Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Сирияга арналган жыйынга Саудия катышкан жок


Сириялык бозгундар Иорданиянын чек арасынан өткөн соң жолдо отуруп, тыныгышууда. Рамта шаарынын чети. 5-сентябрь 2012
Сириялык бозгундар Иорданиянын чек арасынан өткөн соң жолдо отуруп, тыныгышууда. Рамта шаарынын чети. 5-сентябрь 2012

Жакынкы Чыгыштын ири мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери Сирияда 18 айдан бери токтобой жаткан кризисти талкуулашты.

Каирде 17-сентябрда тышкы иштер министрлери деңгээлинде болгон бул кездешүү Египеттин демилгеси менен өттү. Жыйынга Түркия, Египет, Ирандын министрлери катышты. Саудиянын тышкы иштер министри, ханзада Сауд ал-Файсал, расмий маалымдалгандай, жолугушууга саламаттыгына байланыштуу барган жок жана ордуна эч кимди жибербеди. Ал-Файсал өткөн айда операция болгондуктан эл аралык жыйындарга орун басар министр, ханзада Абдулазиз бин Абдулла катышып жаткан.

Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Сириядагы чатакты жөндөөдө байланыш тобуна кирген төрттүк “чоң роль” ойношу керек экенин баса айтты:

- Биз үчүн бул жыйында тез эле резолюция кабыл алуу реалдуу эмес. Биз сабырдуу болушубуз абзел. Лекин, көз караштардагы түрдүүлүктөн өз ара кызматташуу күчтүү болууда. Баары тынч жолду табуу зарыл экенин жактырышты, асыресе, региондогу таасирлүү өлкөлөр - Египет, Түркия, Иран жана Сауд Арабиясы. Алар чоң роль ойношот жана акыр аягында, Кудай колдоп, ар бирибизди бактылуу кылчу натыйжа берчү сунуштарды иштеп чыга алышат.

Египеттин жана Ирандын тышкы иштер министрлери Мухаммед Камел Амр (солдо) жана Али Акбар Салехи сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференция маалында. Каир, 17-сентябрь, 2012
Египеттин жана Ирандын тышкы иштер министрлери Мухаммед Камел Амр (солдо) жана Али Акбар Салехи сүйлөшүүдөн кийинки пресс-конференция маалында. Каир, 17-сентябрь, 2012
AFP, AP, Reuters өңдүү Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, Иран кездешүүдө Сириядагы коогалаңды токтотуу үчүн өлкөгө Египет, Саудия жана Түркияны өз байкоочуларын жөнөтүүнү сунуш кылган. Бирок Каирде “байланыш тобуна” кирген үчтүк эч кандай бүтүмгө келген жок. Эми төрттүк үстүбүздөгү айдын аягында Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынан тыш убакта кездешмек болушканы расмий кабарланды.

Эскерте кетели, өкмөттүк күчтөр жана козголоңчу тарап урушту токтотуу боюнча эл аралык чабарман Кофи Аннандын планын аткарбай койгондон улам БУУнун байкоочулары августта Сириядагы миссиясын токтоткон.

Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Даудоглу Жакынкы Чыгыштагы маселелерди чечүү ушул региондун эркинде болуш керек деди өтө астейдил туруп:

- Биз бүгүн байкадык: бул жерде биз макулдашып жаткан даана принциптер бар экен; бирок сиздер күткөндөй эле көз караштарда кээ бир келишпестиктер да бар. Ошентсе да бул жараяндын соңундагы биздин түпкү максатыбыз - Сирия элинин мыйзамдуу укуктарына жана талаптарына негизделген күчтүү Сириянын болушу, ага жетүү. Биз талкууну уланта беребиз: эч ким бир кездешүүдөн эле биз макулдашып жаткан жана кийин башкаларга сунуш кылынышы мүмкүн тез көрүлчү чаралардын планын күтпөшү шарт. Баарыбыз чогуу чечкен бул чаралар региондун менчиги жана региондун демилгеси болгону менен маанилүү.

Серепчилер төрттүк Сирия кризисин жайгаруу боюнча олуттуу бир бүтүмгө келерине анча ишенишпейт. Анткени сунни калктуу Саудия жана шиит элдүү Иран Сирия маселесинде эки башка башка жээкте турат. Сауд Арабия, Египет, Түркия президент Башар Асад токтоосуз бийликтен кетиш керек десе, Иран, тескерисинче, Асадды колдойт.

Сирия чатагын жөнгөрүүдө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Орусия менен Кытай бир өңүттө, ал эми АКШ, Британия, Франция башка көз карашта. Ошон үчүн Орусия жана Кытай жарандык согушту токтотуу үчүн Асадга кысымды күчөтүп, сүйлөшүүгө отургузуу жөнүндөгү Коопсуздук кеңешинин резолюциясын колдобой койгон.

Былтыр марттан бери Сирияда уланып жаткан тополоңдо, жергиликтүү адам укугун коргоочулардын ырасташынча, 20 миңден ашуун адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG