Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

Орус учактары Сирияга Ирандан сокку урууда


Сириянын Алеппо шаары
Сириянын Алеппо шаары

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москва менен Вашингтон Алепподогу гуманитардык кризисти чечүү боюнча орток пикирге жакындап калганын билдирди.

АКШ тарап аны ырастабай, бирок эки тараптын ортосунда тыгыз байланыш бар экенин белгиледи. Бул арада Орусия Сириядагы операциясы үчүн Ирандын аба майданын пайдалана баштаганы кабарланды.

Сириянын экинчи ири шаары Алеппону алуу үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө. Башар Асаддын өкмөттүк күчтөрү Алепподо жоочуларды камалоого алган. Ага Орусия абадан колдоо көрсөтүүдө. Батыш жана АКШ камалоо жана операция учурунда тынч жарандар жабыркап жатканын билдирүүдө. Орусия өз кезегинде Алепподо гуманитардык коридорлор ачылганын кабарлаган.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 15-августта​ "Орусия 24" телеканалына берген маегинде билдиргендей, Орусия менен АКШ Алепподогу гуманитардык кризисти чечүүдө орток конструкция табууга жакындоодо:

Сергей Шойгу
Сергей Шойгу

- Биз азыркы кезде америкалык коллегалар менен Женевада, Оманда өтө активдүү сүйлөшүү үстүндөбүз. Вашингтон менен такай байланыштабыз. Кадам сайын Алепподогу маселени чечүүгө жардам бере турган конструкцияга жакындап келатабыз. Биздин чогуу аракетибиз мына ушул азаптуу жерде тынчтык орношуна, адамдардын үйлөрүнө кайтуусуна жардам берет деп үмүт артууга негиз берет.

Бирок АКШнын расмий адамдары Алеппо боюнча келишимге жакындап калышканын ырастаган жок. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Элизабет Трюдо “азыркы кезде ал жөнүндө жарыялай турган эч нерсе жок” деп билдирген. Бирок ал Орусия тарап менен Америка тыгыз байланышта экенин тастыктаган.

Алеппо шаарында согуш алты жылдан бери жүрүп жатат. Бир кезде анда эки миллиондой эл жашаса, азыркы мезгилде 700 миңдей калганын Орусиянын коргоо министри Шойгу билдирди.

Эл аралык кызыл чырым комитетинин президенти Петер Маурер Алеппо үчүн болгон кагылышты “биздин мезгилдеги шаардагы эң кыйраткыч кагылыш” деп баалады.

Бул арада Орусияда Сирияга Иранда жайгашкан аскерий учактары менен сокку ура баштаганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымдоосуна караганда, 16-августта узак радиустагы Ту-22М3 бомба таштоочу жана Су-34 согуш учактары Ирандын "Хамадан" аба майданынан учуп чыгып, сокку урду. Орусия биринчи ирет Ирандын аба майданын пайдаланды.

Учактар “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун объектерин, курал кампаларын жана машыгуу лагерлерин бутага алды. Орусиянын узак радиустагы учактары буга чейин Орусиянын өзүнүн Моздок шаарындагы аба майданынан учуп жаткан. Иран аба майданын пайдалануу менен аралык 60% кыскарды.

Ал эми Нью-Йоркто жайгашкан Human Rghts Watch адам укугун коргоочу уюм Орусия менен Сирияны эл жашаган райондордо күйгүзүүчү курал колдонууда деп 16-августта айыптады. Уюмдун маалыматы боюнча, акыркы алты жумада андай курал 18 жолу колдонулду. Human Rghts Watch уюму химиялык курал боюнча конвенциянын катышуучуларына 29-августта Женевадагы жыйында күйгүзүүчү курал колдонууну айыптоону сунуштады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG