Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Сирте менен Бани Валидде салгылаш уланууда


Сирте шаарынын жака бели, 16-сентябрь 2011-жыл
Сирте шаарынын жака бели, 16-сентябрь 2011-жыл

Ливиянын Улуттук өткөөл кеңеши жаңы өкмөттүн курамын жарыялаганы жатат. Бирок Сирте жана Бани Валид шаарлары дагы эле Каддафиге лоялдуу күчтөрдүн көзөмөлүндө кала берүүдө. Убактылуу бийликтин армиясы каддафичилердин катуу туруштугуна кабылышууда. Ал эми өткөөл кеңештин жетекчиси Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Ливиянын атынан сүйлөө укугун алды.

Ливиянын убактылуу бийлиги салгылашуулар уланып жатканына карабай, жаңы өкмөттүн курамын жарыялоого камданууда. Оппозициядагы “Мусулман Агайыңдар” уюму өкмөт куруу сүйлөшүүлөрүнөн четте калганына нааразы болууда.

Айрым кабарларга караганда, Каддафи режими учурунда жогорку кызматты ээлеп келген, жаңы бийликтин экинчи адамы Махмуд Жибрил утурумдук өкмөттүн башчысы болуп калмакчы.

Ал аралыкта Ливиянын эки шаарында өткөөл өкмөттүн аскерлери менен Муаммар Каддафини колдогон күчтөр ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат. Сирте жана Бани Валиддин көчөлөрүндө аткылашуулар угулуп жатканы кабарланууда. Жаңы бийликтин армиясы бир нече күндөн бери эски режимдин акыркы чептерин ээлөөгө аракеттенүүдө. Бирок каддафичилер алардын мизин кайтарып жатышат. Утурумдук өкмөттүн маалымат катчысы Ахмед Бани каддафичилер “эң жакыңкы күндөрү жеңилет” деп билдирди.

Ал эми бир айдай мурун бийликтен кулатылган Каддафинин кайда жашырынып жүргөнү беймаалым. Анын басма сөз катчысы полковник өткөөл өкмөткө каршы салгылашууларды Ливиянын ичинен жетектеп жатканын ырастады.

Бир катар маалымат агенттиктери болсо Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттининин: “Каддафи Ливиядан чыгып кеткен болшу керек” деген сөздөрүн келтиришет. Батыш прессасы буга чейин полковник Бани Валид же кичи мекени Сирте шаарында жашырынышы мүмкүн деп божомолдоп жатышты эле.

Каддафи үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү Алжирде, калгандары Нигерде баш калкалашууда. Ал өзү болсо өмүрүнүн аягына чейин Ливияда болуп, душмандарга каршы күрөшөөрүн ырастап келген. Бир нече күн мурун Сирия телеканалынан Каддафи жазган делген катты окуп беришкен. Анда Ливиянын экс-лидери БУУга кайрылып, туулган шаары Сиртеде кан төгүүлөрдү токтотууга үндөгөн.

Жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Ливияны калыбына келтирүү иштерине жардам иретинде Муаммар Каддафинин режимине каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетүү сунушун колдоду. Атап айтканда, өлкөнүн улуттук мунай компаниясы жана борбордук банкынын ишине киргизилген чектөө алынып салат.

Санкциялар жөнүндөгү чечим мындан жарым жылдай мурун Каддафи өкмөтү демократиячыл демонстрацияларды күч менен басып жаткан кезде кабыл алынган. Кеңеш ошондой эле Ливияга БУУнун миссиясын жиберүүнү чечти. Буга чейин БУУнун Башкы ассамблеясы Ливиянын Улуттук өткөөл өкмөтүнө уюмда өлкөнүн атынан сүйлөө мандатын берген.

XS
SM
MD
LG