Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Тажикстан: Тойдун арты сот болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы жетекчиси каада-салттар жөнүндө мыйзамды бузганы үчүн жазаланды. Сайфиддин Назарзода тоюна ашыра конок чакырганы үчүн кызматынан айрылып, ири айыпка жыгылган алгачкы аткаминер болду.

28-сентябрда Дүйшөмбүдөгү райондук сот өлкөнүн Улуттук китепканасынын мурдагы башчысы Сайфиддин Назарзоданы 12 миң сомони (96 миң сом) айыпка жыкты. Анын кудасы Тожиддин Хабибуллоевге болсо 5 миң сомони (40 миң сом) айып салынды.

Назарзода өткөргөн той 8-августта жергиликтүү телеканалдан көрсөтүлгөн эле. Ошондон бир жума өтпөй ал республикалык китепкананын башчылыгынан бошотулду.

Сайфиддин Назарзода
Сайфиддин Назарзода

Өлкөнүн Каржы көзөмөлү жана коррупцияга каршы күрөш агенттиги аткаминерди “Салт, салтанат жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамды бузду деп айыптаган. Мыйзамга ылайык, тойдун коноктору 150 кишиден ашпашы керек. Ал эми башкы китепканачы уулу Фирдавстын борбордогу “Шоира люкс” ресторанында өткөн үйлөнүү тоюна 300дөн ашуун киши келген деп белгилейт агенттик.

Айыпталуучу болсо сотко негиз болгон материалдар үйлөнүү тойдон эмес, “оши нахордон” же тойдун урматына эртең менен берилүүчү аштан тартылган дейт. Ал эми “оши нахордо” үстөлдөгүлөр улам алмашып, ашын жеп бүткөндөр туруп кете берет. Назарзоданын адвокаты Бахтиер Насруллоев буларды айтты:

- Сот жараяны башталгандан тарта эле кардарымды кантип болсо да жазалоону көздөгөн бир жактуулукту сездик. Ошон үчүн алар биздин көптөгөн өтүнүч арыздарды четке кагышты. Прокуратура сүрөттөрдөгү конокторду карап туруп эле мынча киши деп жатат. Бирок алар бир эле кишини бир нече жолу эсептеп жатышат. Ошон үчүн биз ал сүрөттөгү адамдарды эсептеп чыгуу боюнча экспертиза дайындоону өтүндүк. Ал четке кагылды.

Айыпталуучунун өзү сотко нааразылыгын мындайча билдирди:

- Биз фактыларды көрсөтүп, далилдер менен бардык айыптарды төгүндөдүк. Бул жараян биздин сот системабызда олуттуу көйгөйлөр бар экенин көрсөттү. Биз эми жогорку инстанцияларга кайрылып, акыйкатты талап кылууга аракет кылабыз.

Ошол күндү эскерген Назарзода антикоррупциялык агенттик кызматкерлери эч чакыруусуз эле ресторанга кирип келишип, аштан жеп, ага катар келген-кеткендерди видеого тартышканын айтты. Алар кине тагууга ыңгайлуу болсун үчүн айрым конокторду атайлап бир нече ирет кадрга түшүрүп, санын көбөйтүшкөн дейт. Агенттиктегилер сотто "аш жемек турсун колубузду да салган эмеспиз" деп көрсөтмө беришти.

Сайфиддин Назарзода тоюна ашыра конок чакырганы үчүн кызматынан айрылып, ири айыпка жыгылган алгачкы аткаминер. Буга чейин жогорудагы чара карапайым адамдарга карата көрүлгөнү тууралуу кабарлап келгенбиз. Маселен, Хатлон облусунун тургуну Зайдулло Худояров августта улуу кызын күйөөгө берген. Аны үйдөн дүр-дүйүм салынган себеттер менен узатканы жатканда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган топ келип, себеттерди алып кеткен.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Той-аштагы ашкере ысырапчылыкка каршы “Салт, салтанат жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынганына быйыл он жыл толду. Ага байланыштуу тажик президенти Эмомали Рахмондун буйругу менен мыйзамга алымча-кошумча киргизилип, жаза катуулаган.

Президент 11-июлдагы сөзүндө ысырапкорчулукка жол бергендердин көбү жогорку кызмат адамдары, күч түзүмүндөгүлөр, ишкерлер жана алардын жакындары экенин моюнуна алган. Ошондон кийин тийиштүү бийлик бутактарына аталган мыйзамдын алкагынан ашкандарды кызматынан бошотуу боюнча бүтүм даярдап келүүнү тапшырган.

Тажикстанда каада-салт, ишенимге байланыштуу маселелерди күчтөп жөнгө салуу аракети жаңылык эмес. Буга чейин сакал койгондордун сакалын мажбур алдыруу көрүнүштөрү болгон.

Жакында эле өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети, Муфтият жана Ислам таануу борбору биргеликте маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу жаңы эрежелерди иштеп чыгышты. Анда мындан ары тажияда үн чыгарып ыйлаганга, кара кийип аза күтүүгө болбойт деген пункттары да бар. Бул демилге тажик коомчулугунда катуу талкууланууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG