Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:20

Ошто өз жанын кыйгысы келгендер көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында жыл башынан бери 34 адам өз жанын кыюуга аракеттенип, анын жетөө каза болду.

Милиция шаарда акыркы үч күн ичинде эле беш киши суицидге барып, алардын экөө өлгөнүн билдирди. Өз жанынан кечкендердин көбү өспүрүмдөр жана кыз-келиндер. Бул маалымат Кыргызстанда суицид темасын кайрадан көңүл борборуна алып чыкты.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматкери Райхан Абдразакова "Азаттыкка" билдиргендей, акыркы үч күндө беш киши өз өмүрүнө кол салып, экөө каза тапты. Алардын бири 8-класстын окуучусу, экинчиси отуз жаштагы келин. Калгандарынын аракети ишке ашпай тирүү калышкан.

- Каза болгон окуучу кыздын ата-энеси милицияга "эч кимге доом жок" деген тилкат жазып берди. Сөөктү экспертизага берүүдөн да баш тартышты. Ал эми келиндин өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө. Ушундай учурлардын алдын алыш үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, дин өкүлдөрү менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн семинар-тренингдерди өткөрүү боюнча коомчулукка кайрылганбыз, - деди Абдразакова.

Милициянын маалыматына караганда, быйыл Ошто өз өмүрүнө кол салгандар көбөйдү. Былтыркы жыл ичинде өз жанын кыйгысы келген 22 учур катталса, 2018-жылдын беш айында эле мындайлардын саны 34 кишиге жетип, анын жетөө өмүрү менен кош айтышты.

Жашоодон үмүтү үзүлүп, жан кыюуну көздөгөндөрдүн көбүн өспүрүмдөр түзөт.

Аялдар жана балдар менен иштеген социалдык кызматкер Кумар Эргешова жашы жете электердин мындай кадамына коомдогу социалдык кыйынчылыктар менен катар ата-энелердин жоопкерчиликсиз мамилеси түрткү болуп жатканын белгиледи:

- Ата-эне балага мээрим, жылуу сөз керек экенин унуткандай. Апалар сериалдан, коноктон колу бошобойт. Балдарды башкаруу, үстөмдүк кылуу аркылуу "аларга жакшы тарбия берип жатам" деп ойлошот. Бирок жөн гана чекесинен сылап, бетинен өөп кучактап коюу - бала үчүн эң кымбат нерсе. Күнүгө кучактап, өөп мектепке узатууну, тосуп алууну адатка айлантыш керек. Ошондо гана бала тартынбай, өз ой толгоосун ачык айтканды үйрөнөт. Алыста жүргөн ата-энелер күн алыс болсо да балдары менен сүйлөшүп, өзүнүн кандай иштеп жатканы тууралуу айтып берип, сырдашып турса балдар өз өмүрүн кыюуга барбайт эле.

Кыргызстан боюнча былтыр өз өмүрүн кыйган өспүрүмдөр жүзгө чамалаган. Жыл башынан бери жыйырмадай бала суицидден көз жумду. Психотерапевт Кеңеш Үсөнов коомдогу бул мүшкүлдөн арылыш үчүн чогуу-чаран иштеш керек деп эсептейт:

Кеңешбек Үсөнов.
Кеңешбек Үсөнов.

- Бул багытта иштеген психолог, психотерапевт, педагог, милиция - баарынын башын бириктирип, кандай жолдо иш алып барыш зарыл экенин көрсөткөн координациялык чаралар керек. Азыр психологдордун өздөрү да атайын маалыматка муктаж. Бүгүнкү күндө психологдор өзүнчө, окутуучулар, юристтер өзүнчө маалымат берип жатышат. Бирок бул бардык тараптар ортого салып талкуулай турган татаал маселе да. Аны чечүү аракеттери кантип ишке ашырылып жатканын караган эч ким жок болуп атат.

Өспүрүмдөр арасындагы суицид жана анын тыйылбай жатышынын себептери буга чейин айтылып, мамлекет да атайын иш-чараларды жүргүзгөнү менен натыйжа байкала элек.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2015-жылдын күзүндө "Балдар үчүн ишеним телефону: 111" борборун ишке киргизген. Ал борбордун жетекчиси Марина Жапаркулованын айтымында, ишеним телефону иштей баштагандан бери 486 бала кеп-кеңеш сурап кайрылган. Арасында жанын кыйгысы келгендер да бар:

- Биздин борборго ар кандай суроолор менен телефон чалышат. Психологиялык жактан жабыркаган балдар кайрылышат. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар боюнча, ата-энеси ажырашкан балдар телефон чалган учурлар болот. Ошондой эле зомбулукка кабылган балдар чалышат. Ата-энеси, мугалимдери, теңтуштары, курбулары менен түшүнбөстүк болуп, ар кандай жагдайларга туш болгон балдар да кайрылат. Алардын маселесин психологдор угуп, кеп-кеңеш беришет. Мисал келтирсек, ушул эле жылы 17 жаштагы өспүрүмдүн курбусу бизге чалып, анын өз жанын кыюуну көздөп жатканын кабарлады. Биз маалыматты укук коргоо органдарына жиберип, алар баланын өмүрүн сактап калышты. Ал өспүрүм ага дейре өзү да бизге чалып, кеп-кеңеш алып турчу.

Коомдо ата-эненин көңүл бурбай калганынан депрессияга кабылган өспүрүмдөр да кездешет. Алардын бири - он жаштагы Айбийке (аты-жөнү өзгөртүлдү) ата-энесинин мээримин сезбей, чүнчүп психологдон кеңеш алып жүрөт.

- Жолдошум экөөбүз тең мугалимбиз. Эртең менен кетебиз, кечинде келебиз. Үч балабыз бар. Айбийке ортончусу. Биз жокто балдарды үйүбүздө жашаган студент сиңдим карап турат. Акыркы кезде кызым өзүнөн өзү эле кабагы ачылбай, сүйлөбөй, түнт болуп кетти. "Мени эмнеге төрөдүңүз эле?" деп сурай баштады. Башында маани бербей эле жүрдүм. Кийин кызым туталанып баратканын байкап, психологго алып бардык. Психолог менен сүйлөшкөндө биз жокто улуу балам кечке эле урушуп, чүнчүтүп салаарын айтыптыр. "Ушул үйдө такыр жашагым келбейт, башка жакка кетип калгым келет. Мени эч ким жакшы көрбөйт, инимди баары жакшы көрүп, көзүнө карайт" дептир. Аны уккандан кийин кызыбызга болушунча көңүл бурганга аракет кылып калдык, - деди Айбийкенин энеси Канчайым.

Кыргызстанда заманга жараша балдарды тарбиялоонун маани-маңызын өзгөртүү зарылдыгы көптөн бери айтылып жүрөт. Адистер ата-энелерди бала тарбиялоого окутуп-үйрөтүү зарыл деп эсептешет. Ошондой эле алар ата-энелерди балдардын окуусун, эмне менен алектенгенин, айрыкча Интернетте кандай сайттарга кирип жатканын көзөмөлдөп турууга чакырышат.

Өз жанын кыйгандар же ошого умтулуп, бирок максаты ишке ашпай калгандар өспүрүмдөрдөн кийин эле кыз-келиндер арасында көп.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG