Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Өзбек-тажик чек арасындагы жаңы эрежелер


Тажик-өзбек чек арасы.
Тажик-өзбек чек арасы.

Өзбек-тажик чек арасы ачылганы менен кайра эркин соодага тоскоолдук жаралып жатканын жергиликтүү ишкерлер билдирип чыгышты.

Эки өлкөнүн бажы кызматкерлери товар ташууга чектөө киргизип, мындай эрежени аткарбагандарды чек арадан өткөрбөй жатышканы белгилүү болду.

Быйыл жазында өзбек-тажик чек арасы ачылып, виза тартиби жоюлганда азык-түлүктөн тартып техникага чейинки түрдүү товарлар эч тоскоолдуксуз эки жакка ташыла баштаган. Тажикстандын чек арага жакын жайгашкан Турсунзаде районунда чакан базар да түзүлгөн эле.

- Тажикстан тараптагы бул чакан базар ээнсиреп калды. Болбосо бир аз убакыт мурда эле бул базарда соодагерлер менен кардарлар жык-жыйма болчу. Эми мындай чакан соода менен алектенүү өзүн актабай калды, - дейт чек арага барып келген журналист Анушервон Арипов.

Себеби соңку бир канча жумадан бери бажы кызматкерлери товарларды чектеп өткөрүп жатышат. Жаңы чектөөлөргө ылайык, бир адам Өзбекстандан Тажикстанга 40 килограммга чейин гана товар алып кире алат. Бир товардын түрү 10 килограммдан ашпашы керек.

Чек ара жаңы ачылган учурдагы көрүнүш. 2018-жылдын март айы.
Чек ара жаңы ачылган учурдагы көрүнүш. 2018-жылдын март айы.

Айрым товарларга дагы катаалыраак чектөө коюлду. Мисалы, чек арадан ташылган эт азыктары 2, күрүч 7, ун азыктары 5 килограммдан ашпашы зарыл. Чек ара жаңыдан ачылганда Тажикстанга миңдеп ташылган жумурткалар азыр дээрлик келбей калды.

Өзбекстанга болсо бир киши бир жолу 10 килограмм гана товар алып кире алат. Бир товардын түрү 2 килограммдан ашпашы керек. Өзбекстан 1-июлдан тартып тиричилик техникаcын өлкөгө алып кирүүгө чектөө киргизгендиктен, тажик тараптан бир киши айына бир гана техниканы Өзбекстанга алып кире алат.

Мындай чектөөгө карабай ишин улантууну чечкен соодагерлер ыңгайсыз болсо да бир күндө бир нече жолу эки жакка каттоого аргасыз.

- Эки килограмм өтө эле аз. Бир баштык алсаң эле эки килограмм болот.

- Эгер 200-300 грамм эле ашып кетсе, артка жөнөтүп жатышат, - дешет эки өлкөнүн жарандары.

Быйыл март айында өзбек президенти Шавкат Мирзиеёвдин Дүйшөмбүдөгү сапарынан кийин эки өлкөнүн чек арасындагы 14 өткөрмө бекеттин онго жакыны ачылып, 17 жыл өкүм сүргөн виза тартиби да жоюлган.

Чек ара ачылганда Өзбекстандын салыштырмалуу арзан товарлары, өзгөчө айыл чарба өндүрүмү тажик базарларын каптап кетпейби деп чоочулагандар болгон. Өзбекстандан импорттолгон товарлардын көбөйүшү Тажикстан тарапта баанын арзандашына себеп болуп, жергиликтүү ишкерлердин нааразылыгын жаратып жатканы да кабарланган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана тажик лидери Эмомали Рахмон.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев (солдо) жана тажик лидери Эмомали Рахмон.

Андыктан айрым эксперттер товарларга чектөө коюу менен тажик бийлиги жергиликтүү өндүрүштү коргоп жатканын айтышат. Ошол эле учурда Өзбекстан да Тажикстанга Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн келген товарлардан коргонбой койбойт деген тажик эксперттери бар.

- Убакыт көрсөткөндөй, тескерисинче, биздин базарда товарлардын түрү көп. Өзбекстандын рыногу жана өзбек кардарлары бул товарларга муктаж. Коңшу өлкөнүн тиешелүү органдары азырынча бул маселени бир тараптуу тескөөгө алууну чечкен сыяктанат, - деп ой бөлүштү тажикстандык талдоочу, юрист Шокиржон Хакимов.

Эки өлкөнүн бийлиги чек арадагы чектөөлөр боюнча расмий маалымат бере элек.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын бийлик башына келгенден бери мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун тушунда кескин солгундаган тажик-өзбек алакасы оңоло баштады.

Тажикстандын Статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, жыл башынан берки беш айда Өзбекстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик эки эсе көбөйүп, 94 миллион долларды түзгөн.

Эксперттер Тажикстан коңшусу менен эркин соода жүргүзүү менен өз ишкерлерин коргоонун ортосундагы чекти аныкташы керек деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG