Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Анкара жардырууну күрттөрдөн көрдү


Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглы, президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Башкы штабдын кол башчысы Хулуси Акар каза тапкандарды эскерүү учурунда. Анкара, 18-февраль, 2016-жыл
Түрк премьер-министри Ахмед Давутоглы, президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Башкы штабдын кол башчысы Хулуси Акар каза тапкандарды эскерүү учурунда. Анкара, 18-февраль, 2016-жыл

28 адамдын өмүрүн алган Анкарадагы жардырууга катыштыгы бар деген шек менен тогуз адам кармалды. Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын айыптады.

28 адамдын өмүрүн алып, 60тан ашуун адам жаракат болгон Анкарадагы жардырууга катыштыгы бар деген шек менен тогуз адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Ахмет Давутоглу билдирди. Ал теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын айыптады.

Өкмөт башчы Ахмет Давутоглу жардырууну уюштурууга жана аткарууга Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарына Күрт жумушчу партиясы көмөктөшкөн деп эсептейт. Давутоглу бул жардыруудан кийин Түркиянын союздаштары уюмга каршы күрөштө биригет деген ишеничте. Анын айтымында, набыт болгон 28 адамдын 26сы аскер кызматкери болгон.

- Биз бардык чогултулган маалыматтарды БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү менен бөлүшүп турабыз. Биринчи кезекте андай маалыматтарды Сириядагы күрт партиясынын кошуундарын - ИПГны террорчул уюм деп тааныбай жаткандарга беребиз. Биз ар тараптуу кызматташтыкты күтөбүз.

Калаба болгон жерге келген Түркиядагы ири оппозициячыл Элдик-республикачыл партиясынын төрага орун басары Вели Агбаба жардыруу үчүн өкмөт да жоопкер экенин белгиледи:

- Окуя эң катуу кайтарыла турган жерде болду. Коопсуздук үчүн жоопкер адамдар жазаланышы керек. Биз мындай чабуулдардын канчасын көрдүк? Эч ким жазаланган жок. Биз өз алсыздыгыбыз үчүн жооп беришибиз керек, - деп билдирди түркиялык оппозициячыл саясатчы.

Жардырууну Кошмо Штаттар да кескин сынга алды. АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин өкүлү Нед Прайс “Биздин ишеничтүү өнөктөшүбүз жана НАТО боюнча союздашыбыз Түркияга биз жөлөк-таяк болуп турабыз” деген пикирин айтты.

Күрттөргө сокку уруу уланды

Ал тапта Түркия Ирактын түндүгүндөгү Күрт жумушчу партиясынын болжолдуу уюктарына абадан сокку урууну улантты. Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарадагы жардырууну уюштургандардан сөзсүз өч аларын эскерткен.

Күрттөр Түркиядагы 80 миллиондой калктын 20% жакынын түзөт. Ошондой эле күрттөр Сириянын жана Ирактын Түркия менен чек аралаш аймактарын да байырлашат. Маалыматтарда Сирияда алардын саны 2 миллион, Иракта 5 миллиондой күрт бар.

Анкаранын жайкын тургундары терактты уюштурууга бөтөн өлкөлөр колкабыш кылган деп санашат. Маселен, анкаралык Абдуррахман Озер:

- Бул биздин мамлекетке каршы чет өлкөлөлүк державалардын оюну. Эч ким кимдир бирөөнү сындай албайт. Биз тескерсинче, эми биригишибиз керек. Мен аябай капамын, - деди.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Ал эми мамлекеттик "Ени Сафак" гезити жардырууну уюштурган жанкечти Түркияга Сириядан качкын катары кирген Салих Несар аттуу жаран экенин жазды. Анын тек-жайы бомба коюлган унаада калган манжаларынын издери аркылуу аныкталган.

Анкарадагы жардыруудан кийин
Анкарада жардыруу болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Анкарадагы кыргызстандыктар аман-эсен

Түркиянын борбору Анкара шаарында консулдук каттоодо турган кыргызстандыктардын саны 1200дөн ашуун. Ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча үч миңге чамалап барат.

Анкарадагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган эмес. Калаба болгон жерден төрт-беш чакырым аралыкта жашап, иштеген кыргызстандык Урият Ташматова “Азаттыкка” катуу үн чыкканда эле жардыруу болду деп коркушканын айтып берди:

- Кечке жуук болуп калган. Үйдөгү жумуштар менен алектенип жаткан болчубуз. Катуу үн чыкты, эки жолу болду окшойт. Артынан эле жер титирегенде тарсылдагандай бир катуу үн келди. Ошондо эле сездик, жардыруу болду окшойт деп. Анткени мындай жардыруулар мурда да болбоду беле. Көпчүлүгү эле жардыруу болду дешиптир.

Анкарадагы аскердик окуу жайда окуган кыргызстандык студенттер да аман-эсен. Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин эксперти Максат Жуманбеков “Азаттыкка” буларды кабарлады:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-февралда Анкарада болгон жардырууда кыргыз жарандары жабыркаган жок. Жараат алгандар да катталган жок. Азыр кыргыз элчилигинин, консулдугунун кызматкерлери түрк бийлиги, күч кызматтары менен байланышып, дагы тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Швециядагы жардыруу

Ушул эле күнү Швециядагы түрктөрдүн маданий борборунда да жардыруу болду. Жергиликтүү полициянын айтымында, окуя кечке маал болгондуктан жабыркагандар болгон жок. Стокгольмдун жака белинде жайгашкан имараттын терезелери күбүлүп, жарымы талкаланып бүлүндү.

Борбордун башчысы Исмаил Зенгиндин айтымында, бомба имараттын ичине ыргытылган.

- Бүгүн түрк бирикмесинин имаратына чабуул жасалды. Бомбаны ким ыргытканы азырынча белгисиз. Ар кандай божомолдор айтылууда. Имараттын басымдуу бөлүгү жабыркады, - деп билдирди Зенгин мырза.

Соңку жарым жылдын ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Өткөн жылдын октябрь айында күрттөрдүн тынч жүрүшү маалында болгон жанкечтилердин кош жардыруусу 100дөй адамдын өмүрүн алган. Ал эми бир ай мурда Стамбулдун чок ортосунда уюштурулган теракттан он киши каза тапкан. Алардын көбү германиялык туристтер болгон. Өткөн жылы октябрда Анкарада болгон дагы бир кош жардыруудан кеминде 95 киши мерт болуп, 186 адам жараат алган эле.

XS
SM
MD
LG