Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Кримтөбөл казак кыздын өлүмүнө депутатты айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркияда эки жыл мурун табышмактуу жагдайда каза тапкан казакстандык Элдана Кахармандын өлүмүнүн жаңы өңүтү талкууга жем таштады. Чет өлкөдө бозгунда жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн анабашы 21 жаштагы кыздын өлүмүнө бийликтеги партиянын депутаты Толга Агар күнөөлүү экенин жар салды.

Мындан үч жыл мурун Түркиянын Элазыг шаарындагы Фырат университетинин журналистика факультетинде окуган казакстандык Элдана Кахарман батиринде муунуп каза болгону кабарланган. 21 жаштагы студент кыз Элазыгдагы менчик телеканалда иштеп, "Ютубда" видеоблог тартчу.

2019-жылдын 28-мартында кыз иштеген "Канал-23" телеканалы "Сүйүктүү кесиптешибиз Элдана Кахарман бүгүн эртең менен үйүндө каза болду" деген маалымат тараткан.

Казакстандык кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши ачылбаганы менен социалдык тармактарда кызуу талкуу көпкө токтогон эмес. Талкууларда "Кахарман буга чейин ыдык көргөнүн, өлөрдөн бир күн мурун зордукталганын, мындан улам өз жанын кыйганы" айтылган. Бирок быйыл март айында соттун чечими менен Интернетте маркумдун атын колдонуп, талкуу жараткан билдирүүлөргө тыюу салынган болчу.

6-майда түркиялык кримтөбөл, ушул тапта четте бозгунда жүргөн Седат Пекер "Ютуб" каналында видео жарыялап, анда студент кыздын өлүмүнө бийликтеги АК партиянын депутаты Толга Агар (Tolga Ağar) күнөөлүү экенин айтып чыкты.

"Толга Агардын кыргыз же казак улутунда сүйлөшкөн кызы болгон. Ал кыз " Толга Агар мени зордуктады" деп арыз жазган. Кийин ал кызды тик учак менен алып кетишет. Эртеси күнү кыздын сөөгү табылат. Ал жакта байкуш кыз өлдү, бирок эч ким оозун ачкан жок", - деди Пекер.

Бул дооматка байланыштуу биринчи билдирүүнү түрк полициясынын башкы башкармалыгы жарыялады. Мекеменин сайтындагы билдирүүдө Кахарманды эч кандай тик учак алып кетпегени айтылат.

"Уюшкан кылмыштуу топтун лидери жана чет өлкөдө бозгунда жүргөн С.П. аттуу жаран 2021-жылдын 6-майында социалдык тармактарда жана айрым сайттарда жарыялаган видеолордо "кыргыз же казак улутундагы Элдана Кахарман аттуу аял полицияга барып, Толга Агарга каршы арыз жазды, кийин ал аялды тик учак менен алып кетишти, ал эми эртеси анын сөөгү табылды" деп билдирди. Элдана Кахармандын полицияга кайрылганы жана тик учак менен алынып кеткени эч кандай чындыкка дал келбейт".

Түрк полициясынын башкы командачылыгы, ошондой эле Түркиянын Ички иштер министрлиги айыптоолорду "жалаа жана куру доомат" деп сыпаттады.

Ал арада депутат Толга Агар билдирүү жасап, казакстандык кыздын өлүмү боюнча сот жараяны аяктаганын айтты. Агар "Твиттердеги" баракчасында "чет өлкөдө издөөдө жүргөн кылмыштуу уюмдун мүчөсү С.П. аттуу адамдын мага жапкан жалаасын кескин түрдө четке кагам" деп жазды.

Анын билдирүүсүн утурлай Элазыг шаарынын Башкы прокуратурасы Элдана Кахарман муунуп каза болгонун билдирди.

"Окуяга байланыштуу Башкы прокуратура иликтеген кылмыш ишинин натыйжасында, экспертиза жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү боюнча каза болгон Э.К. муунуп өлгөнү, маркумду өз жанын кыюуга түрткөн же көмөкчү болгон эч ким болбогону аныкталган. 2019-жылдын 16-октябрында кимдир бирөөнү сот жообуна тартуунун кажети жок деген чечим кабыл алынган" деп жазылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги каргашалуу окуя боюнча Элдана Кахармандын туугандары маалымат берүүдөн баш тартканын билдирген.

Седат Пекердин "Инстаграмдагы" баракчасы.
Седат Пекердин "Инстаграмдагы" баракчасы.

"Уюшкан кылмыштуу уюм түзгөн" деген айыпталган түркиялык кримтөбөл Седат Пекер буга чейин ушул эле берене менен соттолгон. Ал 2014-жылы абактан чыккан.

Быйыл апрелде Седат Пекер баш болгон 63 адамга каршы атайын операция уюштурулуп, Стамбул, Анкара, Кожаели, Трабзон жана Хатай шаарларында 121 даректе тинтүү жүргүзүлүп, ондогон шектүү адам кармалган.

Тергөөнүн алкагында Пекер баш болгон 63 кишиге "кылмыш жасоо үчүн уюм түзүү", "талап-тоноо", "опузалоо", "пара алуу" жана "коркутуу" сыяктуу бир катар оор кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Чет өлкөдө экени аныкталган Седат Пекерге түрк полициясы эл аралык издөө салган. Айрым божомолдорго караганда Пекер учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарында жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG