Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:16

АКШ менен Орусия Сирияда ок атышууну токтотууну макулдашты


АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Мүнхен, 12-февраль, 2016
АКШнын мамкатчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. Мүнхен, 12-февраль, 2016

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сириядагы ок атышууну токтотуунун алдын-ала шарттарын сүйлөшкөнүн билдирди. Согуш каптаган Сирияда элдешүү жараяны жакынкы күндөрү башталышы ыктымал.

АКШ менен Орусиянын тышкы иштер мекемелеринин жетекчилери Жон Керри менен Сергей Лавров телефон аркылуу сүйлөшүп, Сирия кризисин токтотуу үчүн алдын-ала шарттарды макулдашты. Бул тууралуу Керри Иорданиянын баш калаасы Амманда өткөн маалымат-жыйында билдирди.

- Мен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 20-февралда телефон аркылуу сүйлөштүм. Бүгүн мен ага кайра чалып, жакынкы күндөрү Сириядагы ок атышууну токтотуу керектигин айттым. Анда биз жакынкы күндөрү баштала турган элдешүү жараянынын шарттарын сүйлөшүп, алдын ала бир келишимге келдик деп айта алам - деген мамкатчы эки тарап ортосунда чечиле элек айрым суроолор бар экенин дагы кошумчалады.

Президент Асад тынчтык орнотууга макул болду
Президент Асад тынчтык орнотууга макул болду

​Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Лавров менен Керринин сүйлөшүүсу тууралуу кыска маалымат таратты. Анда эки тарап Сириядагы согуштук операцияларды токтотуу шарттарын келишкени айтылат. Бул шарттар БУУнун Коопсуздук Кеңеши террористик деп тааныган топторго каршы жүргүзүлгөн аскерий операцияларга жайылбайт.

Керринин айтымында, жакынкы күндөрү мындай шарттар боюча АКШнын президенти Барак Обама менен Орусиянын лидери Владимир Путин сүйлөшөт. Ошол эле маалда Керри аскерий жол менен Сирия кризисин чечүү мүмкүн эместигин белгилейт.

- Орусия Иран жана Башар Асаддын режими менен сүйлөшүүсү керек. Биз болсо оппозициячыл топтор жана Сирияны колдогон эл аралык топтун мүчөлөрү менен сүйлөшөбүз. Анткени бул макулдашуу күчүно кириш үчүн алар 'ооба" же "жок" деген жообун бериши керек. Алар өз тандоосун жасашы зарыл.

Өткөн аптада Сирия кризисин жайгаруу боюнча Керри менен Лавровдун катышуусунда Мүнхенде жыйын өтүп, анда ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлган.

18 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон документке ылайык элдешүү жараяны 19-февралдан кечикпей күчүнө кириши керек эле. Бирок андай болгон жок. Германиядагы сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтүнүн да, байистүү оппозициянын да өкүлдөрү катышкан эмес. Мүнхен макулдашуусунун “Ислам мамлекети”, “Ан-Нусра фронту” сыяктуу террорчул топторго эч тиешеси жок.

Макулдашуудан көп өтпөй бир катар Батыш саясатчылары, анын ичинде Франциянын премьер-министри Мануэль Вальс жана АКШнын мамкатчысы Жон Керри Орусиянын Сирияда жүргүзүп жаткан аба соккуларын кескин сынга алып, андан жай тургундардын өлүмү өсүп жатканын айтып айыпташкан. Буга жооп катары Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Москваны күнөөлөп жаткандардын эч кимиси аны далилдей албай жатканын билдирген.

Сириядагы негизги байистүү оппозициячыл топ элдешүүгө даяр экенин билдирген.

Хомстогу жардыруу алтымыштай адамдын өмүрүн алды.
Хомстогу жардыруу алтымыштай адамдын өмүрүн алды.

Сириянын президенти Башар Асад болсо 20-февралдагы билдирүүсүнда ок атышууну токтотууга даярдыгын билдирип, бирок террорчулар убактылуу тынчтыкты өз пайдасына колдонуп кетиши мүмкүн деген кооптонуусун айткан.

Ал тапта өлкөдө зомбулук уланууда. Жекшембиде Сириянын баш калаасы Дамаск менен Хомс шаарында болгон бир катар жардыруулар 100дөй адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу сириялык активисттер жана мамлекеттик медиа каражаттар билдиришти. Күндүз Хомс шаарындагы кош жардыруудан 60тай адам мерт кеткенин Британияда жайгашкан Сириялык адам укуктарын коргоо уюму маалымдаган.

Андан Дамасктын Саид Зейнаб районундагы төрт жанкечтинин жардыруусу дагы 30тан ашык адамдын өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 100гө жетти.

Кандуу жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

XS
SM
MD
LG