Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Тажикстанда айрым сайттар жабылды


Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы окуяны көбүртүп-жабыртууда деп, бир нече телеканалдарды жана сайттарды өлкөдө жаап салды.

Тажикстанда азыр Би-Би-Си радиосунун, "Лента.ру", Youtube жана Fergananews.com сайттары ачылбайт. Буга кошуп, жергиликтүү жаңылыктарды жазчу "Озодоган" басылмасынын жана tojnews.com сайттарын да жапты.

Азыр тажикстандыктар Орусиянын "Вести" жана НТВ телеканалдарын да көрө алышпайт. Бул маалымат каражаттарынын Тажикстанда жабылышын тажик өкмөтүнө караштуу Байланыш кызматынын жетекчиси Бек Зухуров "менин көрсөтмөм" деп ачык эле айтты. Бирок жергиликтүү “Озодагон” сайтынын ээси Зафор Суфиев өкмөттүн бул кылыгына дале жакшы түшүнбөй турганын айтат:

- Сайтыбызды эмне үчүн жапканын жакшылап түшүндүрүшкон жок. Өз элинен маалымат жашырып жатат. "Сайтты коопсуздук үчүн жаптык, бул материалдарыңар туура эмес, ката" деп көрсөтүп да койгон жок.

Тажикстандык интернет провайдерлер айрым сайттарды жаап салгыла деген оозеки гана буйрук алышыптыр. Бийлик тыюу салынган бардык сайттар Тоолуу Бадахшандагы атайын операция жөнүндө көбүртүп-жабыртып, туура эмес маалыматты таратканы үчүн ушундай кадамга барышканын айтууда.

Мисалы, НТВ телеканалы Памирдеги кагылышта жүздөгөн аскерлер жана карапайым адамдар окко учту деп маалымат берген. Чындыгында күч органдары менен согушчандардын кагылышында 60тан ашуун адам набыт болуп, алардын көпчүлүгү мыйзамсыз куралдуу топтун мүчөлөрү болуп чыкты дешет бийликтер.

Тажикстандагы tojnews.com жаңылыктар сайтынын ээси Саймитдин Дустов бийликтер Хорогдогу атайын операциядан жабыр тарткандардын, өлгөндөрдүн санын жашырган сайын бардык маалымат каражаттарында бүдөмүк ойлор жаралганын айтат.

- Ачыктыкты орнотуунун ордуна сайттарды жаба баштаганы эле азыркы бийликтин деңгээлин көрсөтүп турат, менеджмент деген жок. Башка сөз айталбайм.

Хорогдогу операциядан кийин, 24-июль
Хорогдогу операциядан кийин, 24-июль
Жакында эле АКШнын Тажикстандагы элчилиги сайттардын жабылышына кабатырлануусун билдирди. АКШ адамдын өз оюн эркин билдирүү укугу коомдук жайларда гана эмес, интернетте да универсалдуу экендигин белгилейт.

“Биз дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндигин колдойбуз жана башка өлкөлөр да бул принциптерди карманышы керек. Качан идеяларга бөгөт коюлуп, жаңылык жок кылынып, элдин тандоо укугу чектелгенде маалымат эркиндиги аксап, интернет биз үчүн маанисин жоготот. Биз мындай маселелерди Тажикстандын өкмөтү менен талкуулай беришибиз керек”, - деп айтылат билдирүүдө.

АКШ элчилиги Тажикстандын өкмөтүн адам укугун сыйлап, интернет сайттарга киргизилген чектөөнү алып коюуга чакырды. Бирок тажик бийликтери маалымат каражаттарынын жоопкерчиликсиз мамилеси жергиликтүү жашоочуларды жана чет жактагы тажиктерди да бушайманга салып жатканын негиз кармоодо. Мисалы, НТВ телеканалы Хорогдогу аткылашууда жүздөгөн аскерлер өлдү десе, эл аралык журналистиканын үлгүсү саналган Би-Би-Си окуяда 200дөн ашуун адам өлдү деген маалымат тараткан. Ошол себептүү тажик бийликтери жабылган сайттар жакынкы күндөрү ачылбай турганын билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG