Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Сирия: Асад кайрадан сырткы күчтөрдү айыптады


Президент Башар Асад Сириядагы толкундоолорду “чет өлкөлүк кутумчулар” уюштурушкан деп билдирди.

Ички маселелерге арналган телекайрылуусунда Асад Араб Лигасы арачылык озуйпасын аткара алган жок деп сындай кетти. Жыл этегинде Лиганын миссиясы өкмөткө каршы көтөрүлүштүн очогу саналган шаарларды кыдыра баштаган.

Башар Асад соңку 10 ай ичинде болуп жаткан “өкүнүчтүү окуялар” өлкө үчүн чоң сынак болгонун белгилеп, тартип орнотууну убада кылды.

Анын айтымында, кырдаалды ички жана сырткы күчтөр дестабилдештирүүгө аракеттенип жатышат. "Чет өлкөлөрдүн кутуму көз көрүнө байкалууда, бирок алардын планы ишке ашпай калды" деген президенттин сөздөрүн Дамаск университетинде чогулгандар кол чабуулар менен кубаттап жатышты.

Ассаддын кайрылуусун кафеде көрүп жаткан сириялыктар.
Ассаддын кайрылуусун кафеде көрүп жаткан сириялыктар.
Асаддын мындай сөздөрү жаңылык деле эмес. Толкундоолор башталгандан көп узабай, 30-мартта, алгачкы телекайрылуусунда Асад аларды "четтен уюштурулган кутум" деп атаган эле.

Сирия лидери ушул мартта жаңы Конституцияны элдик референдумга алып чыгуу убадасын берди. Азыркы Баш мыйзамда Баас партиясына бир топ артыкчылыктар каралган:

- Жалпы улуттук референдум өткөрүлөөрүнө ишендиргим келет. Себеби Конституция өлкөнүн эмес, Сириянын ар бир жаранынын кызыкчылыгына жооп бериши керек. Референдум комитеттер өз ишин аяктап, долбоорун сунуш кылаары менен өтөт. Конституцияда каралган процедуралардан кийин элдик добуш берүү болжолу менен март айында болот.

Асад референдумдан кийин жалпы шайлоо өткөрүү пландары менен бөлүштү. Бирок калың эл аны колдоорун жүйө кармап, бийликтен кетүү ниети жоктугуна басым жасады.

Президенттин сынына Араб Лигасы да кабылды. Президент “арабдар Сирияга каршы турумду ээлегени” аны таң калтырганын жашырган жок.

Дамаск өкмөтү Араб Лигасынын тынчтык планына көнгөндөн кийин келишимдин сакталышына байкоо жүргүзүү үчүн Лиганын тобу Сириянын бир нече шаарларын кыдыра баштаган. Бирок Асад Араб Лигасы арачылык озупайсын аткара алган жок деп сындады.

Жыл башында Лиганын башкы катчысы Набил Араби Сирия бийлигин демонстранттарга ок атууну токтотууга үндөп, эң чоң коркунуч өкмөттүк куралдуу күчтөрдүн көзгө атаарларынан туулуп жатканын белгилеген.

Ассаддын айтымында, "терроризмге же курал колдонгондорго каршы катуу чара көрүү абзел". Ошол эле маалда ал тынч демонстранттарга ок атуу буйругу эч качан берилбегенин айтты.

Өз кезегинде Сириянын оппозициясы Лиганын байкоочуларын режимге ыктагандыгы үчүн сындап келатат. Оппозиция өкүлдөрү ырасташкандай, миссия Асадга зордук-зомбулук үчүн кошумча убакыт гана берип келатат. Алардын айткандарына караганда, дүйшөмбү күнү армиянын колунан кеминде 25 бейкүнөө адам набыт болду.

Буга чейин Лиганын кеңешме органы – Араб парламенти демонстрацияларды күч менен басуу токтобой жаткандыктан байкоочуларды чыгарууга үндөгөн. Бирок Набил Араби иштин өтөсүнө чыгуу үчүн миссияга көбүрөөк убакыт талап кылынат деп эсептейт.

БУУнун маалыматына ылайык, өкмөткө каршы чыгуулар башталган март айынан бери Сирияда 5 миңден ашуун адам набыт кетти. Оппозиция бул сан мындан көп деп ырастаса, Асад өкмөтү “куралдуу топторго” каршы күрөштө 2 миңдей аскер мерт кеткенин айтууда.

Чет өлкөлүк журналисттерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандыктан бул сандарды тастыктоо же төгүндөө мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG