Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Тажикстан-Өзбекстан: авиакаттамдар жанданды


Дүйшөмбү-Бухара аба каттамы ачылды. 6-август, 2018-жыл.
Дүйшөмбү-Бухара аба каттамы ачылды. 6-август, 2018-жыл.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда үчүнчү авиакаттам ишке киришти. 6-августта тажиктердин “Сомон Эйр” компаниясы Дүйшөмбү-Бухара багытында 25 жылдан ашуун токтоп калган авиамаршрутту кайра жандандырып, сапарга чыкты.

35 жаштагы Бухаранын тургуну Дилфуза Хикматова - Дүйшөмбүдөн жол тартчу каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири. Ал тажик баш калаасына атасын көргөнү эки жума мурун келген. Мурда үч кичинекей баласын алып, машине менен жол тартып жетсе, эми минтип учакка отуруп заматта үйүнө кирип барат.

- Машине менен жол жүрүү кыйла эле кыйын. Чек арада күнгө какталып бир топ турабыз. Анан чек арадан өтүп, башка машинеге отуруш керек. Учак менен 45 мүнөттөн кийин Бухарада болосуң. Балдардын билетин арзандатып сатышат, акчалай санаганда, баасы машине менен келип кеткендей эле болуп калат экен, – деди Дилфуза Хикматова.

Дүйшөмбүнүн 74 жаштагы тургуну Муборак Хожаеванын туугандары Бухарада жашашат. 20 жылдан бери биринчи жолу учакка отуруп, жакындарына учурашканы баратат. Билет кымбат экенин айткан аял, “кызым акча бербесе, туугандарымды көрө албай калмакмын” дейт.

Тажикстандын борбору менен Өзбекстандын байыркы шаарын байланыштырган учактын билети 485 сомони же 51 доллар турат. Ошол эле маалда Дүйшөмбү – Самарканд каттамына учкан “Тажик – эйр” компаниясынын билети 300 сомони - 33 доллар.

Дүйшөмбү-Бухара аба каттамынын жүргүнчүлөрү. 6-август, 2018-жыл.
Дүйшөмбү-Бухара аба каттамынын жүргүнчүлөрү. 6-август, 2018-жыл.

Коңшу өлкөнүн авиация мекемесинин маалыматына караганда, Өзбекстандын шаарларына барчу авиамаршруттар да көбөйөт. Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Икром Субхонзода жакын арада коңшу эки өлкөнүн шаарларынын ортосунда учак каттамы көбөйөрүн билдирди. “1992-жылы Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда авиакаттам токтогон. Эми жарандарыбыз жеңил-желпи коңшу өлкөгө меймандап барып-келе алышат” – деди ал.

Учурда “Узбекистон хава йуллари” авиакомпаниясы тажик өнөктөштөрү менен бирге Өзбекстандан Куляб менен Курган-Төбөнүн аэропортторуна учак жөнөтүүнү караштырып жаткан кези.

Эки өлкөнүн ортосундагы автобус жана аба каттамдары 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш чыкканда токтогон.

Былтыр апрелден тартып Дүйшөмбү-Ташкент багытында 25 жылдык тынымдан кийин каттамдар жандана баштаган.

Тажикстан менен Өзбекстан чек араны расмий ачып, өз жарандарына визасыз кирип-чыгууга уруксат берген соң автобус маршруттары да калыбына келтирилген.

“Жарандардын өз ара карым-катнашы жөнүндөгү” макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн тургундары коңшусунун аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрө алышат. Документке 9-мартта өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүдөгү сапарында кол коюлган.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматы боюнча чек арада чектөө алынгандан берки жарым жылда эки өлкө ортосунда товар алмашуу 117 миллион долларга чыккан. Бул мурдагыдан эки эсе көп.

Тажикстандын экспорту 15 миллион долларга өсүп, жалпысынан 66 миллионго жеткен. Ал эми импорттун көлөмү 51 миллион долларды түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG