Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Тунисте кымбатчылык элди көчөгө чыгарды


Тунистеги нааразылык акциялары. 9-январь, 2018-жыл
Тунистеги нааразылык акциялары. 9-январь, 2018-жыл

Тунисте өкмөткө каршы нааразылык толкундоолоруна төрт күнгө аяк басты. Бийликтин жаңы жылдагы экономикалык саясатына эл күнү да, түнү да каршылыгын токтото элек. Полиция менен кагылышууда бир адам өлүп, ондогону кармалды.

Айрым жерлерде кагылышуу учурунда полиция жаш агызчу газ колдонду. Анын айынан башкалаага жакын Тебурба шаарында бир киши өлгөнү расмий кабарланды.

Көчө жүрүштөрү түнкүсүн да уланууда.
Көчө жүрүштөрү түнкүсүн да уланууда.

Турмуш кыйынчылыгы, жаңы жылдан тарта бензиндин кымбатташы, автоунаа, телефондук сүйлөшүү жана интернет салыгынын көтөрүлүшү жыйырмадан ашуун шаарда элди көчөгө чыгарды:

- Көйгөй - өкмөттүн мамлекетти башкарганды билбегенинде. Президент да, анын айланасындагылар да коррупцияга баткан. Эмне үчүн алар 10 миң евро айлыктарын азайтышпайт? Жашоого керектүүнүн баары кымбаттады. Тапканыбыз болгону 120 евро.

- Бийлик киреше салыгын бир пайыз көтөрдү. Эгер жакыр үй-бүлөнүн атасы айына 10 тунис динарынан ажыраса, ал анда алты же сегиз литр сүт сатып ала албай калат дегенди билдирет, – деп "Рейтер" агенттигинин кабарчысына түнү да көчө жүрүшүнө чыккандар сүйлөп беришти.

Тунистеги көчө жүрүштөрү. 9-январь, 2018-жыл
Тунистеги көчө жүрүштөрү. 9-январь, 2018-жыл

Полиция 237 кишини кармаганы маалым болду. Алар полиция бөлүмдөрүнө, өкмөт имараттарына чабуулга, вандализмге жана талап-тоноочулукка айыпталууда.

Полицияга таш аткандан тышкары түнкүсүн айрым шаарларда талап-тоноочулук да болуп кеткен эле. Нааразылыкка чыккан “Мен кечирбейм” аттуу уюмдун өкүлү, жарандык активист Сами Бенгази муну сынга алды:

- Биз кечээ көргөн зомбулукту, дүкөн чакмайды жана жеке турак жайга кол салуу сыяктууларды, албетте, актаганга болбойт. Бирок муну тунистиктердин көптөгөн жылдан берки жакырлануусу менен ачарчылыктын жыйынтыгы катары караса болот.

Оппозициядагы “Элдик фронт” партиясы өкмөттүн адилетсиз чаралары жакыр жана орто катмарга оор тийгенин билдирип, каршылыкты уланта берүүгө чакырууда.

Тунистеги көчө жүрүштөрүнө көзөмөл салган полиция кызматкерлери. 9-январь, 2018-жыл
Тунистеги көчө жүрүштөрүнө көзөмөл салган полиция кызматкерлери. 9-январь, 2018-жыл

Тунис “араб жазы” аталган 2011-жылкы толкундоолордон кийин демократия жаатында ийгиликке жеткен жалгыз өлкө катары каралат. Андан бери тогуз өкмөт алмашты. Бирок өлкөдө экономикалык жагдай жакшырган жок.

Өткөн жылдын аягында өкмөт Эл аралык валюта корунун 2,8 млрд долларлык төрт жылдык кредит программасына макул болгон. Бул үчүн элге жакпаса да айрым экономикалык реформаларга баруу милдетин алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG