Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Хорогдон аскерлер чыгарылууда


Хорогдогу митинг, 22-август, 2012.
Хорогдогу митинг, 22-август, 2012.

Тажик бийлиги 23-августта Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору – Хорог шаарынан аскерлерди чыгарып кете баштады.

Бейшемби күнкү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө митингге чыккандар эгер бийлик аскерлерин Хорогдон чыгара турган болсо, каршылык акциясын токтото тургандыктарын билдиришкен. 22-августта Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири саналган Имомназар Имомназаровдун киши колдуу өлүмүнө байланыштуу Хорог шаарында эки күндөн бери митинг өтүп жатат.

Бейшемби күнү Тажикстандын коргоо министри Шерали Хайруллаев менен ички иштер министри Рамазон Рахимов Хорог шаардык кеңешинин 24 депутаты менен жолукту. Мындан тышкары жолугушууга ортомчулар аталган Жыйырманын тобу уюмунун атынан шаардык кеңештин депутаты Наврузмамад Наврузмамадов жана Агахан фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ёдгор Файзов катышты.

Көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бийлик аскерлерин Хорог шаарынан алып чыгып кетүүгө макул болду. Ал эми Вахдат аянтында каршылык митингине чыккандар аскерлер чыгып кетээри менен акцияны токтотуу жоопкерчилигин мойнуна алышты. Сүйлөшүүлөрдө жетишилген келишим боюнча тиешелүү документтер да даярдалды.

Ошентип өкмөттүк аскерлер шаардын аймагынан чыгарыла баштады. Алды менен алар Хорогдогу аскердик бөлүктөргө чогулуп, андан ары Дүйшөмбүгө жөнөтүлөт.

Агахан фондунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ёдгор Файзов Хорогдо абал турукташып калганын билдирди:

- Абал жакшы. Өкмөттүк аскерлер кете баштады. Жоокерлер отурган тогуз Камаз аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлдү. Эми алар Дүйшөмбүгө карай жол тартышат. Мындай келишимге күч түзүм башчылары, шаардык депутаттар жана шаардык активисттер кол койдук. Мындан ары түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бирок элдин эң башкы - аскерлерди чыгарып кетүү жана митингдин катышуучуларын кылмыш жоопкерчилигине тартпоо талабы аткарылды.

Эми аскерлер чыгарылып кеткен соң, келишим боюнча митингчилер акциясын токтотушу керек.

22-августта белгисиз куралчандар түнкү төрт чендерде Бадахшандын бейформал лидерлеринин бири саналган Имомназар Имомназаровдун үйүнө граната ыргытып, артынан автоматтан аткылашкан. Окуя Тоолуу Бадахшанда жакынкы уруштан кийинки чыңалган кырдаал жөндөлө баштаган кезге туш келди.

Бул окуядан соң шаар акимчилигинин алдына адамдар чогулуп, таш ыргытып, мэрия имаратынын айнектерин талкалашкан. Кыжырданган топ имаратка кирүүгө аракеттенгенде коопсуздук күчтөрүнө асманга ок чыгарууга туура келген.

Хорогдун Вахдат аянтында 3 миңдей киши жыйналып, ал жерге Имомназар Имомназаровдун сөөгү да алынып келинген.

Акцияга чыккандардын айрымдары Имомназар Имомназаровдун өлүмүнө ИИМдин атайын даярдыктагы тобунун катышы бар болушу мүмкүндүгүн айтып чыгышкан. Бирок Тажикстандын Ички иштер министрлиги мындай маалыматтар негизсиз экендигин айтып, бул сөздөрдү четке каккан.

Имомназаров өткөн айда Хорогдо Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Тоолуу Бадахшан облусу боюнча башчысы, генерал Абдулло Назаров өлтүрүлгөндөн кийин расмий Душанбе адам сатты, наркозаттарды жана балуу таштарды контрабандалады, мамлекеттик каражаттарды ыйгарып алды деп айыптаган беш адамдын бири эле.

Жыйырманын тобу деп атаган уюмдун ырастоосунда, Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлердин баары эле прокуратурага суракка келип жатышкан. Андыктан Имоманазаровдун өз үйүндө киши колдуу болушу расмий Душанбенин кепилдиктери боюнча жергиликтүү тургундардын күмөн саноосун жараткандай.

Башкы прокуратура өз кезегинде бул факт боюнча иликтөө иштери башталганын билдирди.

Тажик бийлиги бул окуя тынчтык жараянга терс таасирин тийгизерин белгилеп, иш кылдат иликтенээрин убада кылууда. Тоолуу Бадахшанда кырдаалдын курчушуна тажик бийлиги кызыкдар эмес эле деген пикирди айрым тажик саясат таануучулары да карманышууда. Алар муну тышкы күчтөрдүн чагымы болушу да мүмкүн деп айтып жатышат.

Ал эми Имомназар Имомназаровду сөөгү Хорогдо шаршембиде жерге берилди.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG