Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:51

Депозиттерди кайтара албаган тажик банктары


Президент Эмомали Рахмондун сүрөтү түшүрүлгөн 1000 сомони.

Тажикстандагы эки ири банк эки жылдан бери кардарларынын акчаcын толук кайтара албай жатат. Алар банкрот деп расмий таанылган эмес, бирок күнүнө ар бир адамга 200 сомони гана чыгарып берүүдө. Мамлекеттин каржылык жардамы да абалды жеңилдеткен жок.

200 сомони же кыргыз акчасына 1500 сом алыш үчүн Тажиксодиротбанктын ​жүздөгөн кардары күн сайын анын эшигин каккылайт. Алар 2016-жылга чейин банкка салган акчаcын ушинтип майдалап алууда. Кардарлар сааттап кезек күтүп, бирок дайыма эле акчалуу кайтышпасын айтып даттанышат. Ошентсе да атын айтып, ачык сүйлөгөндөр жокко эсе. Айрымдары гана жүзүн көрсөтпөй маек курушту:

- Анткени ошол болбогон тыйындарды да ала албай калабызбы деп коркуп жатышат. Банктагылар толтура себеп табышат же мага оройлонгондой эле аларга да ошондой мамиле жасашат. "Сизге акча жок" деп эле кууп чыгышат.

Тажикстандагы банктардын биринин кардары
Тажикстандагы банктардын биринин кардары

- Мен пенсионермин. Жашым сексенде. Күн сайын келе берип кыйналдым. Эч нерсе айтпай жатышат. Банкрот болдук деп жарыялашкан жок. Бирок банкрот болгону көрүнүп эле турбайбы.

- Кечээ бул жерге эки жолу келдим. Автобекеттен бери жөө келгем. Кезекте тургандар да нааразы. Бир жагына барсак банкоматта акча жок экен. Башка жагындагы банкоматта да калбаптыр. Болгону эки жүз сомони алдым. Азыр келсем дагы акча жок.

Агроинвестбанкта да абал ушундай. Тажиксодиротбанк менен Агроинвестбанк Тажикстандагы система түзүүчү, башкача айтканда негизги банктардын бири. Экөө тең 2016-жылкы каржылык кризистен катуу жабыркаган. Алардын оор абалы өлкөдөгү бүтүндөй каржы системасына сокку урушу ыктымал. Бирок экөө тең өздөрүн банкрот деп расмий жарыялай элек.

Тажикстандын Улуттук банкы алар тобокелчиликтерди жакшылап иликтебей, активдерин туура эмес башкарган жана кредиттерди туура эмес берген деп эсептөөдө. Бийлик банктарды сактап калуу үчүн алардын капиталына 3 млрд сомониден (300 млн доллар) ашуун акча кошкон. Ошондон соң өткөн жылдын январында кардарларга алардын эсебиндеги акча төлөнө баштаган. ​Бирок мамлекеттик каражаттар деле кардарларга карыздан кутулууга толук жеткен жок.

Ушундан соң бийлик банктардын мүлктөрүн сатууну чечкен. Бул да абалдан чыгарбады. Анткени ага кардарлар да табылышы кыйын болууда. Ошентип күн сайын берилчү акча кескин азайтылды. Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасы Жамшед Нурмахмадзода баары бир ошол мүлктөр ишке жарайт деген ойдо:

Жамшед Нурмахмадзода
Жамшед Нурмахмадзода

- Эки банк акча салган кардарларына 1,5 миллиарддай сомони карыз. Бирок банктарда аны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк бар. Мүлктөрү турбайбы. Эгер аларды үч жыл мурда бааланган баасында эмес, азыркы баа менен сатышса карыздарынан кутула алат.

Бийлик азыр Тажиксодиротбанк менен Агроинвестбанкка тышкы башкаруу киргизип, банкроттук жараянды баштоону талкуулап жатат. Учурда каржы министри, Улуттук банктын төрагасы баш болгон атайын топ түзүлгөн. Бирок айрым адистер тышкы башкаруу, активдерди сатуу же реструктуризация кырдаалдан чыгарбайт, мамлекет дагы акча бөлүшү керек деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG