Быйыл кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 88 жыл болду. Бул аралыкта асманды сүйгөндөрдүн жоон топ мууну өсүп чыкты. Алардын бири - аскердик учкуч, учурда жарандык авиацияга жол тарткан Темир-хан Масейитов.
25 жаштагы Темир-хан Масейитовдун балалыгы Чүйдүн Кант шаарында өткөн. Апасы менен базарга чыгып, боконо сөөгү ката электе иштей баштаган бала эр жеткенде учкуч болууну кыялданчу экен.
"Атамдан бир жаш, бир айга толгондо айрылган экем. “Сенин атаң учкуч болчу” деген сөздү угуп чоңойдум. Ошондонбу беш жашымда эле “учкуч болом” деп айткан экем. Кийин “чоңойгондо ким болгуң келет?” деген суроого дайыма “атамдай учкуч болгум келет” деп жооп берчүмүн. Турмушубуз оор болду, апама жардам берип, соода кылганды алты жашымда эле үйрөнүп алгам. Кантта учактар көп учат да. Кичинемде асманда сызган учактарды суктанып карап отурчумун. Абдан сонун көрүнөт эле. Уул бала дайыма атасындай болгусу келет экен. Мен да атамдай учкуч болуп, тилегиме жеттим".
Темир-хан Орусиянын Краснодар шаарындагы Жогорку аскердик авиациялык окуу жайында алты жыл окуган. Биринчи жолу тапшырганда өтпөй калганын айтты. Өжөрлүгү менен чет жакта окуп келген жигит мекенине кайтып, ишке орношкондо учкучтун жашоосу жеңил эместигин билген. Айлыгы аз болгону үчүн жүк ташып, кошумча иш тапканга аргасыз болгон.
"Мектепти аяктаганда Орусияга баргам. Окуу жайга тапшырып өтпөй калганда аябай ызалангам. Аскерде кызмат өтөгөндөн кийин дагы окууга тапшырып, өтүп кеттим. Краснодарда жүргөндө өзүмдү чынында эле учкуч сезчүмүн. Бирок, Кыргызстанга келгенде абдан капа болдум. Коңшу өлкөлөрдө учкучтар биздин сом менен 70-75 миңден ашык айлык алат. Жаш учкучтардын баарынын айлыгы ушундай. Ал эми мен 17 миң айлык алчумун. Ошондуктан адегенде авиацияда эмес, жалданма жумуштарда иштеп жүрдүм. Оор жүк ташыдым, косметика сатып жүрдүм. Учкуч, офицер болуп, бирок ушинтип иштеп жүргөнүмө уялчумун. Учкучтар Кыргызстанда элита болуп саналат. Ошончо окуткандан кийин мамлекет татыктуу айлык бере албайт экен. Экинчиден, тамак-аш, турак жай менен камсыздабайт. Ишке жакыныраак батирге чыгып, кошумча каражат тапканга аргасыз болдум. Айлык акыбызды кээде алты айда бир алчубуз. Учкучтарды жылына эки жолу медициналык кароодон өткөрүп турушат. Дарыгерлер: "учкучтар алсыз" деп айтышат. Эгер күчтүү тамактанбасак, спорт менен машыкканга шарт жок болсо, жыйынтык ушундай эле болот да".
Темир-хан аз айлык, иш шартынын жоктугу өңдүү көйгөйлөр асманга көтөрүлгөндө унутулуп каларын айтып отурду.
"Асманда учкан өзүнчө эле романтика, чындыгында бул сезимди сөз менен жеткире албайсың. Астыңда булуттар, алдыңда сары ысык лампочка күйүп турат. Башка эч ким жок. Бул асманга, бийиктикке, учакка болгон сүйүү. Муну учкуч болгусу келген адам өзү сезип, көрүшү керек".
Темир-хан Масейитов аскердик учкуч болуп бир жыл гана иштеген. Азыр деле учкуч кесиптештери менен байланышты үзбөй келет. Апасы ооруп калганда ишин таштап, акча издеп кеткенге аргасыз болгон. Темир-хан мекен деп иштеген аскер адамы, учкучтардын адеп үй-бүлөсү тынч, ток болушу керек деп эсептейт.
"Мен азыр да учкучтар менен сүйлөшүп турам. Көбү жумуштан кеткиси келет. Бирок, биз атайын келишим түзүп иштейбиз. Аны бузуп, башка жакка которулуп кетүүгө мүмкүн эмес. Айлык аз болгондуктан азыр учуулар дээрлик жок. Аэродромдо кезде гана учпасак, башка учурда бизге уруксат берилчү эмес. Ушундай шарттардан улам мен ишимден кетип калгам. Бул чечимге дагы бир себеп апамдын ооруп калганы болду. Дары-дармектерге акча издеп, иштен, мамлекеттен сурадым, насыя ала албадым. Акыр-аягы кетип, акча табууга туура келди. Ар бир аскер кызматкерине үй-бүлөсү маанилүү. Аскер өзү же жакындары ачка калса, мамлекетти кантип коргойт? Кыргызстанда аскер адамдары, учкучтар бааланбайт деп ойлойм".
Учакка, асманга болгон сүйүү Темир-Ханды кесибинен биротоло алыстата алган эмес. Азыр ал Жарандык авиацияга ишке орношууну каалайт. Мурдагыдай учакка отуруп, ак булуттарды аралаган күндөрүн чыдамсыздык менен күтүп жаткан кези.
"Жарандык авиацияга эмнеге кетким келип жатат? Ал жактын маянасы, шарты жакшы. Бирок, бул жакка ишке орношуу абдан оор экен. Апамды, үй-бүлөмдү камсыздап, өзүм да сүйгөн кесибимде иштей алмакмын. Чынын айтсам кээде аскердик авиацияны сагынам. Анткени, мен үчүн атамдай офицер болуу маанилүү эле. Мен азыр учкуч болом деген жаштарга "ден соолугуңарды карагыла, билим алгыла, спорт менен машыккыла" деп айтам. Социалдык тармактар аркылуу жаштарга учкучтар тууралуу маалымат бергим келет. Балдардын көбү айылда окуп келип, кантип учкуч болууну билишпейт. Мен аларда ишенич жараткым келет. Ишиңди сүйсөң, өжөр болсоң баары колундан келет деп эсептейм. Качандыр бир кезде Кыргызстанда биздин кесип бааланган күн келерине ишенем".
Быйыл Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 88 жыл болду. Кыргызстан эгемендик алгандандан кийин өкмөт 1994-жылы «7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү» деп бекиткен. Кыргызстанда учакта коштоочуларды, учкучтарды 1973-жылдан бери иштеп келаткан авиациялык институт даярдайт. Учкуч болгусу келгендер Ишенбай Абдраимов атындагы авиация коллежинде 2 жыл, 10 ай билим алат.