Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Тунистеги теракт туристтерди үркүттү


Тунисте 26-июнда болгон теракттын кесептинен өлкө быйыл 500 миллион доллар жоготууга учурайт. Өткөн жума күнү куралчан адамдар Сусс курортундагы отелдин жээгинде туш келди ок атып, 39 киши мерт кеткен.

Теракттан кийин Тунистин отелдериндеги коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бийликтин туристтерди тынчтантууга жасаган аракетине карабастан, эс алуучулар массалык түрдө Тунистен чыгып кетишүүдө.

Тунистин туризм министри Сальма Луими бул чабуул экономика үчүн болуп көрбөгөндөй катастрофа экенин белгиледи. Ал 30-июнда жасаган билдирүүсүндө өлкө быйыл бери дегенде 500 миллион доллар жоготууга учурайт деп айтты.

26-июндагы чабуулду жалгыз адам жасаган. Ал конок үйүнө эс алуучу катары келген. Күбөлөрдүн айтымында, террорист Калашников автоматын күндөн калкалоочу чатырчанын алдында катып жүргөн экен.

Германиядан келип, эс алып жүргөн Катрина дагы эле өзүнө келе албай жатканын айтып, кандуу каргашаны эскерди:

- Биз суу жээгинде эс алып жатканбыз, тим эле бейиштегидей кооз, сонун болчу. Бир убакта эле тарсылдаган үндөр чыга баштады, биз фейерверк атылып жатабы деп эки жакты карадык. Бир убакта эле баары качып жөнөштү. "Kачкыла!” деп кыйкырып жатышты.

Күбөлөрдүн бири Андреaс ​"Ал алгач суу жээгинде ок чыгарды, андан соң бассейн жакка жөнөдү. Бир адам менин көз алдымда көз жумду, дагы бир аялдын бутуна ок тийди" - деп эскерет.

Террорист алгач жээкте эс алып жаткандарды көздөй туш келди ок чыгарып, андан соң Imperial Marhaba отелинин бассейнин көздөй багыт алып, ал жактан да ок аткан. Кийин ал коопсуздук кызматкерлери менен болгон атышууда жок кылынды. Мерт болгондордун көбү Британиянын жана Германиянын жарандары эле. Бир орус жараны каза тапканын дүйшөмбүдө Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тастыктады. Хоменко аттуу айым кызы экөө жээкте эс алып жүргөн жеринен ийнине ок тийген, жарадар болгон кызына операция жасалды.

Тунис бийликтеринин маалыматына ылайык, кол салган адам Сейфеддин Резги аттуу 23 жаштагы студент болгон. Тунистин Ички иштер министрлиги бул адам мурда атайын кызматтарга белгисиз болгонун жана радикализмге шектүү адамдардын бир да тизмесинде жок экенин билдирди.

Жээктегилерге ок чыгарган деп шектелген Сейфеддин Резги
Жээктегилерге ок чыгарган деп шектелген Сейфеддин Резги

26-июнда болгон Сусстагы каргаша Тунистин жаңы тарыхындагы эң кайгылуу окуя болуп калды. Бул чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикалдык тобу өзүнө алды. Экстремисттик топ өзүнүн интернеттеги социалдык баракчасына Сейфеддиндин сүрөтүн чыгарып, алдына “Халифаттын жоокери” деп жазып койгон.

Тунистин премьер-министри Хабиб Ессид кандуу окуядан соң атайын билдирүү жасап, коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн билдирип, зомбулукту жайылтууга салым кошуп жаткан өлкөдөгү 80 мечит жабыларын айтты:

- Бир аптанын ичинде мыйзамдуу жол менен биз сексендей мечитти жабабыз. Мындай чечимди өкмөт кабыл алды жана Ички иштер министрлиги баш болгон тиешелүү мекемелерге тапшырылды. Мыйзамга баш ийбеген мечиттердин Тунисте болушу - акылга сыйбайт.

Ушул эле жылдын март айында Тунистин ортосунда жайгашкан “Бардо” музейине жасалган согушкерлердин чабуулунан 22 адам өлгөн. Алардын да көбү туристтер болгон. Марттагы окуядан сон Тунисте терроризмге каршы чоң акция өткөн. Ага дүйнө лидерлеринен Франция президенти Франсуа Олланд жана Италия премьер-министри Меттео Ренци да катышкан.

Тунис 2011-жылы "Араб жазы" деп аталган козголоңдон кийин демократиялык моделди тандаган. Өлкөгө болжол менен жылына алты миллиондон ашык турист келет, анын басымдуу бөлүгү европалыктар.

XS
SM
MD
LG