Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Сирияда аскер огунан ондогон киши набыт болгону кабарланууда


Хама шаарынын калайыгы жума намазга улай өкмөткө каршы нааразылык жыйынын өткөрдү. AFP. 29.7.2011.
Хама шаарынын калайыгы жума намазга улай өкмөткө каршы нааразылык жыйынын өткөрдү. AFP. 29.7.2011.

Жекшембинин таңында Сириянын аскерлери өкмөткө каршы митингдердин чордонуна айланган Хама шаарында атайын коопсуздук чараларын баштады. Жоокерлер шаардын бир нече тарабынан киргизилип, көчөдөгү атышуулардан ондогон киши набыт болгону кабарланды.

Орозо айынын алдындагы чабуул

Сириянын куралдуу күчтөрү жекшембиде (31-июлда) өлкөнүн түндүк тарабындагы Хама шаарынан башка да бир нече шаарларды чабуулга алды. Хамада жекшембиде ооруканаларга жарадар жана өлгөн адамдар ташылып отуруп толуп кеткени кабарланды.

Жергиликтүү укук коргоочулар күүгүм кире электе Хама шаарында аскерлердин огунан каза тапкан тургундардын саны 60тан ашканын маалымдашты.

Сириянын президенти Башар ал-Асаддын бийликтен кетишин талап кылган нааразылык иш-аракеттери дал ушул Хама шаарында күч алган.

Мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында элдик толкундоолор күчөйт деп чочулаган өкмөт орозо башталаар алдында элди эскертүү максатында кеңири чабуулга өткөндөй.

Чет элдик туристтер Хаманын тургундары көчөлөргө чыгып алып: “Бизди экинчи жолу өлтүрө алышпайт!” деп кыйкырып жатышканын билдирүүдө.

Тепселген укуктар нааразылыкты күчөттү

1982-жылы азыркы Сирия президенти Башар ал-Асаддын атасы Хафез ал-Асаддын бийлигине каршы чыккан он миңдеген киши айоосуз өлтүрүлүп, Хама шаары бүт бойдон канга бойолгон эле.

АКШнын Дамасктагы элчилигинин пресс атташеси Жей Жей Хардер сириялыктар ондогон жылдар бою бийликтен коркуп-үркүп жашагандан тажап көчөгө чыгышканын айтат.

Сирияда жашасаңыз, маданияты ушунчалык бай, таң калаарлык. Бирок калк арасында коркуу сезими абдан терең жайылган. Азыр көчөгө чыккандар ушул коркуудан тажап чыгып жатышат. Нааразылык акциялары башка бардык өлкөлөрдөгүдөй эле тынч өтө бермек. Бирок минтип өкмөт куралчан аскерлерин элине каршы пайдаланып жатат”, - деп кейийт америкалык дипломат.


Сириялык аскерлер Жиср аш-Шүгүрдү кайтарып алды. 14.6.2011.

x
Сириялык аскерлер Жиср аш-Шүгүрдү кайтарып алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00
Түз линк
Сирияда үстүбүздөгү жылдын март айынын ортосунда башталган толкундоолор ырайымсыз жана куралдуу күч менен басылып келатат.

Укук коргоочулар эсебинде, андан берки кагылышууларда 1000ден ашуун карапайым тургун жана 300дөн ашуун аскер мерт болду.




31-июлдагы өлкөдөгү окуялар

Сириялык бийликтер Хама шаарында куралчан топтор полиция имаратын өрттөп, коомдук мүлккө кол салганын, аларды токтотууга далалат кылган эки жоокер өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

Жекшембиде Хаманын жашоочулары чет элдик телеканалдарга телефондон интервью берип, көчөлөрдө беш-алты танк ээсиз калганын, ар кайсы жерде өлүктөр жатканын айтып берип жатышты.

Бул күнү таңга маал танкачан аскерлер шаарга киргизилип, бир айдан бери өкмөткө каршы демонстрациялар өтүп жаткан көчөлөрдө эл орноткон тосмолорду тепселеп кыйратып, түз эле борбордук көчөнү көздөй бет алышкан.

Бийликтегилер Хамада жолдор тосулуп, таза суу, байланыш (коммуникация) кызматтарынын иши үзгүлтүккө учурагандыктан аскерлер кеңири чабуулга өтүүгө мажбур болгонун бетке кармоодо.

Сириянын бир нече шаарларында жума күнү он миңдеген кишилер катышкан демонстрациялар болуп, укук коргоочулар полициянын огунан бир канча киши каза болгонун билдиришкен.

Жекшембиде түштүк тараптагы Харак калаасында аскерлердин чабуулунан үч киши набыт болгону, чыгыштагы Дейр аз-Зур калаасында дагы алты адам өлтүрүлгөнү маалымдалды.

Сириянын борбору Дамасктын четиндеги Кадам шаарында 500дөй демонстрант камакка алынды.

Укук коргоочулар быйыл мартта башталган нааразылык жыйындарга катышкандар менен өкмөттүк күчтөрдүн тирешүүсүнө байланыштуу бардыгы болуп 10 миңден ашуун адам абакка отургузулганын айтышууда.

Элдик толкундоолордун артында ким турат?

Сирия өкмөтү көтөрүлүштөрдүн артында исламчыл уюмдар турат деп үчүнчү жакты байма-бай күнөөлөп келатат.

Бирок чет элдик кабарчылар нааразылык жыйындарга чыккандар өлкөдө кеңири саясий реформа жүргүзүүнү жана демократиялык эркиндиктерди талап кылып жатышканын, айрым жерлерде гана элдин арасында куралчан чакан топ көрүнө калып жатканын билдиришет.

Чет элдик журналисттерге Сирияга кирүүгө тыюу салынгандыктан, соңку окуялар тууралуу маалыматтарды текшерип-тактоо кыйын ишке айланды.

Өлкөнүн ички дүрбөлөңдүү кырдаалы тууралуу бир катар маалыматтар карапайым сириялыктар интернеттик жана башка усулдар менен чет өлкөгө жиберген кабарларга негизделүүдө.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG