Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Анкарадагы жардырууда 30дан ашуун киши набыт болду


Анкарада жардыруу болгон жер. 13-март, 2016
Анкарада жардыруу болгон жер. 13-март, 2016

Анкаранын борбордук районунда болгон жардыруудан набыт кеткендердин саны 37ге жетти. Жарадарлардын саны 125 адам экени кабарланды.

Түркиянын баш калаасы Анкарада жекшембинин кечинде болгон жардыруудан 37 киши набыт кеткени кабарланды. Түркиянын саламаттык сактоо министри Мехмет Мүззиноглу 30 киши жардыруу болгон жерде, дагы төртөө ооруканага бараткан жолдо жан бергенин билдирди. Соңку маалыматка караганда жарадарлардын саны 125ке жетти.

ТRT-World TV каналы тараткан маалыматка ылайык, жардыруу бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан Гувенпарк районунда болду.

Күбөлөрдүн айтымында, Ататүрк бульварындагы вокзалдын аймагында машинелер менен автобустар өрттөнүп, ал жакка тынбай тез жардам унаалары каттап жатат.

Жергиликтүү телеканалдар бомба коюлган машине автобусту сүзүп жарылганын кабарлашууда. Айрымдар жардыруудан соң атышуунун үнү да угулганын айтып жатышат.

Ал тапта премьер-министр Ахмет Давутоглу коопсуздук органдарынын башчыларын жана министрлер кабинетин шашылыш жыйынга чогултту. Стамбулда жүргөн президент Режеп Тайип Эрдоган шашылыш Анкарага жолго чыкканы кабарланды.

Анкарада катуу жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Жергиликтүү бийлик окуяны теракт деп атап, бир ай мурда Анкарада болгон кандуу окуяга окшоштугун айтууда. Ал тапта түрк бийликтери Анкарадагы жардырууну маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди. Бул тууралуу Түркиянын Телерадио боюнча жогорку кеңеши билдирди. Чектөөгө ылайык, кандуу окуяны түз ободо чагылдырууга, курман жана жарадар болгондорду көрсөтүүгө тыюу салынат.

Андан тышкары Түркиянын баш калаасында Фейсбук жана Твиттер сыяктуу социалдык тармактар ачылбай жатканы маалым болду.

17-февралда Анкаранын чок ортосунда уюштурулган теракттан 29 адам набыт кеткен. 60тан ашуун киши жарадар болгон. Жоопкерчиликти "Шумкарлар Күрдистандын эркиндиги үчүн" (ТАК) тобу мойнуна алган. Жардыруу президент Эрдогандын Түркиянын түштүк-чыгышындагы күрттөрдү кысмактаган саясатына жооп иретинде жасалганы жана аны Түркиянын 26 жаштагы жараны жанкечтилик менен ишке ашырганы белгиленген. Ошондой эле мындай аракеттер дагы уланары эскертилген коркутуулар айтылган.

XS
SM
MD
LG