Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

Теракттар да түз ободо көрсөтүлө баштады...


Социалдык медиа платформалар бүгүнкү күндө видеону түз ободо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындай мүмкүнчүлүктү террористтер да пайдаланууда. Алардын интернет аркылуу өз кылмыштарын даңазалоосун, аларды видеого тартып кеңири таркатуусун көзөмөлдөө күндөн-күнгө кыйын болуп бараткандай.

Жакында эле “Ислам мамлекети” террордук тобун колдой турганын жалпыга жарыялаган 25 жаштагы француз жараны дүйнөлүк терроризмдин жаңы барагын ачты.

Ларосси Аббалла мыкаачылык менен жасаган кылмышынын 12 мүнөттүк видеосун Фейсбук аркылуу түз ободо көрсөткөн. Лароси 13-июнда Париждин полиция кызматкерин өлтүрүп, анын аялы менен үч жашар баласын туткунга алганын сүрөткө тартып, өз баракчасына чыгарып жатты.

Кылмышкер Ларосси Аббалла
Кылмышкер Ларосси Аббалла

Натыйжада француз полициясы Ларосси Аббалланы атып, баланы сактап калган, бирок анын терроризмге чакырык таштаган видеосу Фейсбукта кала берген. Бул видеону "Ислам мамлекети" террордук тобун колдогон башка уюмдар өз баракчалары аркылуу бөлүшүп, таратып жибергенге жетишкен. Видео тез аранын ичинде алып салынганы менен, Лароссинин баракчасы бир күн өткөнчө өчүрүлгөн эмес.

Апрелде АКШнын Огайо штатында 17 жаштагы кыз анын курбусун бир бейтааныш зордуктап жатканын тасмага түшүрүп калганга үлгүрүп, Твиттердин Перископ аттуу жаңы тиркемеси аркылуу интернетке чыгарган.

Ошол эле айда Лондондо Перископ аркылуу чогулган кыздардын эки тобу бири-бири менен мушташып, полиция кызматкерлеринин айласын кетирген.

Ал арада дүйнөнүн эң ири үч социалдык медиа платформасы – Facebook Live, Twitter Periscope жана Google YouTube – түз ободо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн күндөн-күнгө кеңейтүүдө.

Европанын Санариптик укуктары деп аталган Брюсселдеги бейөкмөт уюмунун башчысы Жо Макнами Google, Facebook жана Твиттер “жеке чараларды көрүү” деп аталган саясатын да жөнгө салышы зарыл деген ойдо.

- Азыр интернет аркылуу мыйзамсыз нерселерди кылгандар үчүн жаза көрүлгөн эмес. Ошондуктан алар бейкапар. Колдонуучулар социалдык тармактардагы мыйзамсыз аракеттери үчүн жазаланбайт. Ал эми социалдык медиа компаниялардын колунан болгону анын баракчасын өчүрүп салуу гана келет. Бул баарына ыңгайлуу, эч ким утпай турган, бирок баары жеңиле турган компромисс.

Фейсбук Ларосси Аббалланын окуясынан кийин түз ободогу видеолорду көзөмөлдөөдө алар “мурда болуп көрбөгөн кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын” мойнуна алды. Ал эми Твиттер болсо “интернеттен террористтик мазмунду аныктай турган алгоритм жок” экендигин айтып чыкты. Ошентсе да үчөө тең арыздарды карап, террористтик мазмуну камтылган материалдарды талдоочу атайын бөлүмдөгү кызматкерлердин санын көбөйткөндүгүн белгиледи.

Лондондун Интернет биржа кызматынын жетекчиси Мартин Хаттинин айтымында, азыркы учурда интернет мейкиндигинде терроризм менен күрөшүү кыйынга турат. Себеби жазылган нерсенин канчалык кооптуу, радикалдуу экенин адам гана туюп биле алат.

- Дүйнөдө эч качан жаманды жакшыдан айырмалай ала турган программа болушу мүмкүн эмес. Баамдап билүү, өкүм чыгаруу жөндөмү адам баласына гана берилген. Биз социалдык платформалар өздөрү адамдар жазган нерселердин мазмунун иреттейт деп үмүт кылсак жаңылышабыз. Биз үмүттөнө турган эң эле чоң жетишкендик - бул программа социалдык тармактарды терс максатта колдонуп жүргөн адамдардын баракчаларын тез арада өчүрүп салышы. Биздин колубуздан келе турган нерселерге реалдуу карашыбыз керек.

Кыргызстанда да жыл сайын 15-20 экстремисттик деп табылган ар кандай сайттар жабылат. Анткен менен социалдык платформалар аркылуу экстремисттик топтор адамдарды радикалдуу кадамдарга үндөп, өздөрүнүн катарына тартуу аракеттерин көрүп келет.

XS
SM
MD
LG