Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Сирия Орусияга оппозицияны күнөөлөгөн далил берди


Сириянын Тышкы иштер министри Валид Муаллем (оңдо) менен орус Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун Дамаскидеги сүйлөшүүсү, 17-сентябрь, 2013
Сириянын Тышкы иштер министри Валид Муаллем (оңдо) менен орус Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябковдун Дамаскидеги сүйлөшүүсү, 17-сентябрь, 2013

Сирия Орусияга "химиялык куралды оппозиция колдонгонун" күбөлөндүргөн далилдерди берди. Бул тууралуу Дамасктан орусиялык дипломат Сергей Рябков кабарлады.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Рябков өткөн түнү Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем менен сүйлөшкөндөн кийин, “химиялык чабуулга козголоңчулар катыштыгы бар болгонун күбөлөндүргөн далилдер алынганын” айтты.

Рябков эми Орусия ал материалдарды “терең анализге алаарын” белгиледи.

Дипломат 21-августта Дамасктын четинде болгон газ чабуулу жөнүндө Бириккен улуттар уюмунун доклады расмий Москванын көңүлүн калтырганын кошумчалап, аны “саясий маанидеги бир тараптуу баяндама” деп баалады.

Батыштагы бир топ өлкөлөр Улуттар уюмунун инспекторлорунун соңку баяндамасы химиялык чабуулду Асаддын режими уюштурганын далилдейт дешкен. Ошентсе да, Орусия газ чабуулун оппозиция эле эптеп өлкөгө сырттан аскерий чабуул болушу үчүн провокация иретинде жасаган болушу мүмкүндүгүн кайталап келатат.

Рябков Дамаскка өлкөнүн химиялык куралын жок кылуунун жолдорун талкуулаш үчүн барган эле. Мындай чечим өткөн аптада Женевадагы жолугушуудан кийин АКШ менен Орусиянын тышкы иштер министрлери тарабынан кабыл алынган. Муну Сирияга сырттан аскерий чабуулду болтурбаш үчүн дипломатиялык чөйрөдө жетишилген мыкты чечим катары да сыпаттап жатышат.

Келишилген планга ылайык, эң оболу бир аптанын ичинде Сирия өзүндөгү химиялык куралдар сакталган жайлар жөнүндө маалыматты аларды колдонууга тыюу салган уюмга жеткириши зарыл. Рябков Дамаскта Муаллем менен сүйлөшкөндө ушуга өзгөчө басым жасаганын, “Сирия пландагы биринчи милдетти так аткарышы өтө маанилүү экенин айтканын” белгиледи.

Сергей Рябков бүгүн кечирээк президент Башар Асад менен да жолугушаары күтүлүүдө.

Кечээ Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын 68-жыйынын ачып жатып, баш катчы Пан Ги Мун дагы бир ирет Сирияда химиялык куралдын колдонулганын “согуш кылмышы” деп кайталады.

"Бул инцидент тез арада жаңжалды жөнгө салып, Сириянын элинин азабын токтотуш үчүн аракетти күчөтүүгө коңгуроо болушу керек. Буга баарыбыз жоопкерчиликти алышыбыз керек", - деди баш катчы.

Шейшембиде Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчөнүн элчилери өзүнчө жолугушуп, ошол АКШ-Орусия планын эми ишке ашырууну тездетиш үчүн Улуттар уюмунун резолюциясын талкуулашты.

Талкуулар бүгүн кайра улантылат, анткени кечээги сүйлөшүүлөрдө анчалык деле алга жылуу болбогону кабарланган эле.

Шейшембидеги сүйлөшүүлөрдүн алдында Сириянын негизги оппозициялык бирикмеси – Улуттук коалициянын – төрагасы Ахмад ал-Жарба Коопсуздук кеңешин президент Асад газ чабуулу боюнча жоопкерчиликтен качып кутулушуна жол бербөөгө үндөдү.

"Биз тарыхка дүйнөдө тыюу салынган куралдарды колдонуудан тайбаган режим 21-кылымда жазадан качып кутулган деп айткыбыз келбейт, - деди оппозиция лидери. - Биз айрым парламенттердин тоскоолдугунун жана глобалдык тынчтыкка жооптуу болгон Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин чечиминин кечеңдешинин айынан гуманитардык маселе көңүл сыртында калышын каалабайбыз".

Франция, Британия жана АКШ дале болсо Сирияга сырттан аскерий чабуул коркунучу сакталган резолюция кабыл алынышын жакташат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG