Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:51

Стюардессалар Путинге арызданды


"Аэрофлоттун" экипажы. Ле-Бурже. Франция
"Аэрофлоттун" экипажы. Ле-Бурже. Франция

Орусиянын “Аэрофлот“ компаниясынын cтюардессалары жаш курагына жана кийим өлчөмүнө байланыштуу жетекчилик басмырлап жатканын айтып чыгышты.

Авиакомпаниянын жазылбаган жаңы эрежеси боюнча эми жашы кыркка жеткен жана 46-өлчөмдөн өйдө форма кийгендер эл аралык каттамдарда иштей албайт. Буга нааразы болгон кызматкерлер эмгек укуктарын коргоп берүүнү суранып сотко, президент Владимир Путинге кайрылышты.

Жогорку билимдүү тилчи, 41 жаштагы Евгения Магурина авиация тармагында 15 жыл, анын ичинде “Аэрофлотто” стюардесса болуп 2010-жылдан бери эмгектенет. Ал буга чейин эл аралык каттамдарда мыкты кызмат көрсөткөндүгү үчүн жетекчиликтен сый акы алып турчу. Бирок өткөн жайдан баштап Евгения айымга Орyсиянын ичинде гана учууга уруксат берилген.

Евгения Магурина, "Аэрофлоттун" борт кызматкери.
Евгения Магурина, "Аэрофлоттун" борт кызматкери.

- Бул өткөн жылдын июнь айынан башталды. Компаниядан мындан кийин чет өлкөлүк каттамдарга жаштар жана арыктар гана учарын айтышты. Баарыбызды сүрөткө тартып, тулку боюбузду, салмагыбызды дагы ченеп чыгышты. Муну авиакомпания кызматкерлерге жаңы форма тиктирет деп түшүндүрүшкөн. Мындай абалга мен август айларында туш болдум. Көпчүлүгү эрте эле жабыр тартышкан. Анан жашы кырктан өткөндөрдү жана 46-өлчөмдөн чоң кийим кийгендерди чет элдик каттамдарга чыгарбай калды. Баарыбызды 1-бөлүмгө чогултуп, чыныгы кыйноого кабылдык. Болгону түнкү жана эртең мененки кыска каттамдарга калдык. Эки саат ары жакка, эки саат бери жакка. Анан, албетте, түн ичинде уйку канбай калат. Мен эмнеге мындай мамиле болуп жатканын сурасам, азыр жаңы эреже ушундай деп чет элдик каттамдан алып салышты. Мен 46-өлчөмдө кийим кием.

Евгения Магуринанын дагы бир кесиптеши, "Аэрофлотто" 15 жылдан бери иштеген 42 жаштагы Наталья жаңы эреженин шартына туура келүү үчүн башка кыздардай эле арыктоого аракет кылган. Ал жакшы кызматтан, кошумча маянадан айрылып калгысы келбегенин мындайча түшүндүрдү.

- Стюардессалар жаңы шарттарга туура келем деп ачкадан диспетчерлер отурган жерде кулап да жатышты. Арыктаган күндө деле «сен Америкага же Доминиканга учпайсың, себеби жашың өтүп калган деп айтышты.

"Аэрофлоттун" кийим тууралуу эскертүүсү
"Аэрофлоттун" кийим тууралуу эскертүүсү

Орусиянын башкы авиакомпаниясы бардык стюардессалардын тулку боюн, салмагын ченеп, жүзүн сүрөткө тартып, ага жараша топторго бөлгөн. “Аэрофлоттун” жаңы талабына 400дөй кызматкер туура келбей калган. Алар өздөрүн шакаба аралаш СТС “картаң, кары, ырайы сууктар” ("старые, толстые, страшные") группасы деп атап алышкан.

“Азаттык” радиосунун орус кызматы укугу тебеленген стюардессалар жөнүндө кабар тараткандан кийин “Аэрофлоттун” маалымат кызматы авиакомпания айрым кызматкерлердин айтканы чындыкка коошпойт деген түшүндүрмө таратты. Компания эмгек мыйзамында жазылгандар так сакталарын белгилеп, сайтка такталбаган маалымат жазылган деп билдирет.

"Аэрофлоттун” жетекчилигинин расмий талабында борт коштоочулардын кийиминин өлчөмү жөнүндө сөз жок. Таза, үтүктөлгөн, тиешелүү эн-белгилер тыкан тагылып, форма дене мүчөгө чак отурушу керек. Койкойгон стюардессалар жеке гигиенаны сактап, таза, ийкемдүү кызмат көрсөтүүсү шарт. Ошондой эле авиакомпаниянын расмий кагаздарында кызматкерлердин укуктары толук корголору, жашы, кийиминин өлчөмүнө байланыштуу ар кандай дискриминацияга жол берилбей тургандыгы айтылат.

Анткен менен “Шереметьево" аба майданынын учкучтар курамынын кесиптик кошуунунун президенти Игорь Дельдюжов сырткы келбети жана жаш курагына байланыштуу басмырлоого туш болгондордон даттануулар көп түшөрүн белгилейт. Бирок стюардессалар сотко кайрылганды каалашпайт. Себеби, көбү жалгыз бой энелер болгондуктан каражатка байланыштуу жумушунан айрылып калуудан коркушат.

– Эң маанилүү болгон учуу коопсуздугу сулуулук менен алмаштырылган. Эл аралык каттамдарда тажрыйбасы жок болсо дагы жаштарга басым жасалат. Тажрыйбалуу борт коштоочулар ар кандай кырдаалда туура чечим кабыл алышат. Маселен, 2001-жылы “Аэрофлоттун” учагы Дубайдагы авариялык жагдайга учурап, дасыккан борт коштоочулардын эмгеги менен эч ким жабыркаган эмес. Ошол кызматкерлердин көбү жашы өткөн болчу. Азыр ал аялдарды андай каттамдарга кое бербейт болуш керек.

Ошондой эле юристтер сотто дискриминациянын мындай түрүн аныктоо кыйын экенин, тажрыйбада көпчүлүк учурда кызматкерлер утулуп калышарын белгилешет. Бирок арызданган "Аэрофлоттун” борт коштоочулары соттон утуп чыгып, авиакомпаниянын жөнү жок кемсинтүүсүн токтотууга, эмгек шарттары кагазда жазылгандай сакталарына мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG