Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Сирияда аскерлер чабуулун күчөттү


Өкмөткө каршы нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 31-январь, 2012-жыл
Өкмөткө каршы нааразылык акциясынан бир көрүнүш, 31-январь, 2012-жыл

Сириялык активисттердин айтымында, өкмөттүк аскерлер Дамасктын чет жакасындагы чабуулун күчөтүп, козголоңчу күчтөрдү сүрүп чыгарууда.

31-январда Сириянын армиясы баш калаанын айланасын аткылоосун күч алдырып, андан тышкары Замала, Арбен шаарларына чабуулга өттү. Армиянын чабуулдары Сириянын президенти Башар ал-Асаддын кызматтан кетишин талап кылган резолюциясынын Араб лигасы сунуш эткен долбоору Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин талкуусуна коюлган мезгилге туура келүүдө.

Кеңештин вето коюга укуктуу мүчөсү болгон Орусия Араб лигасынын бул планына каршы чыккан. Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гаитов 31-январда бул сунушту "Батыштын ойлоп тапканы" деп сыпаттап, мындай аракет "Сирияны жарандык согушка түртөт" деп ырастады.

Ал эми Сириянын оппозициядагы Улуттук кеңешинин жетекчиси Бурхан Галиун Коопсуздук кеңеши Асаддын бийликтен кетишин кепилдеген резолюция кабыл албаса, Асад "адамзатына каршы кылмыштарын" улантып, Сирия баары бир согуштан арыла албай тургандыгын эскертти:

Сирия дараметсиз мамлекеттердин катарына кирип калышына жол бербеш үчүн Коопсуздук кеңешинен колдоо издеп келдик.

Биздин Кеңеш Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн жоопкерчиликти өзүнө алып, адамзатына каршы кылмыштарды айыптаган жана Башар Асаддын бийлик жүргүзө албай калгандыгын бышыктап, анын кызматтан кетишин талап кылган ачык, так резолюцияга добуш берүүгө чакырабыз.


Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон Москванын турумун сынга алып, "Коопсуздук кеңеши колун канга матыргандарды арачылабай, өз милдетин аткарышы керек" деген.
Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Ален Жуппе Орусияны Асаддын бийликтен кетип, "кыргынды токтотушун" кепилдөөнү максат кылган "бардык резолюцияларга" бут тосот деп күнөөлөдү:

– Сирияда чынында да бет чыдагыс нерселер болуп жатат. Мен муну качан эле айткам. Араб лигасынын байкоочулары жүргөндө да кыргын токтогон жок. Ар апта сайын, ондогон, жүздөгөн киши өлүп жатат.

Жуппе Орусияны ийге келтирип, аны Асаддын режимин айыптаган резолюцияга каршылык көрсөтүшүн токтотууга көндүрүү мүмкүн болот деген үмүтүн кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Коопсуздук кеңешинде шейшембинин түнүндө башталган талкууга келүү ниетин билдирген. Анын сөзү боюнча, Вашингтон Араб лигасынын планын расмий Москва менен талкуулап жатат.

Эркин Сирия армиясынын жоокерлери
Эркин Сирия армиясынын жоокерлери
Анын аралыгында Сирияда оппозициячыл Улуттук кеңеш баш калаа Дамасктын чыгыш кыйырындагы калк жыш жайгашкан оодандардын аткыланышына байланыштуу аза күтүүгө чакырды.

Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун эсебинде, жекшембиден бери өлкөдө 180ден ашык киши набыт болду. Танк, замбирек колдонгон армия ошондой эле жүздөгөн кишини камакка алгандыгы кабарланууда.

Оппозициячыл активисттердин айтымында, өкмөттүк армиядан качып, Эркин Сирия армиясына кошулгандардын көбү дүйшөмбүдөн тартып Дамасктын чет жакасынан чегине баштады. Уюм бул күчтөрдүн ок-дарысы түгөнүп баратканын кошумчалады.

Бирок Сириянын борборундагы Хомс шаарында Эркин армиянын бир аскери оор салгылаштан кийин 31-январда Растан шаарын толугу менен каратып алдык деп ырастады.

XS
SM
MD
LG