Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Саади Каддафи Нигерге өтө качты


Саади Каддафи, 7-февраль, 2005
Саади Каддафи, 7-февраль, 2005

Ливиянын бийликтен кулатылган лидери Муаммар Каддафинин уулу Саади 11-сентябрда коңшулаш Нигер мамлекетинен баш паанек тапты.

38 жаштагы Саади гумманитардык негизде өлкөгө кирүүсүнө урусат берилгенин Нигердин юстиция министри 11-сентябрда маалымдады.

Нигерге буга чейин Ливиянын коопсуздук кызматынын башчысы Мансур Дао жана Каддафи өкмөтүнүн башка да мартабалуу ишкерлери келгени кабарланган.

Cаади 38 жашта. Ал Муаммар Каддафинин жети уулунун үчүнчүсү.

Саади жана аны коштогон тогуз адам Нигерге буга чейин келген мартабалуу каддафичил качкындар сыяктуу Сахара чөлү аркылуу өтүшкөн.

Ливиянын Улуттук Утурумдук Кеңешинин жоокерлери Кызыр өрөөндө Муаммар Каддафинин киндик каны тамган Сирте шаарына чукул жерде уруштан тыныгып отурушат. Сентябрь, 2011
Нигерлик аскерлер аларды Агадез шаарына бараткан жолдо кармап, каттоого алышканын өлкөнүн юстиция министри Мару Амаду билдирди:

- 11-сентябрда биз тогуз адамдан турган дагы бир кербенди каттадык. Алардын ичинде Каддафинин уулу Саади Каддафи да бар. Алар биздин өлкөнүн коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалды.

Саади 2003-жылы Италиянын биринчи лигасындагы “Перужа” футболдук клубуна кабыл алынат. Бирок көп узабай жакшы ойноо үчүн атайын дарыларды колдонгону аныкталып, сегиз айга оюндан четтетилет. Келерки жылы футболду таштап, Ливия армиясынын тандалма бөлүктөрүнүн биринин командачысы болуп кетет. Саади кино өнөр жайына да кызыгып, фильм тартканга 100 миллион доллар сарптаган.

Нигер жетекчилиги ливиялык козголоңчулардын Улуттук өткөөл кеңешин өлкөнүн мыйзамдуу утурумдук өкмөтү деп тааныган. Өткөн аптада болсо эгер ливиялыктар өлкө аймагына кирүүнү кааласа, аларга эл аралык милдеттенмелерине ылайык мамиле кыларын маалымдаган.

Бир апта мурда Нигерге Каддафинин даражалуу үч генералы, анын ичинде аба күчтөрүнүн командачысы ар-Рифи Али аш-Шариф келгени ырасмий түрдө кабарланган.

Муаммар Каддафи өзү болсо Ливиядан чыкпай өлөм деп жатат.
Франция. Ливиянын Улуттук Убактылуу Кеңешинин премьер-министри Махмуд Жибрил (солдон оңго), Кеңештин төрагасы Мустафа Абдел Жалил жана президент Николя Саркози. Париж, 1-сентябрь, 2011

Адаватчылардын Убактылуу Утурумдук кеңешинин башчылары Каддафинин жакын чөйрөлөрү Нигерге өздөрү менен кошо Ливиянын Улуттук банкынан чоң өлчөмдө алтын жана акча ала кеткенин айтышууда.

Улуттук Убактылуу Кеңештин төрага орун басары Махмуд Жибрил жекшемби күнү Триполиде билдиришинче, жаңы убактылуу өкмөт он күн арасында - Ливия каддафичил күчтөрдөн биротоло бошотулгандан кийин түзүлөт.

- Биз бардык аймактарда, батыштагы, чыгыштагы жана түштүктөгү бардык шаарларда сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Түштүктөгү бардык аймактар, алтурсун камоодогу шаарлар жаңы өкмөттүн бийлиги астында болот.

Акыркы маалыматтарга караганда, бүгүн адаватчы күчтөр Муаммар Каддафиге ишенимдүү аскерлер бекем коргонуп жаткан Бани Валиддин айрым бөлүктөрүнө киришкен. Бани Валид өлкө борбору Триполиден 160 чакырым түштүктөгү шаар. Түштүктөгү Сабха шаарына жана бул жактагы чөлдүү аймактарга жол Бани Валид аркылуу өтөт. Бул аймак азыр Ливиядагы эң чоң варфалла уруусунун ээлигинде.

Козголоңчу күчтөр үч апта мурда Триполини алгандан тарта түштүктөгү уруу аксакалдары менен багынып берүү жөнүндө сүйлөшкөнгө аракет кылып, бирок анысынан майнап жок. Алар жекшемби күнү эле Улуттук Утурумдук кеңеш жиберген эки элчини тындым кылып салышканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG