Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

БУУ Сирия маселесинде туңгуюкка кептелди


Өкмөттүк куралдуу күчтөр Жиср ал-Шугур шаарына тартылды, 14-июнь, 2011-жыл
Өкмөттүк куралдуу күчтөр Жиср ал-Шугур шаарына тартылды, 14-июнь, 2011-жыл

Сириянын өкмөттүк армиясы элдик толкундоолорду күч менен басуу аракеттерин улантууда. Кошуна Түркияга качкан сириялыктар болсо президентчил аллавийлер жамааты менен Башар Асадга ыктаган күчтөр суни мусулмандардын дүкөндөрүн, үйлөрүн талкалап-тоноп жатышканын айтышууда.

Ал аралыкта БУУнун Коопсуздук кеңешинде Дамаск режимин айыптаган резолюцияны өткөрүү аракеттери Орусия жана Кытайдын каршылыгына кабылууда.

Британия, Франция, Германия жана Португалия иштеп чыккан резолюция долбоорунда өкмөткө каршы нааразылык акцияларды курал менен басуу аракеттери үчүн Сириянын бийлигин айыптоо, араздашкан тараптарды сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөө сунушу айтылган.

Эч кандай санкцияларды киргизүү, же аскерий операция жөнүндө сөз кылынбаса да Орусия менен Кытай бул документ кабыл алынса, арты Ливиядагыдай болуп, "Батыштын Сириядагы интервенциясына алып келиши мүмкүн" деген чочулоосун айтышууда.

“Сирия ыңкылабы” деп аталган топтун активисттери Орусиянын бир катар өлкөлөрдөгү элчиликтеринин алдына чогулуп, расмий Москваны саясатын өзгөртүүгө үндөштү.

Ал тапта Сирия өкмөтү Жиср ал-Шугур деген шаардын айланасындагы тоолор менен токойлордо “куралдуу кылмышкер топтордун калдыктарынын” изине түшкөнүн билдирди.

Активисттердин айтымында, түндүктөгү Идилб чөлкөмүнө кошумча танктар жөнөтүлүп, өкмөт аскерий ири операцияны улантып жатат.

Нааразылык чыгуулары кан төгүүлөр менен коштолуп жатканына карабай, 14-июнга караган түнү Алеппо, Дараа, Хомс, Дамаск өңдүү бир катар шаарларда Асадга каршы демонстрациялар болду.

Күбөлөр эмне дейт?

12-июнда өкмөттүн куралдуу күчтөрү тик учак, танктардын коштоосунда Жиср ал-Шугур шаарына чабуул койгон. Бийлик ал операция өткөн аптада 120 аскерди өлтүргөн куралчан адамдарга каршы багытталганын билдирген.

Бирок оппозиция, качкындар жана укук коргоочу уюмдар маркумдар өкмөткө каршы көтөрүлгөн карапайым адамдар же элге каршы ок атуу буйругуна баш ийбеген жоокерлер болушчу деп ырастап келишет.

Түркияга бараткан качкындар
Жиср ал-Шугур шаарындагы чабуулдан кийин Түркияга качкан сириялыктардын айтымында, кээ бир аскерлер эл тарапка өтүп, бийликке каршы күрөшүп жатышат.

Абдулла аттуу 35 жаштагы качкын сунилер үстөмдүк кылган айыл-кыштактарды кыйратууга жөнөтүлгөн 4 танктын экипаждары элге кошулуп кеткенин АФПнин кабарчысына айтып берди.

Кээ бир качкындар аскерлердин кампаниясы сунилерге каршы багытталганын белгилешет. Алардын айтымында, армия президент Асад туткан алавийлер агымынын жолдоочулары жашаган айылдарды кыйгап өтүп жатат.

Диалог жана реформа талап кылынды

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сирия өкмөтү өз калкына каршы “ырайымсыз чараларды” көрүп жатат деп билдирди:

- Сириядагы кырдаал абдан тынчсыздандырат. Зомбулук бир аянттын, айылдын же шаардын чегинен чыгып бүтүндөй өлкөгө жайылды. Эл өз мүдөсүн, өзгөрүүлөргө болгон умтулуусун жеткирүү аракетин көрүүдө. Өкмөт болсо ырайымсыз чабуулдар менен жооп кайтарууда.

Ак үйдүн маалымат катчысы Жэй Кэрни президент Асад “саясий диалогго барууга” жана убада кылган реформаларды ишке ашырбаса, “кызматтан кетүүгө” тийиш деп билдирди.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Марк Тоунер болсо бейкүнөө адамдар өлүп жатканын белгиледи:

- Тик учактарды, танктарды колдонуу менен катардагы бейкүнөө кишилерге чабуул жасоо Асаддын реформаларды жүзөгө ашыруу ниети жоктугунан кабар берет.

Европадагы шериктерибиз, региондогу дос мамлекеттер менен биргелешип иштеп, Сирияда болуп жаткан окуяларга көбүрөөк көңүл буруубуз, Асадга зомбулук токтошу керек деп так айтуубуз зарыл.


Бириккен Улуттар уюмунун санактарына ылайык, кагылышуулар башталгандан бери Сириядан кеминде 10 миңдей киши качты. Алардын жарымы Түркия, жарымы Ливанга баш калкалашкан. Жергиликтүү укук коргоочулар элдик чыгуулар башталган март айынан 1 миң 300 киши набыт кеткенин ырасташууда.

XS
SM
MD
LG