Линктер

бейшемби, 23-май, 2019 Бишкек убактысы 08:45

Стюардессага суроо-талап азайды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институт быйыл борт коштоочу окуусуна абитуриенттерди кабыл албайт. Буга жергиликтүү авиакомпаниялардын жана борт коштоочуларга суроо-талаптын аздыгы себеп болду.

Мектеп бүтүрүүчүсү Алмиранын бала кезден стюардесса болсом деген кыял менен жашап келген.

Бирок борт коштоочуларды даярдаган окуу жайы быйыл бул адистик боюнча абитуриенттерди кабыл албасын уккандан бери кейип жатат.

«Асманда учуп жүрүү, чет тилдерин билүү мага өзгөчө сезилчү. Ошондуктан «окуу жайы бул адистик боюнча кабыл албайт» деген кабарга катуу кейидим. Бирок баары бир көздөгөнүмдөн кайтпай, лингвистика факультетине тапшырсам деп турам. Калганын убакыт көрсөтөт».

Кыргызстанда учакта коштоочулар же стюардессалар эки жерде даярдалат. Биринчиси - 1973-жылдан бери иштеп келаткан Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институт, экинчиси - кыска мөөнөттөгү атайын курстар. Учкуч, борт коштоочу же ушул тармактагы башка адистердин баары бул окуу жайларынын медициналык кароосунан өтмөйүнчө окууга алынбайт.

Окуу жайынын директорунун орун басары Аида Эмчиева борт коштоочунун окуусу үчүн абитуриенттерди кабыл алуу эки жылга токтогонун айтып, муну аларды толугу менен ишке орноштурууга кепилдик жок болуп жатканы менен түшүндүрдү:

«Быйылкы бүтүрүүчүлөр ишке орношкондон кийин биз алар боюнча мониторинг жүргүзөбүз. Эгер жок дегенде 50-60% иш тапса, анда кабыл алуу башталат. Албетте, буга жергиликтүү авиакомпаниялардын аз болгону себеп. Бирок борт коштоочулардан башка кесиптер боюнча кабыл алуу жүрө берет».

Аталган окуу жайы авиация рыногуна үч жыл сайын жаңы кадрларды даярдап турат. Институт быйыл борт коштоочу адистиги боюнча 38 бүтүрүүчүнү чыгарат. Алар психология, этика, медициналык жардам, дене тарбия, авиациянын негиздери жана башка бир нече сабактарды окушкан.

Адатта авиакомпаниялар кадрларына «кыргыз, орус, англис тилин бирдей билсин» деген талап коюшат. Эгер аларга жооп бербесең же атаандаштыкка туруштук бере албасаң ишсиз каласың.

Ишембай Абдраимов атындагы авиациялык институттун бүтүрүүчүсү, ушул тапта жергиликтүү авиакомпанияларда иштеп жаткан Нарима Курманбекова окууну аяктаган соң ишке орношуу оңой эмес экенин эске салды:

Стюардесса Нарима Курманбекова.
Стюардесса Нарима Курманбекова.

«Мен 2000-жылы Кыргыз авиациялык окуу жайын бүтүрүп, ошол эле жылы ишке орноштум. Ал убакта «Кыргызстан аба жолдору» деген чоң авиакомпания бар болчу. Ал кризиске туруштук берген, авиациялык базасы жакшы компания эле. Бирок ушул тапта ишке орношуу кыйын. Анткени компаниялар аз. Бизге талап жок болуп калды. Мен буга «Ачык асман» долбоору да себеп деп эсептейм. Себеби жергиликтүү компаниялар атаандаштыкка туруштук бере албай, аба каттамдарын жабууга аргасыз. Ал учурда жумушчулар ишсиз калары бышык».

Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк авикомпанияларда борт коштоочу же стюардесса болуп иштеп жаткан кыргызстандыктар аз эмес.

Бириккен Араб Эмираттарынын авиакомпаниясында иштеп жаткан Азим Таалайбеков кесиби боюнча экономист. Анын айтымында, адатта эл аралык компаниялар борт коштоочуларды дипломуна эмес, чет тилин билүү, адамдар менен мамиле куруу жана сууда сүзүү жөндөмүнө карап ишке алышат. Азим өзү иштеген компаниядагы эки миңден ашык кызматкердин 60ка жакыны кыргызстандык экенин айтты:

Борт коштоочу Азим Таалайбеков.
Борт коштоочу Азим Таалайбеков.

«Дипломго же жогорку билимиңе карашпайт. Алардын өзүнүн талаптары бар. Ошого жараша ишке алышат. Мисалы, боюң сөзсүз 158 сантиметрден узун болууга тийиш. Эгер сен алардын талабына жооп берсең, анда атайын бир нече айлык курстан өтөсүң. Андан кийин гана иштей баштайсың».

Жарандык авиация агенттигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын өзүндө азыр иштеп жаткан үч авиакомпания бар. Алардын учууга жарактуу 17 учагы бар.

Кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңеш жарандык авиацияны өнүктүрүү үчүн «Ачык асман» долбоорун сунуш кылган. Ушул жылдын 15-январында президент «Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG