Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

БУУ Сирия боюнча резолюцияны талкуулап жатат


Шейшембиде ар кайсыл жерлердеги атышууларда дагы ондогон киши өлдү. Хомс, 31-январь, 2012
Шейшембиде ар кайсыл жерлердеги атышууларда дагы ондогон киши өлдү. Хомс, 31-январь, 2012

Кечээ БУУнун Коопсуздук кеңеши 10 айдан бери Сирияда уланып жаткан зордук-зобун боюнча Араб лигасынын докладын угууга чогулду.

Улуттар уюмунун эсебинде, былтыр жазында президент Башар ал-Асадга каршы нааразылыктар башталгандан бери бул өлкөдө 5400гө жакын адам окко учкан.

Араб лигасынын баш катчысы Набил ал-Араби Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин Сириядагы зордукчулукту “тезинен токтотуш үчүн чечкиндүү чара” көрүүгө чакырды жана элди атышууларга таштап койбоого үндөдү.

Катардын премьер-министри шейх Хамад бин Яссим ал-Тани Сириянын “адам өлтүргүч машинасы дагы эле иштеп жатканын” айтты. Шейх Хамад “сырттан кол салууга чакырбай турганын”, бирок режимди азыр тез өз элинин үнүн укканга мажбур кылгыдай экономикалык жаза зарыл экенин” билдирди.

АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон (оңдо) жыйындагы сөзүнүн алдынан Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс менен акылдашып жатат, Нью-Йорк, 31-январь, 2012
АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон (оңдо) жыйындагы сөзүнүн алдынан Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Сьюзан Райс менен акылдашып жатат, Нью-Йорк, 31-январь, 2012
АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон учурда Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине талкууга коюлуп жаткан резолюция Сирияга каршы аскерий кол салууну карабай турганын айтты.

"Жакынкы күндөрү биз Коопсуздук кеңешинде президент Асадга жана анын режимине ачык билдирүү жибере турган биргелешкен резолюцияны сунуш кылабыз, - деди АКШнын мамкатчысы Клинтон. - Мында Араб лигасы өзгөчө лидерлик позициясын көрсөтө алганын даана белгилей алдык деп ойлойм жана биз лиганын оюн колдойбуз. Азыр эч ким аскерий кол салуу тууралуу маселени карай электигин белгилей кетели".

Негизи, кол салууга кеңештин туруктуу беш мүчөсүнүн экөө - Орусия менен Кытай – ансыз деле жол бербей тургандыктарын кайталап келишет.

Орусиянын Бириккен улуттар уюмундагы элчиси Виталий Чуркин расмий Москва сырттан көрүлүүчү кандай гана кийлигишүү болбосун, аларга каршы экенин айтты.

Конфликтти Орусия Сириянын ички иши деп билет жана, Чуркиндин айтымында, азыр жаатташкан тараптардын ортосунда диалог аркылуу тынчтыкка жетишсе болот.

Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари өз өлкөсүндөгү зордук-зомбулуктар үчүн өкмөт күнөөлүү эмес деп эсептейт
Сириянын БУУдагы элчиси Башар Жафари өз өлкөсүндөгү зордук-зомбулуктар үчүн өкмөт күнөөлүү эмес деп эсептейт
"Азыр Араб лигасы менен биздин маанилүү маселе боюнча оюбуз бир – саясий диалог керек, - дейт орус элчиси Чуркин. - Өкмөт менен башка тараптар тартылышы зарыл. Орусия бул багытта иш жүргүзүп, Сирия өкмөтүн жана кызыкдар тараптарды Москвага сүйлөшүүлөргө чакырат. Араб лигасынын жоопкерчилиги астында эч кандай алдын ала шарт койбой Москвага чогулуп сүйлөшөлү".

Ал эми Улуттар уюмундагы Сириянын өкүлү Башар Жафари конфликтке өкмөт жооптуу эмес деп билээрин айтты. Ал Америка Кошмо Штаттары менен анын европалык өнөктөштөрүн айыптап, булар “колониализмге, үстөмдүк кылган гегемонияга” кайтууну самашкан деди.

Батыштык дипломаттар резолюция ушул аптада добуш берүүгө коюлат го деп үмүттөнүп жатышат.

Коопсуздук кеңеши ушинтип азыр кандай чечимге келишти талкуулап жаткан чакта Сириянын өзүндө өкмөттүк аскерлер менен каршылык көрсөткөндөрдүн атышуулары күчөп кеткенсиди.

Сириялык адам укугун коргоочулардын Лондондогу кеңсесинен билдиришкендей, дүйшөмбүдөн бери атышууларда 100гө жакын адам өлдү. Айрым маалыматтарда шейшембиде дагы 30 киши окко учканы айтылган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG