Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

БУУ Сирияны кантип айыпташты билбей турат


Пан Ги Мун, 26-апрель, 2011
Пан Ги Мун, 26-апрель, 2011

Сирияда өкмөт нааразылык акцияларына чыккан элге каршы курал колдонгонун БУУнун баш-катчысы Пан Ги Мун айыптады. Бирок уюмдун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы зомбулукту айыптаган билдирүү дале колдоо таба элек.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда өкмөт элге каршы ок атканына кандай билдирүү жасаш керек деген маселени эки күндөн бери талкуулап жатат.

Жыйындын алдынан шейшембиде Улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун Сирияда өкмөт демонстранттарга Дераа шаарында ок атканын айыптады.

Дараадагы массалык нааразылык акциясынан көрүнүш, 21-апрель, 2011
“Сириядагы окуяларды биз өтө кылдат жана кыжаалаттык менен карап турабыз. Мен тынч митингге чыккандарды атууну кескин айыптайм, - деди баш-катчы. - Танка жана мылтыктан атылган октон жүздөгөн адамдар өлүп, жарадар болушту. Сирия өзүнүн жарандарын коргоого жана адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды урматтоого милдеттенме алганына карабай, ушундай окуялар болуп жатат”.

Пан Ги Мун уюмдун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Нави Пиллай менен бирге өкмөттүк аскерлердин аракетинин айынан жергиликтүү тургундар набыт болгонун эл аралык көз карандысыз топ иликтеши зарыл экенин белгилешти.

Зөөкүрлүк наарызылыкты баспады

Адам укугун коргоочулардын айтымында, Сирияда алты апта мурун өкмөткө каршы нааразылык толкуну башталгандан бери 400 адам көз жумду. Өткөн жума күндөн бери эле 120 киши өлгөн.

Мына ушундай зомбулук баары бир нааразылыкка чыккан элди коркуткан жок окшойт. Демонстранттар алгач демократиялык реформалардын болушун гана жактап чыгышкан болсо, эми президент Башар Ал-Ассаддын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Сириянын өзүндөгү жана чет-өлкөлөрдөгү оппозициянын “Өзгөрүү үчүн улуттук демилге” деген кыймылы шаршембидеги билдирүүсүндө “Ассаддын режими демократиялык өзгөрүүгө легитимдүү жол менен бармайын”, каршылык аракеттери токтолбой тургандыгын билдирди. Аталган кыймыл өлкөнү мындан аркы башаламандыктан, жарандык согуштан демократияга өтүү гана коргой алат деп эсептейт.

Кытай менен Орусия каршы

Британия, Франция, Германия жана Португалия сириялык режимди айыптаган билдирүүнүн текстин талкууга койгон эле. Аны караган жыйын акыр аягында эч кандай жыйынтыксыз аяктады. Анткени, дипломаттардын айтымында, Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Орусия менен Кытай расмий Дамасктын аракеттерин айыптоодон баш тартышты.

Кытайдын элчиси Ли Баодоң анын өлкөсү “саясий тыянакты колдой турганын”, расмий Бейжин сунуш этилген билдирүүнүн долбоорун “астейдил окуп чыгаарын” айтты.

Британиянын Коргоо министри Лиам Фокс шейшембиде кечкисин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Сириянын өкмөтү элине каршы ок атканы “такыр кабыл алгыс” нерсе экенин белгиледи.

“Сириянын өкмөтү жарандарын өлтүргөнүнө биз терең өкүнүч билдиребиз, - деди министр. - Биз аларды саясий реформа үчүн бүт аракетин жумшоого, элди коргоп, жарандарды биздеги жана дүйнөнүн башка цивилизациялуу улуттарындагыдай элди урматтоого чакырабыз”.

Ирандын "тымызын колдоосу"

Ал арада шейшембидеги талкуудан кийин АКШнын элчиси Сьюзан Райс Сирияга элдик толкундоолорду басууда Иран жардам берип жатканы тууралуу далилдери бар экенин айтты. Элчи мунун чоо-жайына токтолгон жок. Бирок Сириянын бийлиги Иранда өкмөт демонстранттарга каршы колдонгон “катаал чараларды” көрүп жатат деди.

АКШнын БУУдагы элчиси Сьюзан Райтс, 26-апрель, 2011
“Өзүнүн элинин талабын уккандын оордуна, президент Ассад каратып туруп жалган айтып жатат. Ал балээнин баарын “сырткы күчтөрдөн” көрөөрүн айтты, - деди америкалык элчи. - Ошол эле учурда өз элине каршы катаал аракеттерге барган Ирандагыдай ыкманы колдонуш үчүн Тегерандан колдоо күтүп турат”.

Бирок Сириянын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Башар Жафари анын өкмөтү бейкүнөө элге ок аткан эмес деп ишенет.

“Эгер сиз тынч митингге чыксаңыз, өкмөт сизди коргойт. Эгер сиз зордук-зобунга барсаңыз, дүйнөнүн кайсыл гана өлкөсүндө болбосун, өкмөт башка бейкүнөө жарандардын тынчтыгын, имараттарды кыйроодон коргош үчүн колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонот”, - деди Жафари.

Сириянын армиясы Дераа шаарындагы кан төгүүлөр жөнүндө билдирүүсүндө бул шаарга алар жергиликтүү элдин суранычы боюнча “террористтердин тобун” кармаш үчүн барганын билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG