Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Путиндин Сирия жүрүшүнүн сыры


Сириядан кайткан алгачкы учактардын бири. Воронеж облусундагы аба база. 15-март, 2016-жыл.
Сириядан кайткан алгачкы учактардын бири. Воронеж облусундагы аба база. 15-март, 2016-жыл.

Орус президенти Путиндин Сириядан “аскер контингенттин негизги бөлүгү” чыгарылат деген жарыясы күтүүсүз чечим катары бааланууда. Москванын бул жарыясынын артында кандай жүйөлөр жана себептер жатышы мүмкүн?

Сирия президенти Башар Асаддын "Орусиянын аскер контингентинин негизги бөлүгүн чыгаруу чечими расмий Дамаск менен “толук координациялоонун натыйжасы" деп ырастаганына карабай, талдоочулар мындан күмөн санап турушат.

Анткени, Москва жарыясын чын эле аткарса, бул бүгүнкү шартта Асаддын кызыкчылыгына шайкеш келчү иш эмес.

Себеби, Орусия Сирияда акыркы алты айга жакын убакыт ичинде ишке ашырчу негизги максат, көпчүлүк талдоочулардын пикиринде, Асаддын режиминин ага каршы оппозициячыл күчтөр тарабынан кулатылышынын гана алдын алуу болчу:

- Асаддын режиминин аскерий абалы эми бир топ начарлайт. Анткени, Сириянын өкмөттүк деп аталган күчтөрүнүн өлкөдөгү аскерий абалды бир топко өзгөртө алышындагы чечүүчү фактор биринчиден, бул Орусиянын абадан кеңири колдоо көргөзүүсү болду. Чынында эле орусиялык учактар оппозициянын көзөмөлүндөгү аскерий жана жарандык объектилер болобу аянбастан эле сокку урушту. Орусиянын авиациялык колдоосу болбосо, Асаддын туруму аскерий жактан кыйла алсырайт, - деди “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде аскерий-саясий талдоочу Юрий Федоров.

Асадга белги

Орусиянын Сириядагы аба соккулары 2015-жылдын 30-сентябрында башталган. Быйыл 27-февралда ал жерде ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун шарттары күчүнө киргенге чейин Москва “Ислам мамлекети” тобу баш болгон террордук уюмдарга гана сокку уруудабыз деп ырастаганы менен, Батыш өлкөлөрү жана Түркия бийликтери Орусия сириялык оппозицияны гана алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтып келишкен.

Орусия аскерий учактары чыгарыларын Сириядагы согушту токтотуу боюнча БУУнун ортомчулугу алдындагы сүйлөшүүлөрдүн башталуусуна тушташ жарыялоосунан улам бул Москванын Асадга олуттуу сүйлөшүү үчүн убакыт келгенин каңкуулоосу катары да бааланууда.

Ушундай эле ойду айрым батыштык дипломаттар да айтышты:

- Орусиянын жарыясы Башар Асад үчүн Женевадагы сүйлөшүүлөрдү олуттуу жүргүзүүгө убакыт келди деген белги. Анткени, Москва айткандардын бир бөлүгү эле реалдуулукка айланса, Асад жана анын коопсуздук кызматтары Орусиянын колдоосу мурдагыдай болоруна ишене албайт дегендик, - деди Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайер.

Бирок баяндамачылар президент Путиндин Сирия боюнча соңку жүрүшү кокус Женевадагы сүйлөшүүлөр оңунан чыкпай калса бул үчүн Москва оппозицияны, анын аймактык колдоочуларын, Батышка күнөө коюшуна шыкак болоруна да көңүл бурушууда.

Батышка ишара

Президент Путин баштаган орус расмий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, алардын аскерий операциясы Сириянын аскер күчтөрү “эл аралык терроризмге каршы күрөштү фундаменталдык түрдө өзгөртүүгө жетишүүсүнө” жардам берди, “аскерий аракеттер токтошу жана сүйлөшүүлөр үчүн шарт түздү”.

Ошентип, Орусия орто жолдо Сирия кризиси боюнча сүйлөшүүлөрдүн, Жакынкы Чыгыштагы башкы өнөктөшү Башар Асаддын саясий болочогу бир жаңсыл боло электе аскерлерин жарым-жартылай чыгарууга киришүүсүнө кандай жагдайлар түрткү берди? Анын чоо-жайын орусиялык аскерий-саясий талдоочу Юрий Федоров мындайча чечмелейт:

- Менимче, бул жерде Кремлди жогорудагы чечимге түрткөн эки жүйө болушу мүмкүн. Биринчиси - Путин өзү да, анын генералдары да Украинадагы кырдаалды жана Жакынкы Чыгышты эске алганда “эки майданда” бир учурда согушуу мүмкүн эместигин жакшы түшүнөт. Андыктан, Путин эми негизги көңүлдү, басымды Украинага жасашы ыктымал. Экинчи жүйө, Путин Сириядан жарым-жартылай кетүү менен Батыштын саясатчыларына, силер Сирияга киргенибизге нааразы болдуңар эле, биз кетип жатабыз, бирок бизди украин проблемасында колдогула дегендей белги берүүдө. Мен Батыш өлкөлөрү Украина боюнча Путинге кол сунуп, принципиалдуу маселелер боюнча турумун өзгөртөт деп ойлобойм. Бирок Кремлде ушундай эсеп болушу мүмкүн.

Операциянын куну

Орусиялык талдоочулар мындан сырткары Путиндин Сириядан жарым-жартылай кетүү чечимине аскерий бюджеттеги кыйынчылыктар да салым кошконун жокко чыгарышпайт.

Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин профессору Николай Петров Рейтердин кабарчысы менен маегинде Кремль Украинадан кийин Сирия операциясына "бийликтин легитимдүүлүгүн" чыңдоо үчүн барганын да эске салып, буларга токтолду:

- Ургалдуу операция улам жаңы чыгымдарды талап кылып турат. Ал эми аны таап, камсыздоо абдан оор. Анын үстүнө Сирия операциясынан алууга мүмкүн болгон саясий упайдын баары алынды. Орусия улуу держава экени, ансыз Жакынкы Чыгыштын көйгөйлөрүн чечүү мүмкүн эместиги көргөзүлдү. Бирок мунун куну өтө кымбатка туруп калуусу мүмкүн.

Мурдараак орусиялык РБК агенттиги Москвнын Сириядагы бир күнкү аскерий чыгымын 2,5 миллион доллар деп болжолдосо, IHS Jane’s деген иликтөө борбор 4 миллион доллар деп эсептеген.

Путиндин 14-марттагы жарыясына чейин Орусиянын расмий маалыматтары Сирияда 50дөй аскерий учак менен тик учак жайгаштырылганын кабарлаган.

Орусиянын учактары Хмеймим базасында. 15-март, 2016-жыл.
Орусиянын учактары Хмеймим базасында. 15-март, 2016-жыл.

Ал эми Сириядагы орусиялык аскерлердин саны АКШнын баамында 3000-6000дин аралыгында болчу. Мындан сырткары Орусияда Сирияда учактарга каршы С-400 ракеталык системасын да орноткон.

Эми парламенттин жогорку палатасы – Федерация кеңешиндеги аскерий комитеттин төрагасы Виктор Озеровдун айтуусунда, «контингенттин негизги бөлүгү» чыгарылгандан кийин да Сириядагы эки базада 1000дей аскер кызматчысы, чалгынчы учууларды аткарып турчу учкучтар калат. Тартус деңиз базасы менен Хмеймим аба базасынын коопсуздугун 800дөй жоокер кайтарат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG