Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:51

Түркияда иштеген кыргыздар көбөйдү


Стамбул, Түркия.
Стамбул, Түркия.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөдө 20 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын тогуз миңден ашыгы гана эмгек визасы менен иштешет. Бул сан өткөн жылга салыштармалуу эки эсе көп.

Мирлан Кожомбаев беш жылдан бери Түркиянын Стамбул шаарында оор унаалардын тетиктерин чыгарган фирманын экспорт бөлүмүндө иштейт. Ал эмгектенген ишканада буга чейин чет өлкөлүк адистер болбогондуктан Мирланга эмгек визасын ачуу узакка созулганын айтты.

- Мигранттарга иштей турган фирмабыздын абалы олуттуу мааниге ээ деп ойлойм. Биринчи жылы виза алуу бир аз кыйын болду. Анткени мен иштеген фирманын мага чейин чет өлкөлүк адистер менен тажрыйбасы болбоптур. Алгач бир жылга, анан эки жылга, эми жакында эле үч жылга эмгек визасын алдым.

Мирлан Кожомбаев учурда үч жылдык виза менен иштейт. Ал керектүү документтерди өзү даярдап, Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлигине жөнөткөндөн кийин ошол заматта жообу келген. Бирок ошондой эле тартип менен эмгек визасына документтерин жөнөткөн Гүлмира министрликтен эч кандай жооп ала албай жүрөт. Гүлмира алты ай мурун Стамбул шаарындагы жеке менчик туризм фирмасына котормочу болуп ишке киргенин айтты:

- Мен визамды ала элекмин. Документтеримдин баарын мен иштеген фирма тапшырган. Бирок жообу белгисиз. Мен барып сурасам "негизи дароо эле жооп бериши керек эле, эмнеге жооп келбей жатканын билбейбиз" дешти. Ошону менен мен дагы күтүп отурам.

Түркиянын Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министрлиги 2017-жылы 87 миңге жакын чет өлкөлүк мигрантка эмгек визасын берген. Эң көп Сирия, Грузия жана Кыргызстандын жарандары виза алышкан. Түркиянын Анталия шаарында ишмердүүлүк кылган "Ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер” коомунун жетекчиси Себих Чайлак мигранттардын виза алуу жараяны боюнча айрым жагдайларга токтолду:

Себих Чайлак- "Ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер” коомунун жетекчиси.
Себих Чайлак- "Ишке орноштуруу боюнча жеке агенттиктер” коомунун жетекчиси.

- Эмгек визасына тапшыруу негизи эле өтө кылдааттыкты талап кылат. Министрлик мигранттын иштеген фирмасынын ишмердүүлүгүн, мигранттын кесибин жана өздүк маалыматын тыкыр карап чыгат. Эгер иш берген мекеме же киши документтерди талаптагыдай кынтыксыз даярдаса виза тез эле чыгат. Тапшырылган документтер 20-30 күндүн ичинде каралып чыгат.

Түркияда расмий эмгек виза менен иштеп жаткан тогуз миңден ашык кыргызстандык катталган. Бул сан өткөн жылга салыштармалуу эки эсе өскөн. Айрым кыргыздар дарыгер, мугалим, менеджер сыяктуу кесиптерди аркалашат. Ал эми Түркияда эмгек визасы менен иштеген кыргыз мигранттардын дээрлиги туристтик аймактардагы мейманканаларда иштешет.

Мигранттар боюнча серепчи Мурат Эршахин Түркиядагы мигранттардын санынын өсүшү боюнча кеңири маалымат берди.

Мурат Эршахин мигранттар менен.
Мурат Эршахин мигранттар менен.

- Түркияда акыркы жылдары мигранттардын саны кескин өстү. Мунун бирден бир себеби жумушчу орундарын көбөйүшү болду. Ошондой эле мигранттарды тыкыр текшерүү мыйзамдуу эмгек визасы менен иштегенге түрткү болуп жатат. Эң маанилүүсү, акыркы жылдары Түркиянын Анталия, Бодрум, Измир сыяктуу туристтик аймактарында кыргыз мигранттар абдан көп иштешет. Мейманканалардын дээрлиги атайын келишим менен мигранттарга эмгек визасын ачтырып, мыйзамдуу иштеткендерин көрдүм. Кийинки жылдары Түркиядагы кыргыз мигранттардын саны дагы көбөйөт деген божомолдор бар.

Эл аралык эмгек мыйзамынын 6-беренесине ылайык Түркияда мигранттарга эмгек визасыз иштөөгө тыюу салынган. Ошондой эле бул беренеде Түркияда чет өлкөлүктөрдүн иштөөсүнө тыюу салынган айрым кесиптер камтылган. Алар: тиш догдур, фармацевт, оорукана мүдүрү, адвокат, нотариус, коопсуздук жана бажы кызматкерлери.

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинде 20 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Негизинен Стамбул, Анкара, Анталия, Измир сыяктуу чоң шаарларда жашап эмгектенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG