтөө уюмунун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын талдоочусу Надим Шехади Сириядагы режимди азыркы Египетке эмес, Саддам Хуссейиндин доорундагы Иракка салыштырат.

Ал азыр кубаттуу көрүнгөндүктөн кокус толкундоо чыкса домино сыяктуу кулап калат деп айтуу балким жаңылыштык болоруна карабай, узак мөөнөттөн алганда, Сириядагы режимдин абалы аялуу экендигин белгилейт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG