Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Бангладеш: жоочулар 20 кишинин өмүрүн кыйды


Дакка, кол салуудан кийин
Дакка, кол салуудан кийин

Бангладеш бийликтери борбор шаар Даккада 20 чет өлкөлүк жарандын көзүн тазалаган куралдуу топ "Ислам мамлекети" радикал уюмунун эмес, жергиликтүү жоочулар тобунун мүчөлөрү болчу деп билдирди.

Өткөн ишембиге караган түнү бейажал каза тапкандардын көбү италиялык жана жапониялык жарандар экени маалым болду.

Бангладештин ички иштер министри Асадуззаман Хан 3-июлда билдиргендей, Даккадагы кафелердин бирине кол салып, бир нече кишини барымтага алган согушкерлер "Жамаат-уль-Мужехиддин" тобунун мүчөлөрү болгон. Ал уюмга өлкөдө 10 жыл илгери тыюу салынган. Министр алардын “Ислам мамлекети” террордук тобу менен эч кандай байланышы жоктугун белгиледи.

Буга чейин өткөн жуманын кечинен ишембиге чейин, 11 саатка созулган барымта кризиси үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекетинин” жихадчылары өздөрүнө алышкан. 20 чет элдиктен тышкары, ал окуяда эки полициячы окко учкан.

Бангладеш өкмөтү өлкө аймагында эл аралык экстремисттик топтор бар экенин дайыма танып келет. Ошол эле маалда "Жамаат-уль-Мужехиддин" өзүн “Ислам мамлекети” радикал тобунун өкүлдөрү деп эсептейт.

Полиция атып өлтүрүлгөн алты согушкердин сүрөттөрүн жана ысымдарын жарыялады. Жетинчиси кармалганы, азыр коопсуздук органдарына сурак берип жатканы айтылды.

Терактта тогуз италиялык, жети жапониялык, бирден индиялык жана америкалык жаран курман болду. Дакканын негизинен дипломаттар менен чет өлкөлүктөр байырлаган районундагы операцияга полициянын атайын күчтөрүнүн жүз чакты кызматкери, жети даана оор техника тартылып, анын жүрүшүндө он үч киши куткарылган.

Италиянын премьер-министри Маттео Ренци 2-июлда жасаган билдирүүсүндө Бангладештеги кайгылуу окуяга тынбай байкоо салып, анын жыйынтыгы башкача болот деп үмүттөнгөнүн, тилекке каршы, андай болбогонун айтты:

- Дүйнөнүн булуң-бурчунда радикалдашкан исламчылар бейкүнөө адамдардын канын төккөн дагы бир трагедияга күбө болуудабыз. Италия мындай учурда бирдиктүү болууга, тилектештигин билдирип, көңүл айтууга тийиш. Бүгүн көз жашты жашырбай ыйласа болот. Аны менен бирге күнүмдүк жашообузду кыйраткылары келген акылдан тайган адамдарга моюн сунбайбыз деген чечкиндүүлүгүбүздү көргөзүү зарыл. Италияга сокку урулду, бирок бизди чөгөлөтө алышпайт.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 2-июлда жасаган билдирүүсүндө кол салууну айыптап, терроризм “эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка эң чоң коркунуч жаратарын” белгиледи.

Акыркы бир жарым жылда Бангладеште жоочулардын зордук-зомбулугу кыйла күчөдү. Буга чейин негизинен азчылыктардын өкүлдөрүн же либералдык көз караштагы адамдарды бутага алып келишкен.

Ал кылмыштар үчүн Дакка өкмөтү "Жамаат-уль-Мужахиддин" жана "Ансар-аль-Ислам" өңдүү жергиликтүү экстремисттик уюмдарды айыптап жүрөт.

Ал эми кафеге жапырык биринчи координациялашкан теракт катары бааланууда.

Куралчан адамдар 1-июлда кечинде ал жакка кирип барып, дароо чет өлкөлүктөрдү аныкташкан. Жергиликтүү адамдарга турууга буйрук берип, көздөрүн байлап туруп, Курандын аяттарын айттырышкан. Чет элдиктердин көбүн мууздап өлтүрүшкөн.

Ал эми барымтадагыларды бошотуу үчүн кандайдыр бир талап коюлган-коюлбаганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG