Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Сирия: Башар Асад бийликтен ажырагысы келбейт


Башар Асад кайрылуу жасоодо. Дамаск, 20-июнь, 2011-жыл.
Башар Асад кайрылуу жасоодо. Дамаск, 20-июнь, 2011-жыл.

Элдик толкундоолор токтой элек Сириянын президенти Башар Асад 20-июндагы кайрылуусунда болочок пландарын ачыктады. Анын айтымында, өлкөнүн Баш мыйзамы кайра каралат жана шайлоо мыйзамы жаңы жазылат. Бирок Сирия президенти демонстранттардын кызматтан токтоосуз кетүү жөнүндөгү башкы талабына бул ирет да жооп бербеди.

Сирияда президент Башар Асаддын кызматтан чегинүүсүн талап кылгандардын нааразылык акциялары өтүп жатканына үч айдан ашып калды.

Демонстрациялар башталгандан берки алгачкы кайрылуусун Асад 30-мартта жасап, анда толкундоолорду “чет элдик державалардын буюрутмасы” деп атаган.

16-апрелдеги экинчи кайрылуусунан кийин бир аз чегинүүлөргө барып, коопсуздук күчтөрүнө атуулдарды айып койбостон эле камакка алуусуна мүмкүндүк берген тээ 1963-жылдан бери өкүм сүргөн өзгөчө абал мыйзамын жойууга барды.

Улуттук диалогго үндөө

Ал эми дүйшөмбү күнкү (20-июндагы) үчүнчү кайрылуусунда болсо Башар Асад өлкөдөгү баш-аламандыктар үчүн жоопкерчиликти “бузукулар” менен “кутумчуларга” жүктөп, түзүлгөн кыйчалыш кырдаалдан чыгуу боюнча өз пландарына токтолуп, ич ара мунаса табуу үчүн “Улуттук диалог” комитети түзүлгөнүн жарыялады:

- Мен баардык чөйрөлөр жана топтор менен бир катар жолугушууларды баштадым. Бул жараянды жеңилдетүү, биздин элди тынчыздандырган баардык маселелерди талкуулоо, ар тараптуу баарлашуу үчүн зарыл механизмдерди жана негиздерди түзүү үчүн улуттук диалог комитети уюшулду.

Саясий реформалар үчүн маанилүү эки мыйзамды - саясий партиялар жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдарды даярдоону аяктаганыбызда биз улуттук диалогду дароо баштай алабыз.

Бир аз мурда айтканымдай, менин жолугушуулардагы максатым – реалдуу кырдаалдын аки-чүкүсүн жакшыраак билүү эле.

Бирок мен өзүм чыныгы улуттук диалогдун бөлүгү болуп калдым.

Улуттук диалог белгилүү бир секторлор менен чектелбейт. Бул оппозиция менен бийлик ортосундагы эле баарлашуу эмес. Бул улуттун баардык маселелери боюнча баардык адамдар ортосундагы диалог.


Асаддын ырастоосунда, азыр кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу - келечекке кылчайып кароо. Андыктан реформаны көздөгөн кадамдардын баары Сирия коомунун баардык катмарлары чакырылуучу ошол улуттук диалогдун алкагында талкууланат.

Парламенттик шайлоо токтотулбаса эле август айында өтөт.

Эгер жаңы парламент августа куралса, анда саясий реформалар сентябрь айына барып, аягына чыгарылат, делет Асаддын долбоорунда.

Оппозиция кабыл алабы?

Бирок саясат таануучулар "Башар Асаддын сөзү армиянын жана президент өзү мүчөсү болгон диний азчылык – алавийлердин жарым аскерлештирилген күчтөрүнүн олуттуу запкысын көргөн демонстранттар үчүн кеч айтылып калган жокпу?" деген суроо коюшуп, оппозициячыл күчтөр диалог сунушун кабыл алаарынан шек санашууда.

Укук коргоочу активист Абдулла мырза Башар Асаддын сөзүнөн кийин Дара шаарынан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна буларды айтты:

- Мен Асадга каршы чыгып жатам. Ал жасаган иштеринен кийин кетиши керек. Алгачкы апталарда эгер ал баарын туура нукка сала алса, чогуу болорубузду айтканбыз. Бирок ал эмне кылды? Бизге танктарды, аскер күчтөрүн, тик учактарды жөнөттү. Бул - мамлекет, система эмес. Бул - жөн эле башкарып жаткан адамдар тобу. Элдин токсон беш пайызы аны чоң калпычы деп айтышат.

Сириялык демонстранттар Асаддын кызматтан чегинүүсү менен катар режимдин оппоненттерин кыйноону жана өлтүрүүнү токтотууну, басма сөз эркиндигине коюлган чектөөлөрдү алып салууну, саясий айыпкерлерди бошотууну, ачык жана адилет шайлоону, акыркы үч ай ичиндеги толкундоолор учурунда каза тапкандардын өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

Башар Асад болсо дүйшөмбү күнкү кайрылуусунда Сириянын көчөлөрүнө чыккан демонстранттарды үч топко бөлүп баалады.

Ал топтордун бири - талаптары мыйзамдуу адамдар. Өкмөт алардын талабын “угуп, кызматташып, жардам бериши керек”.

Экинчи топ, Сирия президенти белгилегендей, көчө демонстрацияларын өз кызыкчылыгында пайдаланып, өлкөнү саботаждоого аракеттенип жаткан кылмышкерлер. Башар Асадын айтымында, бул топтун ичинде издөөдө жүргөн 64 миңдей киши бар.

Демонстрациялардын артында турган үчүнчү топ болсо Сирияга кирүүгө умтулуп жаткан радикал жана динчил интеллектуалдар. Арасында сириялыктар да бар бул топ четтеги элементтерден акча алууда.

Андыктан, Сирия президентинин оюнча, элдин мыйзамдуу талаптары менен ал өзү “кутумчулар ” деп мүнөздөгөндөрдүн аракетинин ортосунда чоң айырма бар.

Сирия оппозициясынын ырастоосунда болсо, өлкөдөгү авторитардык режимге каршы кыймыл жана толкундоо башталган март айынын ортосунан бери Асаддын коопсуздук күчтөрүнүн колунан 1400дөн ашуун сириялык каза тапты, дагы он миңден ашуун киши камакка алынган.

Ошондой эле 11 миңге жакын киши качкын катары Түркия тарапка өтүүгө аргасыз болду.

Эл аралык коомчулуктун мамилеси

Бул аралыкта эл аралык коомчулуктан "Сириядагы режимге каршы чара көрүш керек" деген чакырыктар айтылууда.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг Асаддын соңку кайрылуусунун алдында "режим легитимдүүлүгүн жоготконун" белгилеп, Түркияны ага кысым көргөзүп жаткан өлкөлөр катарына кошулууга үндөгөн.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон болсо Асаддын сөзүнөн кийин алар Сириянын өкмөтүнө каршы чектөөчү чараларын кеңейтүүгө даярданып жатканына токтолуп, мындай деди:


- Президент Асад ишенимдүү, чыныгы жана ар тараптуу диалог баштоосу керек.

Анын реформага даярдыгын өз эли баалайт.

Бирок мен айтып коюшум керек: Бир караганда, бүгүнкү сөз көңүл калтырды.


Вашингтондон Сирия президентинин сөзүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Налэнд да сынга алды.

Евробиримдик өлкөлөрүнөн Британия, Франция, Германия, Португалия БУУнун Коопсуздук кеңешине резолюция долбоорун сунуш кылган.

Анда аталган өлкөлөр Сирияны “абийир туткундарын” бошотууга, интернеттин жана маалымат каражаттарынын эркин иштешине мүмкүндүк берүүгө, БУУнун адам укуктары боюнча комиссариаты менен кызматташууга чакырат.

Орус президенти Дмитрий Медведевдин айтымында, ал резолюция Сирияга каршы аскердик өнөктүккө калканч катары колдонулушу мүмкүн болгондуктан, Москва мындай долбоорго вето салууга даяр.

Бирок орус президенти Сирияга карата башка чакырыктар жана декларациялар, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинен да кайрылуу кабыл алынышынын мүмкүндүгүн жокко чыгарбады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG