Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:24

Трамп Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине санкция салды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү. 4-март. 2020-жыл. Кундуз провинциясы.
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү. 4-март. 2020-жыл. Кундуз провинциясы.

АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы ыктымал аскердик кылмыштарга америкалык жоокерлердин тиешесин иликтеп жаткан Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун кызматкерлерине экономикалык санкцияларды караган буйрукка кол койду.

Буйрукка кол коюлгандан кийин мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтон «кенгуру сотунун» америкалыктарды коркутуусуна жол бербестигин айтты.

Ал эми башкы прокурор Билл Барр «Орусия сыяктуу чет элдик державалар» өз кызыкчылыктарын көздөп, Гаагадагы соттун үстүнөн манипуляция жасап жатканын билдирди.

Эл аралык кылмыш соту 2002-жылы Рим келишиминин негизинде түзүлгөн. Кошмо Штаттар ал макулдашууну ратификациялаган эмес.

Гаагадагы сот геноцидге, аскердик кылмыштарга, адамзатка каршы кылмыштарга, аскердик агрессияга шек саналган адамдардын кылмыштарын иликтейт.

XS
SM
MD
LG