Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Анкарадагы теракттан кеминде 95 адам өлдү


Анкара. 10-октябрь, 2015-жыл
Анкара. 10-октябрь, 2015-жыл

Анкарада бүгүн борбордук темир жол бекетине жакын жердеги кош жарылуудан кеминде 95 киши мерт кетип, 186 адам жаракат алды

Акыркы маалыматтар боюнча, Анкарада бүгүн борбордук темир жол бекетине жакын жердеги кош жарылуудан акыркы маалыматтар боюнча кеминде 95 киши набыт болуп, 180дей киши ооруканага кайрылды. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мюэззиноглу билдирди.

Түрк бийликтери окуяны жанкечти жасаган теракт деп аташты.

Жардыруу болгон жерде бүгүн солчул партиялар Түркиянын түштүк-чыгышында күч түзүмдөрү менен күрт жикчилеринин ортосундагы куралдуу жаңжалды токтотууга чакырган тынчтык маршын өткөрмөк. Иш-чара токтотулду.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.

Кыргызстандын Түркиядагы консулу Айбек Акаев билдиргендей, Кыргыз элчилиги Анкара шаарындагы полиция менен кабарлашып, саат сайын маалымат алып жатат. Акыркы алынган маалыматтарда жарылуу болгон жерде кыргызстандыктар жок деген жооп келген.

Айбек Акаев кошумчалагандай, учурда Анкарадагы кыргыз коомчулугу менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын негизинде дагы маалыматтар такталмакчы.

Түркиянын борбору Анкара шаарындагы кыргыздар бирикмеси да мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин колго алды. Кыргыз коомунун башчысы Мирбек Жолдошбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Анкарадагы мекендештерге "эл көп чогулган жайлардан алыс болуп, коомдук транспортко түшпөө керек жана метродон жакынкы бир-эки күн аралыгында оолак болгула" деген маалыматтарды жеткирүү иштери жүрүүдө.

Анкарада болгон жардыруу профсоюздук уюмдардын терроризмге каршы митингинде борбордук темир жолдун жанында орун алды. Жолдошбаев бул митингге кыргыздардын тиешеси жок болгондугуна байланыштуу, ал жерде мекендештердин катышуусу дээрлик мүмкүн эместин айтты.

Расмий эмес маалыматтарга ылайык, Анкарада 2 миңге чукул кыргызстандык бар. Алардын дээрлик жарымы Түркиянын окуу жайларында билим алган студенттер.

Анкарадагы жарылуу

Түрк аба күчтөрү 25-июлда Ирактын түштүгүндөгү Күрдистан жумушчу партиясынын базаларына чабуул койгон. Мындан кийин аталган партия Анкара менен эки жыл мурда жетишилген тынчтык бузулганын жарыялаган. Түрк бийлиги Күрдистан жумушчу партиясын сепаратизмге байланыштуу айыптап келет.

Түрк бийлиги менен Күрдистан жумушчу партиясынын жаңжалы 20-июлда Сирия менен чек арага жакын Суруч шаарындагы күрт активисттери уюштурган иш-чара учурундагы жардыруу 32 адамдын өмүрүн алгандан кийин тутанган. Күрттөр муну “Ислам мамлекети” тобунун Түркия бийлиги менен байланышы бар согушкерлери кылган деп шектенип, түрк аскерлерине кол салууларды уюштурган. Андан эки аскер курман болгон. Ошондон кийин Анкара Ирактагы күрттөрдүн жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобунун жайларына абадан сокку ура баштаган.

XS
SM
MD
LG