Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Кыргыз авиациясынын багы ачыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда каттоодон өткөн учактардын көбү бузулуп, үчтөн бири гана колдонууга жарайт. Авиакомпанияларды Европа Биримдигинин «кара тизмесинен» чыгаруу кечигүүдө.

2019-жылдын ноябрь айындагы эсеп боюнча, Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын тогузу гана иштеп жатат. Калганы колдонууга жарабай, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген. Бир жыл мурда 17 учак жарактуу болчу.

Кыргызстандын авиакомпаниялары учактардын сапатынан, учуу коопсуздугунан улам 2006-жылы Европа Биримдигинин «кара тизмесине» кирип, чөлкөмдөгү ишмердиги чектелген.

Кийинки жылдары техникалык мүчүлүштүктөн улам бир канча жолу ички жана сырткы каттамдардын үзгүлтүккө учурашы, учактардын азайышы бул маселе али бери чечилбесе керек деген божомолду жаратууда.

Курманбек Акышев.
Курманбек Акышев.

Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Еврокомиссия менен жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр декабрда болорун, «кара тизмеден» чыгуу өтүнүчү жазылган арыз аларга 2020-жылдын башында берилерин айтты:

- «Кара тизмеден» чыгуу боюнча биргелешкен пландын аткарылышы 96 пайызга жетти. Бир ай мурда Еврокомиссиядан эки эксперт келип, акыркы талаптарын айтып, кемчиликтерди көрсөтүп кетишти.

Акышевдин жообун толук бул жерден угуңуз:

Кыргыз авиасы "кара тизмеден" качан чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00


Кыргызстанда азыр «Авиа Траффик» жана «Тез Жет» авиакомпаниялары жүргүнчү ташыйт. «Sky KG» деген компания техникалык жумуштарды аткарат.

Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылы Европа Биримдигинин кара тизмесине кирген.

«Pegasus» компаниясы Кыргызстандын авиация тармагындагы ишин токтотту. Анын каттамдарын аткарып жүргөн «Эйр Манас» компаниясы мындан ары «Avia Trade» ишканасы менен кызматташат. Жарандык авиация агенттигинин башчысы документ иштери бүткөнүн айтты. Кыргыз авиация базарына жаңы кирген бул компания Түндүк Ирландияда 2018-жылдын январында катталган, бирок ага орусиялыктар ээлик кылышат.

Андан тышкары, «Kyrgyz Air Plus» деген жүк ташуучу авиакомпания ишин баштаганы турат. Ал эми «Эйр Кыргызстан» жана «Sky Bishkek» иштебей калган.

31-июлда Кыргызстан «Өзбекстан аба жолдоруна» таандык «Аврожет-85» үлгүсүндөгү үч даана учакты каттоого алып, 21-октябрда кайра эсептен чыгарды. Жарандык авиация агенттиги алардын сертификаты талапка жооп бербегенин билдирди.

Курманбек Акышев жыл аягына чейин компаниялар учактарды толуктап, колдонууга жарактуу саны 15ке жетип калат деп ишендирди.

Акышевдин жообун толугу менен угуңуз:

Учактардын саны качан көбөйөт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:53 0:00

Кыргызстан дээрлик дайыма башка мамлекеттерде колдонулган учактарды сатып алат. Экономист Эркин Абдыразаков мындай жагдайда кыргыз авиациясын кризистик абалдан жакын арада чыга албайт деп божомолдоду:

Эркин Абдыразаков.
Эркин Абдыразаков.

- «Кара тизмеден» чыгыш үчүн өзүбүздүн учактар болушу керек. Алар талапка жооп берүүгө тийиш. Бизде болсо ремонттон чыккан, мурда башка мамлекеттер колдонгон учактар эле болуп атпайбы. «Кара тизмеден» чыгыш үчүн документтерди кабыл алып коюу башка кеп, ал эми тажрыйба башка. Биз эл аралык авиациянын талаптарына жооп берген техникалык ыңгайлуу шарттарды түзө алган жокпуз. «Жакын арада «кара тизмеден» чыгабыз» деген сөз ишеним жаратпайт.

Абдыразаков маселени чечиш үчүн жаңы учактарды лизинг жолу менен алууну сунуш кылды:

Авиация канткенде "кара тизмеден" чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:37 0:00

Жарандык авиация агенттигинин сайтындагы маалыматка ылайык, эл ташыган учактардын эң жаңысы «Тез Жетте», 1997-жылы чыгарылган. Эң эскиси «Авиатрафикте» - 1991-жылы чыккан.

Андан тышкары, «Аэростан» деген ишкана тик учактарды тейлейт. Анда каттоодон өткөн 9 тик учактын алтоо жарактуу.

Азыр Кыргызстандан Орусияга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына, Индияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Кувейтке, Монголияга, Тажикстанга жана Кытайдын Шиңжаң автоном районуна жүргүнчү ташыган учактар учат. Египет менен Тайландга чартердик каттамдар бар. Дээрлик баарын чет элдик компаниялар аткарат.

2019-жылдын январында Аба кодексине өзгөртүү киргизилип, «Ачык асман» долбоору колдоо тапкан. Ага ылайык, бардык чет элдик авиакомпанияларга эч кандай чектөөсүз Кыргызстандын аэропортторуна учуп келип-кетишине, жүргүнчү жана жүк ташып, кайра үчүнчү мамлекеттерге учууга жол ачылат. Долбоор талкууланып жаткан кезде жергиликтүү авиакомпаниялар «ал ишке кирсе банкрот болобуз» деп кооптонушкан.

Кыргыз авиациясынын түптөлгөнүнө 86 жыл толду. Бул дата 1933-жылдын 7-октябрында Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому менен белгиленген. Кыргызстан эгемендик алгандан соң өкмөт 1994-жылы «7-октябрь – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү» деп бекиткен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG