Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Cирияда күтүлгөн реформалар жарыяланган жок


Сирия президенти Башар ал-Ассад парламентте сүйлөп жатат, 30-март.
Сирия президенти Башар ал-Ассад парламентте сүйлөп жатат, 30-март.

Сирия президенти Башар ал-Ассад шаршембиде парламентте сүйлөгөн кезинде кандайдыр бир чегинүүлөргө барары жөнүндө эч нерсе айтпады.

Анын авторитардык бийлигине каршы чыккандар артында кутумчулар турганын белгиледи. Ассад бийликтеги он биринчи жылында олуттуу кризиске туш болгон эле. Өлкөнү демонстрациялардын толкуну каптап, ондогон адам каза тапты. Сириянын Батышка каршы багытына карабай, эксперттердин пикиринде, АКШ же Израиль Ассадын режими кулашын кубаттабайт.

Президенттикке 2000-жылы атасы Хафиз ал-Ассад дүйнө салганда келген Башар ал-Ассаддын режимин да араб дүйнөсүн каптаган элдик толкундоолордун Сирияга жеткен таасири солкулдатты окшойт.

Өлкөнүн ар кайсы шаарларында чыккан нааразылык акциялары учурунда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан өлгөндөрдүн саны расмий маалымат боюнча 60, ал эми укук коргоочулардын айтымында, 150 кишиге жетет.

Бул окуялардын артынан өлкөнүн премьер-министри кызматтан чегинүү арызын берип, президент аны кабыл алды. Отствакага кетирилген өкмөт азыр убактысынча иштеп жатат.

Мунун артынан Сирияны ата-бала Ассаддар бийлеп келген отуз жылдан бери биринчи ирет өлкөнү либералдаштырууну караган реформалар жарыяланат деп күтүлгөн. Алардын эң башкысы акыркы 48 жылдан бери күчүндө турган өзгөчө абал мыйзамынын жоюлушу эле. Ал мыйзам коопсуздук күчтөрүнөн жарандарды айыпсыз эле камакка алуусуна жол берет.

Бирок Башар ал-Ассад өлкөдө буга чейин болуп көрбөгөн нааразылык акциялары өткөндөн кийинки алгачкы сөзүндө Сирияга каршы “кутумга” тартылгандарды жеңүүнү убада кылып, оппозициячыл демонстранттардын артында “кутумчулар” турат деп белгиледи. Адаттагыдан кыска жана депутаттардын кол чабуулары менен коштолуп турган сөзүндө кандай реформаны көздөрүн ачык айтпастан гана мындай нерсе зарылдыгына, бирок бийлик өзгөрүүлөрдү кысым астында жасабай тургандыгына токтолду. Араб дүйнөсүндөгү толкундоолорго кайрылып, Сирияга каршы кутум тыштан да уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады. Ассадын ырастоосунда, Сирия аймактан обочодо эмес, бирок ал башка өлкөлөрдү кайталабайт.

Сирия араб дүйнөсүнүн Батышка каршы турумда жүргөн, АКШ жана Израиль менен касташып жүргөн өлкөсү.

Кызык жери Вашингтон Ассадын режиминин ыктымал кулашына кызыкдарлыгынын белгилерин анчалык деле көргөзө элек. Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон апта башында Си- Би-Эс телеканалындагы маегинде Ливиядагыдай сыяктуу Батыштын бул өлкөгө аскерий кийлигишүүсүн четке кагып, тескерисинче Ассады “реформачыл” президент катары мүнөздөдү:
- Конгресстеги эки партия мүчөлөрүнүн акыркы айларда Сирияга барып келгендеринин көптөрү ал реформачыл деген ишенимде. Бул жерде соңку апталарда болуп жаткандар, албетте, терең тынчсызданууну жаратат. Бирок учактарды чыгарып, өз шаарларыңды ой келди бомбалоо менен полициянын аракеттери ортосунда айрымачылык бар. Ачык айтканда алар күчтү ашыкча колдонуп жиберишти, муну көрүүнү эч кимибиз каалабайбыз.

Шейшемби күнү Ливия боюнча Лондондогу конференция учурунда Хиллари Клинтон Сирия өкмөтүнүн демонстранттарга каршы айоосуз күч колдонушун айыптап, АКШ эл талап кылган реформалар өз убагында ишке ашырылуусун колдоорун айтып өттү.

Көптөгөн аналитиктердин пикиринде, АКШ Мамкатчысынын жогорудагы сөздөрү Вашингтондун Ассадга карата эки кырдуу турумун чагылдырып турат. Бул турумду АКШнын аймактагы эң жакын эки өнөктөшү: Израиль менен Сауд Аравия да бөлүшөт.

Оклахома университетинин Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору Жошуа Лэндистин айтымында, азыр бир колу менен Ливиядагы кризистин жүгүн тартып жаткан Обама администрациясы Ассаддын режиминин кулашы Америкага дос өкмөттөрдүн да бийликтен кулашына алып барышы мүмкүн деп чочууда. Ага катар АКШ лидерлери Сирия президенти аны менен иштешүүгө боло турган адам деген көз карашта турат:

- Менимче, алар бир жагынан Сирияда өзгөрүүлөрдү көргүсү келет. Сирия АКШ менен Израилдин душмандары: Иран жана Хезболланын өнөктөшү. Ошол эле учурда алар Башар ал-Ассады да билишет. АКШ тарап Сирияда жарандык согуш жана аймакта башка тополоң чыгышына кызыкдар эмес. Кокус Сирияда ыңкылап же жарандык согуш болсо анын таасири АКШнын досу болгон Иордания, Ливан сыяктуу коңшу өлкөлөргө, атүгүл бүткүл Араб жарым аралына көчүшү мүмкүн. Мындай жагдайдын АКШ үчүн талкалоочу кесепеттери бар.

Ал эми эл аралык мамилелер боюнча Лондондогу падышалык институттун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка программасынын директор орун басары Маха Аззамдын айтымында, Сирия душмандашып келе жатканына карабай Израиль менен тынчтыкты сактай ала турган өлкө деп эсептелет:

- Израиль Сириядагы өзгөрүүлөргө тынчсызданат. Ал Иран жана Ливандын кээ бир партиялары менен кандайдыр бир деңгээлде союздаш болуп келгенине карабай Израиль менен тынчтыкты сактай алуучу мамлекет катары каралат.

Америкалык эксперт Жоуша Лэндис мындан сырткары азыркы кризисте Башар Ассаддын пайдасына ойногон көрүнүштөр катары ал алавиттер, христиандар өңдүү азчылыктардын колдоосуна ээ экендигин, калктын көпчүлүгүн түзгөн суниттер арасындагы оппоненттери президентти бийликтен кулатуу үчүн жарандык согушка барууну көздөбөшүн атайт.

Ошондой эле Египет менен Тунисте бийлик салыштырмалуу тынч жана тез кулашында чоң роль ойногон – фактор армиянын президенттен бат эле баш тартышы Сирияда күмөндүү.

Эл аралык мамилелер боюнча Лондондогу падышалык институттун эксперти Маха Аззамдын пикиринде, узак мөөнөттөн алганда Сирия деле өзгөрүүлөрдөн кача албайт. Эң жакшы дегенде ал өзгөрүүлөр чектелген чегинүүлөр, же реформа талап кылгандарды басуу менен гана артка жылдырылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG