Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Ростов: 62 өмүрдү жалмаган учак кырсыгы


19-мартка караган түнү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында Boeing 737-800 учагы кырсыкка кабылды. Каргашалуу окуя учак жерге конуп жатканда болгон. Учактагы 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү набыт кеткени кабарланды.

Дубай-Москва-Ростов-на-Дону багытында сапарга чыккан учак жеткен жеринде өз маалында коно албай, эки саат аэропорттун үстүндө учуп жүрүүгө мажбур болгон.

Учактын кыйрашына секундуна 17 метр ылдамдыкка жеткен катуу шамал себепчи болгону айтылууда. Анткени ошол маалда «Аэрофлот» авиакомпаниясына караштуу учак үч ирет конууга аракеттенип, майнап чыкпаган соң Краснодардагы аэродромго конууга аргасыз болгон.

Учурда Ростов-на-Дону шаарына багыт алган каттамдарды 290 чакырым алыс жайгашкан Краснодар шаардык аэропорту кабыл алууда.

Кырсыкка кабылган учактагылардын көбү негизинен Араб эмираттарынан эс алуудан кайтып келаткандар болгон. FlyDubai авикомпаниясы учакта жалпысынан 62 адам, алардын элүү беши жүргүнчү, жетөө экипаж мүчөлөрү болгонун тастыктады.

Жүргүнчүлөрдүн арасында Орусиянын, Украинанын, Индиянын жана Өзбекстандын жарандары болгон. Ал эми экипаж мүчөлөрү Кыргызстан, Кипр, Испания, Колумбия, Греция, жана Сейшел аралдарынын жарандарынан куралганы кабарланды. Набыт болгондордун тизмесинде Кыргызстандын жараны, стюардесса Жылдыз Насирдинованын да аты- жөнү жарыяланды.

28 жаштагы Жылдыз беш жылдан бери Дубайда жашап, FlyDubai авиакомпаниясында администратор болуп иштегенин туугандары билдиришти. Анын борт коштоочу кызматына которулганына үч ай болгон.

Жылдыз Насирдинованын агасы "Азаттыкка" маек берди.
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00
Түз линк

Жылдыз Насирдинова
Жылдыз Насирдинова

Ишембиде Boeing 737-800 учагынын кара жашиктери табылды. Учурда кырсык болгон жерде курман болгондордун сөөктөрүн чогултуу иштери жүрүүдө. Ростов облусунун Donday.ru сайты кырсыкка учураган "Боингдин" учкучтары менен жердеги диспетчерлердин сүйлөшүүсүн жарыялады. Анда учактын командири асманга экинчи айлампага көтөрүлүп жатканын айтат.

Учкучтардын сүйлөшүүсү:

Ошондон кийин алар менен байланыш үзүлгөн. Donday.ru өз булактарына шилтеме жасап, диспетчерлер Ростовго багыт алган бардык учактарга аба ырайынын кескин начарлап кеткени тууралуу эскертме бергендигин жазды.

Кырсыктын себетерин иликтөөгө Орусиянын транспорт прокуратурасы, Тергөө комитети жана эл аралык авиация комиссиясы киришти.

FlyDubai авиакомпаниясын Дубай өкмөтү 2009-жылы негиздеген. Бул компаниянын тарыхындагы алгачкы авиакырсык. Ал эми Орусиянын аймагында техникалык себептерге байланыштуу чоң авиакырсык акыркы ирет Казань шаарында 2013-жылы болгон.

Анда Boeing 737-500 учагы жерге конуп жатып кырсыкка учурап, элүүдөй адам набыт болгон. “Интерфакс” агенттиги азырынча теракт версиясы карала электигин жазып чыкты. Өткөн жылдын ноябрь айында Синай жарым аралында орусиялык “Когалымавиа” компаниясына караштуу учак кырсыкка учурап, 224 адам набыт кеткен. Учактын кыйрашына теракт себеп болгону расмий ырасталган.

Авиакырсык болгон жерде
Орусия: Авиакырсык болгон жерде
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

XS
SM
MD
LG