Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Келинин өлүмгө жеткирген кайнене соттолду


Фариза Хужаназар.
Фариза Хужаназар.

Тажикстандын Сангвор районунун 62 жаштагы тургуну Зухро Журабекова 21 жаштагы келини Фариза Хужаназарды өз өмүрүн кыюуга жектиргени үчүн 5,5 жылга соттолду.

Тажик бийликтери бул башкаларга да үлгү болсун деген максатта сот отурумун ачык жерде өткөрүп, өкүмдү жергиликтүү элдин катышуусунда чыгарды. Бул Тажикстанда кайненелердин келинге көрсөткөн кордугу боюнча чыгарылган биринчи катаал чечим болгону айтылууда.

29-июнда ачык асман алдында өткөн сот отурумуна күбө болгондордун “Азаттыктын” тажик кызматына айтканына караганда, Зухро Журабекова акыркы сөзүндө келининин жанын кыйышына өзүн күнөөлүү деп санай турганын жана жоопкерчилик тартууга даяр экенин айткан. Бирок өкүм чыккан учурда эсин жоготуп жыгылган.

Быйыл 11-февралда үч айлык боюнда бар 21 жаштагы Фариза Хужаназардын жансыз денеси үйүнөн табылган. Келиндин сөөгү эртеси күнү эч кандай соттук-медициналык текшерүүдөн өткөрүлбөстөн дароо жерге берилген. Буга нааразы болгон Фаризанын ата-энеси 16-февралда сөөктү кайра каздырып, текшерүүдөн өткөрткөн. Мартта укук коргоо органдары келиндин 62 жаштагы кайненеси Зухро Журабековага аны жанын кыюуга жеткирген деп айып койгон.

Фаризанын туугандарынын маалымдашынча, акыркы кездери ал кайненеси, кайнагасы жана абысыны жүдөтүп, басынтып жатканын айтып жүргөн. Ал өз районундагы Хикматулла Журабековго эки жыл мурда турмушка чыккан. Артында бир жаштагы уулу калган Фаризанын атасы Хужаназар Алиев буга чейин билдиргендей, кызы өз жанын кыймак эмес.

- Мен Фариза өзү эле жанын кыюуга барды дегенге ишенбейм. Эгер мындай кадамга барган болсо, анда буга кайненеси жана кайнагасы жектирди. Ошондуктан мен иликтөөнүн жыйынтыгына макул эмесмин, сот ишти жакшы карашын талап кылам.​

Хужаназар Алиевдин оюнча, кызы менен күйөө баласы ынтымакта эле жашап келе жатышкан.

Башында иштин адилет каралышын талап кылып келген Алиев акыркы сот отурумунда кудайыгын кечирди. Бирок судьялар анын кечиргени сот чечимине таасир этпей турганын, өкүм мыйзам чегинде чыгарыла турганын убада кылышкан.

Жергиликтүү эксперттердин айтканына караганда, бул - Тажикстанда кайненелердин келинге көрсөткөн кордугу боюнча чыгарылган биринчи катаал чечим.

Тажикстандагы аялдар суициди укук коргоочулар көп көтөрүп келе жаткан темалардын бири. Алар аялдардын мындай кадамга барышынын бир себеби катары үй-бүлөдөгү кордукту атап келе жатышат. Расмий маалыматтар да Тажикстанда аялдар өз жанын кыюуга көбүрөөк бара турганын көрсөтөт. Маселен, 2016-жылы 327 суицид катталса, анын 168 аялдар болгон. Ал эми 159 эркек жана 55 бала өз жанын кыйган. Талдоочулар өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар жана социалдык оор шарттар да адамдардын өз жанын кыюусуна себеп болуп жатканын айтып келишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG