Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:37

Түркияда мигранттарды текшерүү күч алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Стамбулдагы рейдде мыйзамсыз жүргөн деп табылган 400дөн ашык кишинин арасында кыргызстандыктар бар-жогу аныктала элек. Бирок бул текшерүүлөр кыргызстандык мигранттарды ыңгайсыз абалда калтырды.

Стамбул шаарында төрт жылдан бери жашап, иштеп жаткан Жаңылайдын эмгек визасы эки жыл мурун бүтүп калган. Ал төлөмдөрдүн кымбаттыгынан эмгек визасын кайра жасата албай жүрөт. Стамбулдагы мейманканада иштеген Жаңылай күндө жумуштан үйүнө баратканда көчөдөгү полиция кызматкерлеринин текшерүүсүнөн кооптонорун айтты:

«Азыр Кудай сактасын деп коркуп жүрөм. Полиция кармаган кишилердин баарын депортациялап жатат. Өзгөчө кечинде текшерүү көп болууда. Биз акыркы күндөрү сыртка чыкпаганга аракет кылып жатабыз. Чогуу жашагaн беш кыргыз визалары жок, мыйзaмсыз жүрүшөт. Кудай сактасын деп эле жүрөбүз».

Стамбулдун полициясы 9-мартта шаардын чет элдиктер көп жашаган Фатих районунда рейд жүргүзүп, 818 кишинин документтерин текшерген. 400дөн ашык адам туруктуу каттоодон өтпөгөнү жана визасыз жүргөнү аныкталган.

Түркиянын «Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык Түркияда визасыз жүрүү мөөнөтү өткөн, расмий каттоосу же эмгек визасы болбогон чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылат жана аларга айыппул салынат. 2014-жылы кайра иштелип чыккан бул мыйзам Түркияда чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат алуунун жолдорун жеңилдеткен.

Бирок Стамбулдагы башкы консулдуктун кызматкери Азиз Аданов Түркиянын мыйзамдарына ылайык өлкөдөгү чет элдиктер туруктуу жашоого уруксаты менен иштөөгө тыюу салынганын билдирди:

- Биздин жарандардын көбүнүн туруктуу катталган күбөлүктөрү бар, бирок эмгек визалары жок. Ошол туруктуу жашаганга уруксаты менен деле иштеген кыргыздар арбын. Негизи Түркияда эмгек визасы жок чет элдиктердин иштеши мыйзамсыз. Анткени тийиштүү органдар текшерсе мигрант жоопкерчиликке тартылат. Эгер мыйзамсыз иштегени аныкталып калса укугун коргой албай калабыз. Күч органдары мыйзам бузган чет элдиктерди дароо өлкөдөн чыгарууга мажбур болуп калат.

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги 2019-жылы минималдуу эмгек акыны 2020 лира деп бекиткен. Бул сумма март айындагы доллардын курсу менен 372 долларга айланып калды. Ал эми кыргызстандыктар Түркияда туруктуу жашоого уруксат алуу же эмгек визасын ачтыра турган болсо дээрлик бир айлык маянасын сарптайт.

Стамбул шаарында официант болуп иштеп жүргөн Бекзат мындан эки ай мурун текшерүүлөрдүн бирине кабылып, туруктуу каттоосу болбогондуктан депортацияланган. Анын айтымында, кыргыздар Стамбул шаарынын туристтер көп жүргөн жерлеринде отурукташкандыктан текшерүүгө чанда кабылышат.

- Көбүнчө полиция мигранттарды туристтерге окшотуп көп деле текшере бербейт, - деди ал. - Мыйзамсыз иштеп калганыбыздын бирден бир себеби - виза жасатуу жараянынын кымбаттыгы. Кыргыздар өзгөчө «визанын документтерин топтогонго убакыт, акча кетет» деп жасатпай жүрө беребиз. Айрымдары атайын ортомчу фирмалар аркылуу жасатышат, бирок алардын кызматы да кыйла кымбат. Ошентип отуруп кыргызстандыктар кайдыгер карап, качак болуп иштөөгө мажбур болушат.

Мигранттар боюнча серепчи Женгиз Алтынбаш акыркы жылдары Түркияга агылып жаткан мигранттар көбөйгөндүктөн, Миграция департаментинин иштери аксап жатканын баса белгиледи:

- Виза мөөнөтү бүтүп калса да мыйзамсыз түрдө иштеген чет өлкөлүктөр миңдеп саналат. Акыркы беш жылда Түркиянын ири шаарларына көчүп келген чет өлкөлүк мигранттар көбөйдү. Бул жагдай Миграция департаментинин ишин кыйла татаалдаштырды. Анткени мурун чет өлкөлүктөрдү каттоону Ички иштер министрлиги караса, эми Миграция департаментине өткөн. Өзгөчө виза алуу жараянындагы төлөмдөрдүн жыл сайын кымбатташы да эмгек мигранттарын мыйзамсыз иштөөгө мажбурлап жатат. Албетте, мыйзамсыз иштөө мигранттын өзүнө жана аны ишке алган кишиге да залакасын тийгизет.

Түркияда 2018-жылы 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 383 миңи кыска мөөнөттүк туристтик виза менен иштеп калат. Алардын басымдуу бөлүгүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн иштегени келген мигрант кыз-келиндер түзөт. 2018-жылы Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG