Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Казан: кырсык авиациядагы акыбалды көрсөттү


Авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү учуру. Казан, 18-ноябрь, 2013-жыл.
Авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү учуру. Казан, 18-ноябрь, 2013-жыл.

Орусияда акыркы авиакырсыктын себептерин аныктоого аракеттенип жатышат.

Мурда күнү кечинде Татарстанда Боинг-737 учагынын кыйроосунан элүү кишинин өмүрү кыйылган. Бул окуя Орусиянын аймактык авиакомпаниялары коопсуздукка канчалык маани берет деген суроону күн тартибине чыгарды.

Тергөөчүлөр кечээ кыйраган учактын “кара кутучаларын” табышты. Расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүнө караганда, кырсыктын бир нече, анын ичинде учактын техникалык жактан бузуктугу, учкучтардын жана жердеги кызматтардын катачылыгы, аба ырайынын конууга ылайыксыз шарты, күйүүчү майдын сапатсыздыгы өңдүү себептер каралууда.

Ал эми теракт деген версияны кырсыктын ыктымал себеби катары расмий өкүлдөр аташкан жок. Орусиянын транспорт министри Максим Соколов кечээ учак кандайча кыйраганы тууралуу:

- Бизде бар маалыматтардан, анын ичинде видеотасмадан учак кулагында канаты жерге тийгенин көрбөдүк. Учак жөн гана кулап түшкөн.

Дүйнөлүк авиацияда коопсуздук жагы оңолуп бара жаткан шартта, аба транспорту боюнча эл аралык ассоциациянын былтыркы тыянагына караганда, кырсыктардын саны Орусияда гана көбөйгөн.

IATA'нын 2011-жылдагы баяндамасында көргөзүлгөн маалыматтарга караганда, эски совет республикаларында авиациядагы кырсыктын көрсөткүчү дүйнөнүн башка мамлекеттерине караганда үч эсе көптүк кылат.

СССР учурунда “Аэрофлот” компаниясы гана үстөмдүк кылган Орусиянын аймактарында кийин пайда болгон майда компаниялар эксперттердин пикиринде, ириде кирешенин артынан сая түшүп алышкандыктан, коопсуздук жагын көз жаздымда калтырып жатышат.

Москвада чыгуучу “Взлет” авиациялык журналынын баш редактору Андрей Фомин мындай ырастоолорго кошулбайт:

- Ишке жарамдуулук деңгээлин текшерүүгө жана бардык зарыл процедураларды камсыздоого авиациялык бийликтер олуттуу эле мамиле жасайт. “Татарстан” авиакомпаниясы да "Росавиациянын" борбордук жана жергиликтүү органдары тарабынан тыкыр текшерилип келген. Ар бир учкучтун же ар бир техниктин ар бир кадамына көзөмөл салуу мүмкүн эмес. Катачылык кетпейт деген кепилдик эч кимде жок.

Бирок Казанда “Татарстан” авиакомпаниясын айрымдар начар башкарылган, карызга баткан жана эски учактарды пайдаланган компания катары баалашууда.
Кезинде мурдагы президент Минтемир Шаймиевдин басма сөз катчысы болгон көз карандысыз журналист Ирек Муртазиндин айтымында, мындай авиакомпаниянын иштөөсүнө уруксат берилбеши керек болчу:

- Компанияда акыркы беш жылда ар башка беш директор болду. Авиакомпаниянын иши жөн эле катастрофалык абалда. Өзү мындай авиакомпаниялар иштебөөсү керек эле. Бул Татарстан жетекчилигинин кол астындагы авикомпания болчу.

Учурда эски Боинг-737 учактарын жаңы үлгүдөгү Аэробус-319 менен алмаштыра баштаган “Татарстан” авиакомпаниясынынын жетекчилиги кыйраган учак жакшы абалда болгонун, каттамдар аралыгында техникалык тейлөөдөн такай өтүп турганын билдирүүдө. Бирок ошол кыйраган учак менен Казандан жекшембиде Москвага учуп келген эки жүргүнчү орус маалымат каражаттарына учак Орусия борборуна конуп жатканда эле ыңгайсыздыкты сезишкенин айтышкан.

Учак өзү заводдон 23 жыл мурда эле чыккан экен жана 2008-жылы Татарстанга келгенге дейре жети кожоюнду алмаштырыптыр. Анын ичинде учакты Африканын Уганда өлкөсүнүн да авиакомпаниясы пайдаланган. Маалыматтарга караганда, ал учак 2001-жылы Бразилияда конуп жатканда кырсыктап, бирок анда эч ким жабыр тарткан эмес. Былтыр Москвага баратып басым төмөндөгөндүктөн жарым жолдон кайра Казанга кайткан. Айтор жекшембидеги авиакырсыкты эки жыл мурда Татарстанда дарыяда болгон кырсык менен да салыштырып жатышат. Анда “Болгария” деп аталган туристтик кеме Волга дарыясында кыйрап, 122 киши чөгүп кеткен.

Көз карандысыз журналист Ирек Муртазин буга байланыштуу мындай деген ойдо:

- "Болгария" кемесиндеги трагедия чалдыбары чыккандар менен сүзбөө жана учпоо керектигин каңкуулаган. Бирок ал коңгуроону эч ким уккан эмес. Натыйжада республика аза күтүп жатат.

Татарстандагы аза күтүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG