Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Теракттарга көнүмүш окуядай карабайлы


Стамбул, Түркия
Стамбул, Түркия

Кечээ кечке жуук телефонума “Чукул билдирүү! Ататүрк аэропортунда жардыруу...” өңдүү жүрөк үшүн алган билдирүү келди. Акыркы алты айда мындай билдирүүнү сегизинчи ирет алышым! Сегизинчи ирет курмандыктардын санын санап кабар жаздык, “коопсуз жердемин” деп Фейсбукта билдирүү жасадык, Твиттер жана Инстаграм аркылуу түрк элине көңүл айттык. Дагы бир ирет “Шүгүр, бизге эч нерсе болгон жок” деген ой менен жаттык!

Ооба, бүгүн “бизге” эч нерсе болгон жок. Ал эми эртеңки күнү “алардын” ордунда “биз” болушубуз мүмкүн! Чындыгында мен ар бир жолу үйдөгүлөргө чалып амандыгымды билдирүүдөн, кабатырлануудан, көңүл айтуудан, окуяга тийиштүү жүздөгөн билдирүүлөргө, чалууларга жооп берүүдөн тажадым!

Дүйнөдөгү эң эле коопсуз деп эсептелген Ататүрк аэропортунда болгон жардыруу бир топ сестендирди. Убакыт өткөн сайын курмандыктардын саны 10, 28... деп өсүп жатты! Муну окуя болгон жерден журналисттер көз жаштарына буулуп, түз эфирде айтып жатышты. Ошол эле учурда Твиттер аркылуу бир мүнөт ичинде аэропортто тартылган видеолор, сүрөттөр камтылган 16 миңдей билдирүү жасалды. Арасынан канга боёлгон жаш баланын сүрөтүн көргөндө өзүмдү токтото албай ыйладым.

Аңгычакты Түркиянын радио жана телеберүү кеңеши тарабынан маалымат таркатууга тыюу салынып, интернеттин ылдамдыгы жайлатылды.

Буга карабастан мекендештерден чалуулар, билдирүүлөр келип жатты. “Эртең учмак элем, эми билетиме эмне болот? Аэропорт качан ачылат?” деп сурагандар да болду. Кыжырландым! “Кыргызстандыктар жок бекен? Жардам керек эмеспи?” деп сураган бирөө да жок!

Болбосо бир топ мекендешибиз аэропорттон чыга албай жана жакындары менен кабарлаша албай турган. Кырдаалга тиешелүү эки-үч мекендешибиз менен гана байланышууга мүмкүнчүлүк болду. Алар аркылуу аэропорттогу кыргызстандыктарды бир жерге топтоого, берилчү жардам боюнча маалымат таркатууга аракет кылдык.

Түркияда буга чейин деле жардыруулар болуп келген, бирок мынчалык масштабдуу эмес. 2010-жылдан бери Жакынкы Чыгышта болуп жаткан согуштар, террордук күчтөрдүн көбөйүшү Түркияга да олуттуу таасирин тийгизип жатат. Өзгөчө соңку жылдары өлкөдө коопсуздуктун күчөтүлүшүнө карабастан жардыруу окуялары байма-бай болууда. Акыркы эки жылда эле үч жүзгө чукул кишинин өмүрү кыйылып, миңдей кишини майып кылды. Кечээги окуяда 41 киши набыт болуп, 239 киши жараланды.

Стамбулдагы жардыруунун Франция, Бельгия, Орландодогу окуялардан эч кандай айырмасы жок! Бир киши же миң киши болобу, бардык жерде адамдар террордун курмандыгы болуп жатат. Терроризмдин дини жана улуту жок деген дүйнө коомчулугу ошонун чыныгы маанисин качан түшүнөт же биригүүнүн мезгили келе элекпи?!

Кайдыгер болбойлу! Жардырууларга катардагы көнүмүш окуядай мамиле жасабайлы!

Айпери Сейитбекова, Стамбул

29.06.2016

XS
SM
MD
LG