Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Сириядан чыккан учактардын алгачкы тобу Орусияга жетти


Хмеймим базасынан чыккан алгачкы учактар тобунун арасында Ту-154 жарандык жана көп функционалдуу Су-34 бомбалоочу учактар бар.
Хмеймим базасынан чыккан алгачкы учактар тобунун арасында Ту-154 жарандык жана көп функционалдуу Су-34 бомбалоочу учактар бар.

Хмеймим базасынан чыккан учактардын арасында Ту-154 жарандык жана көп функционалдуу Су-34 бомбалоочу учактар бар. Орус аба күчтөрү Сириядагы соккуларын өткөн жылдын сентябрында баштаган.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы ырастагандай, Сириядагы авиабазадагы учактар аскерий-транспорттук авиациянын учактарынын коштоосунда кайтып келет. Хмеймим базасынан учуп чыккан алгачкы учактар тобунун арасында Ту-154 жарандык жана көп функционалдуу Су-34 бомбалоочу учактар бар.

Дүйшөмбүнүн кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуну жана тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алып, 15-марттан тарта Сириядагы орус армиясынын негизги күчтөрүн чыгарып кетүүгө буйрук берген.

- Менимче Орусиянын Коргоо министрлигинин алдына коюлган тапшырмалар толугу менен аткарылды. Ошол себептен коргоо министри Сергей Шойгуга 15-марттан баштап Сирия Араб Республикасындагы биздин аскерий контингенттин басымдуу бөлүгүн чыгарып кетүүгө буйрук берем. Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинен Сирия кризисин чечүүгө багытталган тынчтык сүйлөшүүлөрдө Орусиянын жигердүү катышуусун камсыздап берүүнү талап кылам.

Путин 15-мартка караган түнү АКШ президенти Барак Обама менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Путин дүйшөмбү кечинде коргоо министри Сергей Шойгу жана тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.
Путин дүйшөмбү кечинде коргоо министри Сергей Шойгу жана тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды.

Обаманын администрациясы эки президенттин сүйлөшүүсүндө Кремлдин бул кадамына эч кандай баа берилбегенин маалымдайт. АКШ президенти Сириядагы ок атышуу режими токтогондон кийин зомбулук кыйла азайганын кубаттап, Асадга караштуу күчтөрдүн чабуулдары элдешүү жараянын бузуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө кедергисин тийгизиши ыктымалдыгын айтты.

Ал тапта Женевада Сириядагы беш жылга созулган ички жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Жолугушууга катышып жаткан Сирия оппозициясы Орусиянын бул билдирүүсүн этияттык менен кабыл алды.

"Орусия армиясын чыгарып кетээри чын болсо бул жакшы жышаан",- деп билдирди Сирия оппозициясынын өкүлү Салим Ал-Муслат.

Кремлдин маалыматына таянсак, Сирияда 50дөй учак менен тик учак жана аларды көзөмөлдөгөн аскерлер тобу бар. Путин орусиялык күчтөр Тартус аскер деңиз базасында жана Латакия провинциясындагы Хмеймим авиабазасында кала берээрин кошумчалады. Ошондой эле Москва Дамаскка “эл аралык терроризм” менен күрөштө колдоо көрсөтүүнү улантарын билдирди.

- Бүгүнкү кабыл алынган чечимдер Сириядагы жаңжалдын бардык тараптарына жакшы белги деген үмүттөмүн. Бул нерсе Сирия боюнча сүйлөшүүлөргө катышып жаткан бардык тараптардын ортосунда ишеним жаратып, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына өз салымын кошот деп ойлойм.

Айрым эксперттердин пикири боюнча Москванын бул чечими Дамаск жана Вашингтон менен алдын ала талкууланып, анан кабыл алынды.

Орус аба күчтөрү Сириядагы соккуларын өткөн жылдын 3-сентябрында баштаган. Москва чабуулдар “Ислам мамлекети”, “ан-Нусра” фронту сыяктуу экстремисттик топторго каршы багытталганын айтса, Сириядагы оппозиция жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кремль Сириянын президенти Башар Асадга каршы чыккан күчтөргө сокку уруп жатканын сындап келишкен.

Ал тапта Сирия армиясы да “Ислам мамлекети”, “ан-Нусра” фронту жана башка алар менен байланышы бар экстремисттик топторго каршы күрөштү улантарын билдирди.

Сирияда башталган жарандык согушка быйыл туура беш жыл болду. Бул маалда 270 миңден ашык адам набыт болуп, миллиондогон сириялыктар бозгунга айланды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG