Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Түркия: шайлоодо Эрдогандын АК партиясы жеңди


Президент Эрдоган Стамбулда добуш бергенден кийин. 1-ноябрь, 2015-жыл
Президент Эрдоган Стамбулда добуш бергенден кийин. 1-ноябрь, 2015-жыл

Башкаруучу АК партия 550 орундуу парламентте 315 мандатка ээ болду. Эми президенттин партиясы өкмөттү өз алдынча курайт.

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу 1-ноябрда өткөн кезексиз шайлоонун жыйынтыктарын кубаттап, парламенттеги көпчүлүк орунду жеңген “Адилет жана өнүгүү” (АК) партиясы үчүн “жеңиш күнү” деп белгиледи.

Президент Эрдоган түптөгөн АК партия саналган 97% добуштардын 49.69% алып, 550 орундуу парламентте 315 мандатка ээ болду. Эми башкаруучу партия өкмөттү өз алдынча курайт.

Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик Демократиялык партия (HDP) 10.4% добуш алып, июндагы шайлоого караганда 3% добушун жоготту.

Түркиянын түштүгүндө жекшембинин кечинде АК партия жеңишке жеткени билинген соң күрттөр Диярбакырдагы полициянын бекетине таш ыргытып, таштанды салынган челектерди өрттөштү. Полиция чогулгандарды таркатуу үчүн суу бүрктү.

Ал ортодо Түркиядагы негизги оппозициялык Республикалык Элдик партия (CHP) шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына караганда коалициялык өкмөт болбой калганын мойнуна алды.

Соңку беш ай ичинде Түркияда экинчи жолу парламенттик шайлоо өлкөдө коопсуздук, экономикалык кырдаал оорлоп, коом саясий жактан жаатташкан жана этностук ажырым күчөп турган маалга туш келди.

Жекшембиде өткөн кезексиз шайлоо 7-июнда башкаруучу АК партия 2002-жылдан бери биринчи ирет парламенттеги көпчүлүк мандатын жоготуп, бирок башка партиялар менен коалициялык өкмөт кура албаган соң белгиленген.

Коопсуздук жана экономика

Бул шайлоо коңшу Сирияда кандуу жаңжал уланып жаткан маалда өттү. Түркиянын түштүк чыгышында өкмөттүк күчтөр менен Күрттөрдүн жумушчу партиясынын кагылышуулары болду. 10-октябрда Анкара шаарында тынч демонстрация маалында эки жанкечтинин жардыруусунан 100дөн ашуун кишинин набыт кеткени өлкөнү дүрбөлөңгө салды.

Президент Эрдоган болсо Сириянын тыңчылары менен күрт активисттери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен бирге иштешип жатканын, андыктан түрк өкмөтү исламчыл топтун согушкерлерине соккуну күчөтөрүн айткан.

Түрк бийликтери Сирияда күрт күчтөрүнүн өз аймагын улам кеңейтип баратканына тынчсызданып, бул Түркиядагы күрттөрдүн сепаратизмин күчөтүшү мүмкүн деп кооптонгон. Ага кошумча согуш талаасынан чыккан эки миллиондон ашуун сириялык качкындардын маселесин чечүү жүгү дагы Анкаранын мойнунда.

Түркиянын 800 миллиард долларлык экономикасынын өсүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 3%га чейин жайлап, улуттук акчасы долларга караганда 20% арзандады.

Эрдоган кезексиз шайлоону АК партиянын жалгыз башкаруусуна кайтып келүү мүмкүнчүлүгү катары баалап, бул өлкөдө туруктуулукту камсыздайт деп ишендирген.

Эрдогандын каршылаштары болсо президент авторитардык тартипти күчөтүп жатканын айыптаса, Батыш өлкөлөрү түрк бийликтерин сөз эркиндигин тепсеп жатканы үчүн сындашат.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча парламентке АК партиядан башка оппозициялык Республикалык Элдик партия (СНР), Улуттук кыймыл партиясы (МНР) жана күрттөрдүн таламын талашкан Элдик Демократиялык партия (HDP) өтөт деп айтылууда.

XS
SM
MD
LG