Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:53
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.
Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарова.

Кыргызстан спортчуларын тосуп алды

Кыргызстандыктар XXXII жайкы Олимпиададан кайткан спортчуларды тосуп алышты.

Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.

Кыргызстан эки күмүш, бир коло медал утуп алды.

XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Паралимпиада оюндары 24-августта башталып, 5-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандан 16 кыргыз спортчусу Токиодогу оюндарга катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн 5, грек-рим күрөш боюнча 4, жеңил атлетикадан 2, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.

Олимпиада оюндары Токиого 67 жылдан кийин кайтып келди. Олимп оюндарына дүйнөнүн 207 өлкөсүнөн 11300 спортчу катышууда. Спорттун 33 түрү боюнча 339 медалдар топтому ойнотулат. Токио оюндарына катышып жаткан кыз-келиндер 48,8% түздү.

Олимпиада 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтүшү керек эле. Эл аралык олимпиада комитети COVID-19 пандемиясынан улам бир жылга жылдырган.

Токио Олимпиадасынын программасына спорттун беш жаңы түрү: бейсбол менен софтбол, каратэ, серфинг, аскага чыгуу жана скейтбординг кирди.

Акжол - Олимпиаданын финалына чыккан кыргызстандык экинчи спортчу

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.

Акжол - Олимпиаданын финалына чыккан экинчи спортчу

Акжол Махмудов жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.
1/13 Акжол Махмудов жана грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын ага машыктыруучусу Улукбек Карачолоков.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Махмудов эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыргыз спортчусу болуп калды. Буга чейин 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн Олимп оюндарынын финалына балбан Канат Бегалиев чыгып, күмүш байге уткан.&nbsp;<br />
&nbsp;
2/13 Махмудов эгемен Кыргызстандын тарыхында олимпиаданын финалына чыккан экинчи кыргыз спортчусу болуп калды. Буга чейин 2008-жылы Кытайдын Бээжин шаарында өткөн Олимп оюндарынын финалына балбан Канат Бегалиев чыгып, күмүш байге уткан. 
 
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Акжол Махмудов өзүнүн ыкмасын жасап, атаандашын жерден толук көтөрүп, кайра жерге чаап жатат.
3/13 Акжол Махмудов өзүнүн ыкмасын жасап, атаандашын жерден толук көтөрүп, кайра жерге чаап жатат.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Армениялык атаандашы Карапет Чальянды менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта жарым финалда күрөшүп жатат.
4/13 Армениялык атаандашы Карапет Чальянды менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта жарым финалда күрөшүп жатат.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Беттештин 1-айлампасында алгач бир упайды армян балбаны алды. Андан соң Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирди.
5/13 Беттештин 1-айлампасында алгач бир упайды армян балбаны алды. Андан соң Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирди.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
2-айлампада армениялык спортчу бир упай алганга үлгүрүп, Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары эсепти өзгөртпөй сактап калды.
6/13 2-айлампада армениялык спортчу бир упай алганга үлгүрүп, Махмудов артыкчылыгын бекемдеп, андан ары эсепти өзгөртпөй сактап калды.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген.
7/13 Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
<p>Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).</p>

<p>&nbsp;</p>
8/13

Акжол Махмудов 22 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж).

Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
9/13

Акжол жеңишине кубанып жатат.
10/13 Акжол жеңишине кубанып жатат.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.
11/13 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды. Ушул эле жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медал тагынган.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Акжол олимпиаданын алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.​
12/13 Акжол олимпиаданын алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.​
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Акжол 18 жашында Азия чемпиону болгон.
13/13 Акжол 18 жашында Азия чемпиону болгон.
Токиодо өтүп жаткан XXXII Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Артка
Алдыга

Акжол Махмудов жарым финалдык беттештен кийин "Азаттыкка" оюн билдирди. Аны басылманын казак кызматынын журналисти Руслан Меделбек алды.

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта кыргызстандык Акжол Махмудов армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалдык таймашка жолдомо алды.

Беттештин 1-айлампасында алгач бир упайды армян балбаны алды. Андан соң Махмудов катары менен упайларды алып, эсепти 6:1ге жеткирди. 2-айлампада армениялык бир упай алганга үлгүрүп, Махмудов артыкчылыгын бекемдеп андан ары эсепти өзгөртпөй сактап калды.

Махмудов буга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач тунистик Ламьед Маафини 11:0 эсеби менен уткан. Чейрек финалда азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсеби менен жеңген. Алдыда алтын байге үчүн венгриялык Таман Лоринц менен күрөшөт. Финалдык таймаш 3-августта Бишкек убактысы боюнча саат 15:15те башталат.

Токиодогу Олимпиадада 3-августта күч сынаша турган кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азизбековдун алгачкы атаандаштары аныкталды.

68 килограмм салмактагы Айсулуу Тыныбекова биринчи латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет. Тыныбекова бул атаандашы менен былтыр декабрда Сербияда өткөн Дүйнөлүк кубоктун финалында таймашып, 14:0 эсебинде утуп алган.

87 килограмм салмакта чыга турган кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшөт.

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбандар 1-августтан баштап күрөшө баштады.

Бүгүн, 2-августта 15:00дөн кийин эркин күрөш боюнча 68 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күч сынашат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG